13-сентябрда Орусиянын Манчиха айылындагы токойдо козу карын терип жүргөн тургун иттин улуган үнүнөн улам ага жакын барып, жансыз адамдын денесин көргөн. Муну укук коргоо органдарына кабарлаган. Изилдөөдө билингендей, 30 жаштагы маркум 5-сентябрь күнү өзүнүн Нива унаасына досун, итин салып аңчылыкка кеткен. Эки дос чатакташа кетип, айдоочуну жанындагы досу бир канча ирет бычак менен сайып, талаага таштап кеткен. Ал эми маркумдун ити 10 күн бою кожоюнунун денесин эч жакка кетпей кайтарып жаткан.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg