ПАНАМА - ОРХИДЕЯЛАРДЫН МЕКЕНИ

Саякат

Аянты – 75 517 чарчы чакырым.
Өлкө узунунан 750, туурасынан 80 чакырымга созулат.
Өлкөгө баш-аягы 1500дөй майда арал таандык.
Калкы – 3 миллион 360 474 адам (2005-жылдагы эсеп боюнча).
Расмий тили – Испан.
Башкаруу формасы – Президенттик башкаруу
Административдик бөлүнүшү – 9 провинция жана 1 облустан турат.
Мыйзам чыгаруучу органы – 1 палаталуу Улуттук Ассамблея (71 депутат бар).
Дини – 85 пайызы католик, ал эми 15 пайызы протестант динин тутушат.
Борбор шаары – Панама (Панама-Сити)
Акчасы – бальбоа жана АКШ доллары.
1 бальбоа 43 сомго барабар.

БАНАН, КОФЕ ЭКСПОРТТОЙТ
Панама Республикасы Борбордук Американын Панама кысыгынан (Тынч океаны менен Кариб деңизинин ортосу) орун алган.
Өлкө Коста-Рика жана Колумбия менен чектешет. Панама индейлердин тилинен которгондо “балыгы, көпөлөгү мол жер” дегенди билдирет. Өлкөнүн 75 пайызын тропик токойлору ээлейт.
Банан, күрүч, жүгөрү, кофе, какао, кант камышы көп өстүрүлөт. Өлкөдө цемент, сыра, кант чыгарылып, сыртка банан, креветка, кант, кофе, кийим экспорттойт. Балык чарбасы экономикасына көп киреше алып келет.

УЛУТТУК СИМВОЛУ – АЛТЫН БАКА
Өлкөдө туристтер суктануу менен кыдырчу жерлер көп. Анткени улуттук парк менен коруктар көп. Мисал келтирсек:

  • Өлкөнүн эң башкы сыймыктуу жайы болуп Панама каналы эсептелет. Ал 1914-жылы 15-августта курулуп бүткөн.
  • Өчкөн жанар тоонун кратеринде жайгашкан Эль-Вайе-де-Антон экологиялык коругу. Жунглиге айланган корукту улуттук символ болуп эсептелген алтын бакалар мекендеп, ажайып кооз орхидеялар өсөт. Мындан тышкары, дары баткак жана ысык булактар бар. Андыктан эс алуу менен жер көрүүнү айкалыштырууну каалагандар дал ушул корукка келишет.
  • Табога аралында түркүн түстүү гүлдөр бар. Андыктан алар гүлдөп турган мезгилде адам жагымдуу жыттарга чулганат.
  • Контадора аралындагы шаркыратмалар айлана теребелди салкындатып, эс алууга жакшы өбөлгө түзөт.
  • Түрдүү жаныбарлар менен канаттууларга бай Эль-Нисперо зоопаркына баш баккан адам өзүн жомокко туш келгендей сезет.

ИНДЕЙЛЕР УРУУЛАРЫ ТУУРАЛУУ
Өлкөдө бир топ индей уруулары жашап келет. Алардын эки уруусу боюнча кыскача.
Кун-яла индейлер уруусу. Табиятынан аз сүйлөөчү бул уруунун адамдары меймандос жана ак көңүл келет. Аялдары жасалга үчүн шуру мончокторду бышык жипке тизип, түрдүү кездеменин кесиндилеринен курап мола аттуу көйнөк тигишет. Мурдуларына алтын шакек тагышат. Ал эми эркектери сувенир жана тумар үчүн жыгачтан “сыйкырдуу” фигураларды жасашат. Түнкүсүн баары от жанында чогулуп ата-тектери тууралуу уламыштарды эскеришет.
Чакое-эмбера уруусу. Кайык түрү болгон пирогаларды жасашып, ичке чырпыктардан себет токушат. Учуна уу сыйпалган найзалар менен аңчылыкка чыгышып тиричилик өткөрүшөт. Турак-жайларынын үстүн пальма жалбырактары менен жабышат.
Беттерине боёк менен сүрөт, оймо-чийме тартып жүрүшөт. Жакшы көргөн тамагы болуп отко какталып бышырылган балык эсептелет.

ОРХИДЕЯ ГҮЛҮНӨ БАЙ
Жаныбарлардан пума, элик, маймыл түрлөрү, оцелот (мышык сымал жаныбар),чоң кумурскачы, армадил, кинкажу (енот сымал жаныбар) кездешет. Өлкө жылан түрлөрүнө, крокодил менен аллигаторлорго, тоту куштарга, тукандарга (тоңкулдак түрү) да бай.
Кыскасы, Панаманын токойлорунан канаттуулардын 954 түрүн, өсүмдүктөрдүн 10 миңден ашык түрүн, орхидея гүлүнүн1200 түрүн, ал эми көпөлөктөрдүн 1500 түрүн кездештирүүгө болот.

БАНАНДЫ ТАМАККА КОШУШАТ
Ашканасы түрдүү даамдарга бай. Эң көп колдонула турганы бул – севиче. Ал маринаддалган этке татымалдар менен жашылчаны кошуп берүүчү тамак.
Фритура – банан, жумуртка, жашылча, колбаса кошулуп жасалуучу өзгөчө тамак түрү. Бизге бананды тамакка кошуу дегендин өзү өөн учурайт. Ал эми Панамада банан бардык эт жана балык тамактарга кошулуп өзгөчө даам тартуулап турат.
Паэлья – күрүчтөн даярдалып, эт, моллюска, балык жана жашылчалар кошулуп бышырылчу даам. Муну жеп көргөн адам кайра дагы жегиси келери анык.
Дасторкондо дайыма туруучу дагы бир даам бул –жүгөрү наны (бизче загара). Бул нанга кээде татымалдар кошулуп да бышырылат.
Суусундуктардан көк чай, кофе, какао абдан популярдуу.
“Матэ” көк чайын “калабес” деп аталуучу кичине ашкабак идиштерге куюп сунушат. Чай кичине түтүкчө аркылуу ичилет. Жашылча ширелерине сүт кошулган коктейлдер кеңири таралган. “Пипас” суусундугу кокос жана мангонун ширелеринин аралашмасынан даярдалат. Десерт түрүнө болсо сан жетпейт. Индейлер илгертен кант камышынан даярдап келе жаткан “чичи” арагы эң көп суралчу ичимдиктерден.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан