«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Сериалдын соңку 4-сезону жаңы жүздөр, жан аябаган күрөш менен старт алат. Хүрремдин ролуна тандалып алынган Вахиде Перчин «Даңазалуу кылымда» буга чейин ойногон Мерьем Узерлинин күйөрмандарынын бомбалоосуна туруштук берүүгө аргасыз болот.

«МЕНИ КЕМПИР, ТҮРҮ СУУК ДЕШТИ»

төртүнчү сезон 104-109-сериялар:
МАНИСАНЫН ЭЛИ СЕЛИМДИ "ИЧКИЧ КЕЛДИ" ДЕП ТОСУП АЛАТ
Сулейман султан тактысын ыраа көргөн, жанына өзгөчө жакын туткан уулу Мехметтин табытынын үстүнө так орнотот. Экинчи ханзааданын өлүмүнөн бери башчысы жок турган Манисанын тагдыры белгисиз калган эле. Буга Жихангирдин кылыч тапшыруу менен ант берүү салтанаты шылтоо болуп, хан сарайга Мустафа, Селим жана Баязид чакырылат. Сарбаздар, бир топ пашалар жана калың журт Мустафанын, Хүррем Селимдин, Михримах менен улуу вазирге айланган Рүстем Баязиддин Манисага барышын каалашат. Соңку чечим Сулеймандыкы болгондуктан, ал такка алып келчү жолду Селимге ылайык көрөт. Бул тандоо көпчүлүккө жакпайт, атүгүл Манисанын эли Селимди «бизге ичкич, катынпоз, көңүл ачуудан башы көтөрүлбөгөн ханзаада келди» деп кеп кылат.
Бул аралыкта гаремге жаңы күңдөр, анын ичинде Венециянын ак сөөктөрүнөн чыккан Сессилия алынып келинет. Кулчулукка моюн сунгусу келбеген Сессилияны өмүрүнө кол салмакчы болуп жаткан жеринен Селим куткарып калат. Венециялык кыз Хүррем менен тил табышып, ага Нурбану деген ысым берилип, Селимдин жүрөгүн багындырууга Манисага кошо жөнөп кетет.
Дагы бир сүйүү оту Баязид менен Хурижихандын ортосунда жанат. Ибрагим паша менен Хатиже султандын кызы Хурижихан Сулейман султандын эң кичүү карындашы Фатма султан менен хан сарайга келген болот. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген, шаан-шөкөттү жактырган Фатма султан да эжелери сыяктуу Махидевран менен Мустафанын тарабында болуп, Хүрремдин душманы болуп чыгат. Фатма Хүрремдин төрөттөн калганын билип калып, учурдан пайдаланып Сулеймандын бөлмөсүнө күңдөрдүн бирин киргизүүнү колго алат. Хүррем буга жол бербей, өзү тандап алган кызды жөнөтөт. Кийинчерээк Фатманын кийлигишүүсү менен бир канча жолу султан менен түн өткөрүүгө жетишкен күң кош бойлуу болот.
Чабуул муну менен гана токтоп калбай, Рүстем паша Мустафа тарабынан уюштурулган тузакка түшөт. Рүстем улуу вазирликтен бошотулуп, Герцеговинага жөнөтүлөт. Ал эми Хүррем тарап Мустафанын өмүрүнө кол салып, ага атылган жаанын огу ай-күнүнө жакындап калган күңүнө тийип, ал каза табат. Деңиз флотунун башчысы Хызыр Хайреддин паша да улуу ханзааданы колдой коём деп жалгыз кызы, Мустафаны жактырган Михриниса Хүррем тарап уюштурган каракчылардын туткунуна түшөт. Аны куткаруу үчүн Хайреддин паша кызматынан баш тартат.

КҮЧТҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ХҮРРЕМГЕ ОКШОШ ВАХИДЕ
«Мерьем Узерли Германияга кетип калган соң Хүрремдин ролун мага сунушташты. Көпкө ойлонбой макулдугумду бердим, мындай ролду аткаруу – чанда келчү ийгилик! Хүрремди ойноо мага жүктөлгөнү жарыялангандан кийин интернет баракчаларында мен тууралуу жазылган негативдүү комментарийлер толуп кетти. Мени «кемпир», «түрү суук» дешти. Ар бир аялзаты, актриса үчүн мындай сынды угуу жагымсыз»,- деп Мерьемдин ордун алмаштырган Вахиде Перчиндин айткан жайы бар.
Ал Мерьем Узерлиден 17, Сулеймандын ролун жараткан Халит Эргенчтен 5 жашка улуу. Карьералык биринчи тепкичин театрдагы сахнадан аттап, тартылган фильмдердин ичинен «Апам» деген сериал атактуулук алып келген. 2012-жылы рак илдетине кабылып, химиялык терапиядан улам чачы, каш-кирпиги түшүп калса да, эл көзүнө жылаңбаш чыгып, күчтүү аял экендигин көрсөтүү менен ооруну жеңген. Өкүнүчтүүсү, 22 жыл бою түтүн булаткан жолдошу Алтан Гөрдүм ошол мезгилде төшөктө жаткан аялы менен ажырашып кеткен. Экөөнүн ортосунда бир кызы бар. Айтмакчы, Алтан Гөрдүм да, кызы Алези Гөрдүм да «Даңазалуу кылымда» эпизоддук ролдорду жаратышкан.
«Хүррем султандын ролу үчүн арыкташым керек болуп, эки ай ичинде 7 килограмм таштагам»,- дейт В.Перчин.

БҮКҮР ЖИХАНГИРДИН АНТ БЕРҮҮСҮ КАНТИП ТАРТЫЛГАН?
– Кылыч тапшыруу менен коштолгон ант берүү салтанаты сериалга катыша баштаганымдын экинчи күнүндө тартылды. Окшошуп жатабы же жокпу деп тегеректеген адамдардын көзүн улам карап жаттым. Толкунданганым ушунчалык, бул эпизод тартылат деген күнү айтылган убакыттан бир жарым саат эрте келип алдым. Сарбаздарды жана алардын тартибин түшүнбөгөн, түшүнгүсү да келбеген Жихангирдин ант берүү салтанатын жакшы аткаруум керек эле. Анын үстүнө ханзаада жаттаган антын айтып жатканда эсинен чыгарып коёт эмеспи. Өзүн пайдасыз сезген Жихангир бүкүрдүгүнөн катуу намыстанат. Чоң сыноого айланган бул күндү ойноо оор болду,- дейт Сулейман султандын кенже уулу Жихангирдин ролун жараткан Толга Сарыташ.
1992-жылкы жаш актёр тасма жана сериалдарга 2011-жылдан бери тартылып келет, ага чейин музыкалык топтордун биринде гитарист болуп жүргөн. Тарыхта Жихангир тууралуу маалымат жокко эсе, анын бүкүр болгону жана кыска өмүр сүргөндүгү айтылат. Майыптыгынан да империянын тагын ээлөөгө мураскер катары каралган эмес. Бирок ал өз доорунун билимдүү адамы болгон.

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kg.lady
2014-09-22 15:36:00
Жихангирди ойногон бала олоор алдындагы эпизоддорду жакшы аткараган. Хюремда баласынын олумун которо албаган эненин ролун жакшы ойноп берген козуно жаш айланат.
0
admin_superstan
2014-09-24 10:02:59
aali-90, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан