Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: КЫРГЫЗСТАН ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

14-сентябрь күнү Ысык-Көлдүн жээгинде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Оюнга катышуу үчүн 19 мамлекеттен келген 400дөн ашуун спортчу 5 күн бою 10 спорт түрү боюнча күч сынашып, мыктылар аныкталды. «Өз үйүңдө дубалдар да жардам берет» дегендей, өлкөбүздүн намысын коргогон 2 курама команда жалпысынан 16 алтын, 20 күмүш жана 19 коло медаль багынтып, биринчиликти колдон чыгарган жок.

ДҮЙНӨНҮН ЭҢ КЫЙЫН КӨК БӨРҮЧҮЛӨРҮ КЫРГЫЗДАР
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы эң көп кызыгуу жараткан оюн талашсыз көк бөрү болду. Чолпон-Ата шаарынын ат майданы ар бир оюнда күйөрмандарга жык толуп, көк бөрүчүлөргө шык берип турду. Бул оюнда Казакстандын курама командасы мелдешке катышуудан баш тартышты. Эскерте кетсек, өткөн жылы алар өз өлкөсүндө өлкөбүздүн курама командасын финалда жеңип, Азия чемпиону аталышкан эле. Финалдык оюнду казакстандык калыстар тейлеп, жердештерине ачык эле тартып коюшкан болчу. Бул сапар коңшу өлкөнүн улакчылары уят болгусу келбей катышпады көрүнөт.
Ал эми өлкөбүздүн атынан Кыргызстан-1 жана Кыргызстан-2 командалары катышып, дүйнө жүзүндөгү эң кыйын көк бөрүчүлөр кыргыздар экенин далилдей алышты. Өз тайпасында бардык атаандаштарын жеңген биздин улуттук курама командалар финалдык беттешке бири-бири менен кез келди. Курч мүнөздө өткөн беттеште Кыргызстандын биринчи улуттук курама командасы кошумча берилген убакытта гана жеңишти илип кетти.
Ал эми жарым финалда Орусиядагы Алтай Республикасынын командасы Түркияны утуп, 3-орунду ээледи.

ИЙГИЛИК КАЗАКТАРГА ЖЫЛМАЙДЫ
Тогуз коргоол боюнча мелдештердин жыйынтыгында командалык эсепте кыз-келиндер жана уландар арасында Казакстандын курама командасы жеңишти камсыздай алды. Ал эми кийинки байгелүү эки орундарды өлкөбүздүн курама командалары ээлешти.
Ошондой эле жекеликте казакстандык Нурбек Кабиев мүмкүн болгон 5 упайдан 4,5 упай топтоп, 1-орунду ээледи. Күмүш жана коло медалды кыргызстандык спортчулар Мирлан Кудайбергенов менен Анарбек Жамакеев багынтышты. Ал эми кыз-келиндер арасында мекендешибиз Элвира Кудайбергенова биринчиликти багынта алды.

АТ ЧАБЫШТА ЭКИ КҮЛҮК ЖАН БЕРДИ
Көчмөндөр оюндарынын дагы бир кызыктуу делген мелдештеринин бири ат чабыштар болду. Анда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Азербайжан мамлекеттеринен келген күлүктөр кунан чабыш, жорго салыш жана аламан байгеге чабылды. Алгач чабылган 34 кунандын арасынан казактардын Атилла аттуу кунаны марага биринчи болуп келип, 500 миң сом байгеге татыды.
Андан соң жорго салыш боюнча жарыш орун алып, 26 жорго байге талашты. «Жорго жүрүшүнөн баа болот» демекчи, алардын арасынан суурулуп чыгып, биринчи келген Барон аттуу кыргызстандык күлүк ээсине 800 миң сом байге алып берди. Ошондой эле калган байгелүү 6 орунду тең өлкөбүздүн саяпкерлери таптаган күлүктөр илип кетти.
Кыска аралыкка ат чабууда казактардын Праудкис тулпары биринчи келсе, мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун атактуу Айландер Уан жана Родион аттуу күлүктөрү 2-3-орундарды ээлешти.
Аламан байге үчүн ат салышкан күлүктөр 22 чакырымды басып өтүштү. «Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт» деген кеп бекеринен чыкпаса керек. Чабандестер катуу берилип кеттиби, айтор, аттарды катуу чаап койгондуктан жарыштын 10-айлампасында Саратан жан берсе, Ероша аттуу күлүк марадан өтүп жан берди. Ал эми марага биринчи болуп Карат байыр деп аталган кыргызстандык күлүк чыгып, ээсин 1 миллион сомдук байге менен марытты.

