Учурда базардан каалаган жашылчаларды табууга болот жана баасы да чөнтөккө туура келет. Ал эми кышкысын аларды издегенден тышкары көп акча коротуу керек. Андыктан витаминдерди банкаларга сактап калууга жетишиңиз.
ПОМИДОР ШИРЕСИНДЕГИ КАЛЕМПИР
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Болгар калемпири – 5 килограмм (салаттын өңү жакшы көрүнүүсү үчүн сары, кызыл, жашыл түстөрүнөн алыңыз)
Помидор – 2,5 килограмм
Кумшекер – 130 грамм
Уксус (9%) – 200 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Туз – 2 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Помидорлордун үстүнө кайнаган суу куюп, кабыгын аарчып алуу керек. Анан эт туурагычтан өткөрөбүз.
2. Калемпирлерди узунунан чоң кылып туурайбыз.
3. Помидор ширесин отко коюп, 15 мүнөт кайнатабыз.
4. Бул убакта өзүнчө идишке маринадды даярдайбыз: Уксус, кумшекер, май, тузду салып, бир кайнатып алабыз.
5. Маринадды кайнаган ширенин үстүнө кошуп, баары толук кайнап чыкканча күтөбүз. Эми үстүнө болгар калемпирин кошуп, дагы 7 мүнөт кайнатуу керек.
6. Бууланган банкаларга куюп, оозун бекитебиз.
Эскертүү! Болгар калемпиринин ордуна бадыраң же капустаны колдонсоңуз болот.
КЫЗЫЛЧА ЖАНА САБИЗДЕН САЛАТ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Кызылча – 2 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Пияз – 1 килограмм
Кумшекер – 100 грамм
Уксус (9%) – 200 грамм
Өсүмдүк майы – 250 грамм
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Болгар калемпирин узунунан, жоонураак кесебиз.
2. Пияз чоң-чоң төрт чарчы (кубик) түрүндө тууралат.
3. Кызылча жана сабизди сүргүчтөн (чоң көздүү) өткөрөбүз.
4. Чоң идишке майды куюп, үстүнө тууралган жашылчаларды салып, жай отко коёбуз.
5. Маринадды даярдайбыз: Уксус менен туз, кумшекерди бир идишке салып, аралаштырып борк эткизе кайнатып алабыз.
6. Маринадды толук бир кайнап чыккан жашылчалардын үстүнө куюп, чогуу дагы 30 мүнөт жай отко коёбуз.
7. Алдын ала бууланган банкага салатты салып, капкагын бекитебиз.
БАДЫРАҢ, ПИЯЗ ЖАНА САБИЗДЕН САЛАТ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Бадыраң (орточолору) – 1 килограмм
Пияз – 4 даана
Сабиз – 4 даана
Сарымсак – 1 баш
Укроп – 1 боо
Уксус (9%) – 200 грамм
Кумшекер – 2 аш кашык
Суу (маринад үчүн) – 1 литр
Туз – 2 аш кашык
Тоголок кара мурч, лавр жалбырагы
Даярдоо ыкмасы:
1. Пияз, бадыраңдарды шакекче, сарымсакты узун, ичке туурап, ар бирин өзүнчө идишке салабыз.
2. Сабизди сүргүчтөн (чоң көздүү) өткөрөбүз.
3. Бууланган банкалардын түбүнө сарымсак, 5-6 даана тоголок кара мурч, 2 даана лавр жалбырагын, укроп салабыз.
4. Эми үстүнө жашылчаларды катары менен каттап сала баштайбыз: Алгач пияз, анан сабиз, бадыраңды. Кайра пияз, сабиз, бадыраң... Ушинтип банкаларды толтурабыз.
5. Маринад даярдайбыз: Сууга уксус, кумшекер, туз кошуп, бир кайнатып алабыз.
6. Банкаларга маринаддан куюп, сыртынан 20-25 мүнөт кайнатабыз. Анан капкактарын бекитип коёбуз.
Айымдар, тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу сиздин баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында "Кожойкенин бурчу" рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз,
сурооңуз болсо (0312) 32-33-26 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg