Ар бир эне баласынын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, элине кызмат кылсын деп канатына калкалап чоңойтот. «Кыздын сыры төркүнгө маалым» деген сыңары, баласынын мүнөзүн апасы гана жакшы билери талашсыз. Бүгүн ырчы Мирбек Иманбековдун мүнөзү, бала чагы тууралуу апасы кеп салат.
"МИРБЕКТИ ТӨРӨП "БААТЫР ЭНЕ" БОЛГОМ"
– Мирбек онунчу уулум. Ал төрөлгөндө атасы экөөбүз тең абдан сүйүнүп, теңтуш, туугандар менен "жууганбыз", себеби мен «Баатыр эне» деген медаль алгам. Уулум 10 айында эле басып кетти. Кичинесинде»мен чоңойгондо сонун Мерседес алып, алдыга атамды отургузам, сизди артка отургузам» дей берчү. Мен тамашалап «Эмнеге мени артына отургузасың? Мен ооруп жатам го, атаңды артына отургуз» десем, «сиздин күчүңүз жок да, бир нерсе болуп кетсе сиз кармай албай каласыз, атам күчтүү, ошондуктан атам отурсун» деп күлдүрчү. Анан «чоңойгондо ырчы болом, сахнага сиздерди да жетелеп алып чыгам» деген кыялы бар эле. Эмнегедир ушул уулумду көп урушпай, эркелетип, тентектигине көз жумуп өстүрдүк. Каалаганын жеп, каалаганын кылып чоңойду. Атасы мотоцикл айдаса артына учкашып, кечинде колтугунан чыкпай, түн ортосуна дейре кино көрүп жата берчү. Күндүз көчөдө ары-бери өткөн машиналардын артына жабышып, оюнчук мылтыктарды жасап алып эртеден кечке көчөдөгү балдар менен атышмай ойношот эле.
"КИЧИНЕКЕЙИНДЕ 2 КЫЛДУУ КОМУЗ ЧЕРТЧҮ"
Үйдөн тамак ичкенде нандын бир да күкүмүн калтырбай терип жечү. Себеби бир жолу «нанды ушалап жесең аялың сулуу болбой калат» деп койгон элем да. «Чоңойгондо сулуу аял алам» деп жүрүп сулуу аял алды го акыры (күлүп). Башка бирөөнүн чынысына чай же башка нерселерди куюп берсең жийиркенип такыр иччү эмес. Башканын кийимин да кийбейт.
Бир жолу тамдын чатырында ойноп жүрүп кулап кетти. Атасы чуркап чыгып, жанына барып карайын десе Мирбек коркуп кетти окшойт, тура калып эле качып жөнөдү. Артынан чуркаса балам денесинин ооруганына карабай качат десең. Ошону алигиче эстеп күлүп калабыз. Мектепте окуп баштагандан тарта ыр жагына шыгы ойгонду. Кичинекейинде 2 кылдуу комузу бар болчу. Үйгө музыкага шыктуу Бакбурхан деген мугалими конокко келгенде «Мирбек, комузуңду алып келчи, мен чертейин» деп алып, черте албай кайра «ме, мунуңду өзүңөн башка эч ким эптей албайт экен, кана өзүң ойночу» десе Мирбек күүгө салып чертип кирчү. Анда агайы «ой, бул чоң комузчу болот окшойт, мен черте албайм муну» деп күлүп калар эле.
"КЫЗ МЕНЕН КҮРӨШҮП, ЖЫГЫЛЫП КАЛГАН"
Уулум күрөшкө катышчу. Биздин айылда Жылдыз деген кыз бар эле, бир жолу ошол менен күрөшүп жыгылып калыптыр. Үйгө келгенде биз «кыздан жыгылып калдыңбы?» десек чычалап, тултуңдап сүйлөбөй жүрдү. Азыр ошол кыз күрөш боюнча көптөгөн мелдештерди утуп жүрөт.
Мугалимдеринен бир дагы Мирбек тууралуу жаман сөз уккан жокмун. Себеби улуу эжелерине «сен бул жагын карайсың, сен бул жагын көзөмөлдөйсүң» деп Мирбекти табыштап койгом. Алар «таза бол, жакшы оку» деп жүрүп чоңойтушту. Мен май талкан жасап койчу элем, мектептен келер замат чуркап келип ошону талашып жейт. Үй жумуштарын үйдө кыздар бар болгондуктан жасаган жок, тамеки тизип, уй жайчу.
Балам кичинекейинде айткандарынын бардыгына жетти. Алгачкы жолу телевизордон ырдап чыкканда кубанганымдан ыйлап жибергем. Кийин Бишкекке концерт коюп, баягы айткан сөзүн аткарып, мени сахнага жетелеп чыкты. Толкунданып, буттарым калчылдап, жүрөгүм бир башкача түрсүлдөп соккон эле. Сахнадан түшүп келатсам толтура кыздар алдыман чыгышып "бизге автограф бериңиз" дешет. "Кантип берем, мен билбейм да?" десем "жөн эле бир нерселерди жазып койсоңуз болду" дешти. Ошентип бир топ кыздарга кол тамга бергем. Азыр конокко барсам же көчөдө жүрсөм «Мирбектин апасы болосузбу?» деп кээ бирлери таанып калышат. Бизге колунан келген сыйын көрсөтүп, жардамын берип келет, уулум менен сыймыктанып калам.
Асхат Субанбеков
star@super.kg