ЭРДИН КҮЧҮН ЭЛ СЫНАЙТ
Чыныгы балбандардын таймашында жалпысынан Ооганстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Өзбекстан, Монголия жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн балбандар катышты. Алгач 80 килограммга чейинки салмактагы балбандар эңишке түшүп, айыгышкан кармашта эки тараптуу талаштар жана калыстарга нааразычылыктар орун алып жатты. Мындай учурда чогулган эл калыстарга жардам берди. Жыйынтыгында мекендештерибиз Руслан Карагулов 80 килограммга чейинки бардык балбандардан мыкты болсо, 80 килограммдан жогорку салмакта Нурлан Молдокулов жеңишти эч кимге берген жок.

ОРДО ОЮНУНУН ЧЕБЕРЛЕРИ
Байыртадан бери ойнолуп келе жаткан ордо оюнуна Казакстан, Тажикстан жана өлкөбүздүн 2 курама командалары катышты. Мелдеш айлампа системинде өтүп, командалар бири-бири менен ойношту. Кыргызстандын биринчи курама командасы 6 упай топтоо менен 1-орунду ээлесе, экинчи орунга өлкөбүздүн экинчи курама командасы татыды. Ал эми Тажикстан курамасы үчүнчү орунду багынтса, Казакстан байгеге илинген жок.

НАМЫСКА ЖАРАГАН НУРБЕК
Көчмөндөр оюндарына казак тараптын сунушу менен киргизилген бул күрөш түрүндө балбандар 6 салмактык категорияда күч сынашты. Өз улуттук күрөшүндө казакстандык спортчулар 5 алтын медаль тагынса, 90 килограммга чейинки салмакта мекендешибиз Нурбек Кожобеков намыска жарап 1-орунду ээледи.

КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫ
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улай көчмөндөрдүн турмушу чагылдырылган маданий көргөзмө Кырчын жайлоосунда уюштурулду. Анда 200гө жакын боз үй тигилип, бешикке салуу, чач өрүү, өрүлүктөө, боз үй тигүү, куда түшүү, кыз узатуу, тушоо кесүү, келин алуу жана башка салттар көрсөтүлдү. Ошондой эле көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан «Салбуурун» фестивалында ар аймактан келген мергенчилер, саяпкерлер жана мүнүшкөрлөр көргөзмө оюндарын эл назарына коюшту. Алар ат чаптырып, куш салып, ат жалында жаа атып өз өнөрлөрүн тартуулашып, көчмөндөр турмушунун өзөгүн чагылдырып беришти.

Жалпы оюндардын командалык эсебинде биринчиликти багынткан Кыргызстандын туусу желбиреди.

Нурбек Кожобеков бул оюндарда эки алтын медаль тагынды. Ал кыргыз жана казак күрөшүнүн 90 килограммга чейинки салмактагы жеңүүчүсү.

Ордодо алтын жана күмүш медалды биздин курама команда багынтты.

Оюндун акыркы күнүндө ат чабыштар өттү

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
love8994
2014-09-22 09:42:45
Эн жакшы мекенибиздин атагы чыга берсин.
0
Aselya-345
2014-09-22 12:43:58
Молодцы! Кыргызстандын желеги туусу дайыма биринчиликти багынтып желбирей берсин!!!!
0
Almazbek79
2014-09-22 16:12:14
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колунда.
+2
eldar87
2014-09-25 09:17:12
Almazbek79, Тагдырын Россия чечип калат жакында
+5
kadyrbeks80
2014-09-25 22:07:21
eldar87, орустун ХХХ. Кыргыз тагдырын кыргыз озу чечет,кээ бир майда-чуйдо маселени чечбесе эле ХХХ орусун!!!!
0
admin_superstan
2014-09-26 09:27:01
kadyrbeks80, жеке айтышуудан, этика нормаларына туура келбеген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз!
0
Patriot92
2014-09-22 16:54:27
Кыргыз элинин кандай эл экенин.салтын оюндарын тарыхын коргозгон жакшы оюн болду.азаматтар
0
Zarema94
2014-09-22 17:12:55
Машыкканды токт0тп0гула, кийинки жылы дагы улантканда утулбагандай болуп. Алга, кыргыздар!
0
eduardali
2014-09-23 12:17:22
Казактардын журогу жок кок боруго катышбаптыр.
+1
misha00
2014-09-25 23:15:56
тулку турнаны коноко чакырып тамакты тарелкага куйуп озу жеп алгандай болбогонбу деги
0
Rashinboy
2014-09-27 23:34:40
Алгалай бер кыргызым. Гулдоп, онуго бер Кыргызстан!!!
0
Lexus-2014
2014-09-28 11:57:08
Admin byl oiyndardyn videosyn kayda korsok bolot sizder jyktop koyunyzdar4y baaryn mymkyn bolso .raxmat aldyndan,
0
admin_superstan
2014-09-29 08:49:55
Lexus-2014, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
0
BiLLy Beck
2014-09-28 16:15:35
Видеосун Санжар Калматайдын [moderated]тагы каналынан тапсанар болот) админ рахмат)
0
admin_superstan
2014-09-29 08:50:35
BiLLy Beck, курамы окшош сайтка шилтеме таштоого жана жарыялоого тыюу салынган.
0
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан