Бакыт Төрөбаев, ЖКнын депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери: «БИЗДИН ЖЕҢИШ ЭЛДИН ИШЕНИМИНДЕ»

Ар бир иштин башаты жана анын ийгиликтүү жемиши болот эмеспи. Бакыт Төрөбаев башында турган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы акыркы эки жылда өлкөнүн аймактарында карапайым элдин жашоо шартын оңдоого көмөктөшүп, дыйкандардын колун узартты. Республика боюнча 10 МТС өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп жатат. Анын арты менен дыйкандардын маңдай тери кайтып, жазындагы эмгеги күзүндө өзүнүн жемишин берүүдө. Бүгүнкү күндө партиянын канаты кенен жайылып, колдогондордун жана ишенгендердин саны өсүүдө. Мунун арты менен жер-жерлерде атайын өкүлчүлүктөр ачылып, иш алып барууда. Партия өлкө ичиндеги маданий иш-чараларды көз жаздымда калтырбай келет. Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен кабарчыбыз абасы таза, дүйнө элин суктанткан Кырчын жайлоосунда маектешти.

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун Кыргызстанда өтүшү, анын орду жана мааниси туурасында эмнелерди айта алат элеңиз?
– Биринчиден, кыргыз элин ушундай чоң масштабдагы майрамы менен куттуктайм. Өтө чоң тарыхый окуя болуп жатат. Анткени дүйнө эли келип, биздин үрп-адатыбыз, салт-санаабыз жана маданиятыбызды көрүп жатышат. Бул эң жакшы көрүнүш жана мааниси терең. Эң башкысы, улуттук оюндарыбыз кийин Дүйнөлүк олимпиадалык оюндарына айланып каларынан кабар берип жаткандай. Ошондуктан саясатчылар, ишкерлер жана ар бир кыргыз жараны мындай иш-чараларды колдошубуз керек деп эсептейм.

– Сизге жана жалпы элге белгилүү, саясатчылар шайлоо жакындаган сайын элге ар кандай убадаларды берип башташат. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» партиясы өзгөчөлөнүп, эки жылдан бери карапайым эл менен жолугушуп келе жатат. Партиянын максаттары туурасында айтсаңыз...
– Депутат катары биздин эң негизги милдетибиз – элдин көйгөйүн угуп, мыйзамдын негизинде чечүү. Эки жылдан бери «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы карапайым калктын арасында жүрүп, элдин маселеси менен таанышып, анализ жүргүзүп келет. Алардын маселелерин угуп эле калтырып койбой, чечкенге кол кабыш кылабыз. Чындыгында, элди аралап жүрсөң маселе абдан көп. Биз азыр башка партияларга өзүбүздүн жасаган иштерибиз, кадамдарыбыз менен үлгү көрсөтүп жатабыз. Башкалар шайлоого 2-3 ай калганда элге асмандагы айды алып берем деген куру убадаларды беришет. Биз өзүбүздүн ой-максаттарыбызды эки жылдан бери айтып эле эмес, иш жүзүндө көрсөтүүдөбүз. Эл азыр эч кимге ишенбейт. Ошондуктан биз иштин көзүн билип, эл менен бирге келе жатабыз.

– Демек, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын артыкчылыгы элге жакындан жардам берүү болуп саналат турбайбы?
– Туура айтасыз.

– Мындан сырткары сиздер жети дубанды бирдей кыдырып, аймактар ортосундагы достукту бекемдөө максатында иш алпарып жаткан турбайсыздарбы?
– Бул максатта биз көлдүк туугандарды Жалал-Абад жана Ош калаасынын элдери менен тааныштырып келдик. Оштук туугандарды нарындыктар менен, баткендиктерди Чүй эли менен, таластыктарды Жалал-Абадга алып бардык. Мунун арты менен аймактардын ортосунда достук көпүрөсү түзүлүп, бири-бири жөнүндө пикирлери да жакшырганын байкадым. Ал эми түндүк-түштүк деген түшүнүктү саясий кызыкчылыгы барлар гана жасалма жол аркылуу жасап жатышат.
Биз бүткүл республика боюнча МТСтерди түзүп жатабыз. Ал ар бир облуста бар. Бул да болсо түндүк-түштүк деген бөлүнүүгө чек коёт.

– Баарыбызга белгилүү болгондой, партиялар бийликке келгиче убадаларды бере беришет. Бирок кийин ал унутулат. Сиздердин партия айткан убадасына тура алабы?
– Биз кандай иштесек, жыйынтык ошондон көз каранды. Бирок биз элге кайрылып жатабыз. Эгерде кийинки парламенттик шайлоодо 61 добуштан ашык алсак, анда биздин ар бир сөзүбүз аткарылат. Мына, коалиция түзүлүп, ага үч фракция кошулгандан кийин маселелердин чечилиши кандай болуп жатканын тарых, убакыт көрсөтүп жатат. Ошондуктан биздин күчүбүз бир болуш керек.

– Эгерде сиздер бийликке келип калсаңыздар, элге жардам берүү дагы күчтөндүрүлөт турбайбы?
– Биз бийликтен, өкмөттөн көз каранды болбой, өзүбүздүн каражатыбыз, күчүбүз менен элге жардам берип жатабыз. Эгерде биз бийликке келсек, өкмөттөгү бюджетти максаттуу, чыныгы муктаждыктарга жумшоого аракет кылабыз. Анткени мунун жолун биз көрүп турабыз.

– Партияда гендердик теңчилик кандай каралган, сиздердин катарда айымдар барбы?
– Мамлекет үчүн, эл-жер үчүн деген айымдар биздин катарда бар. Бул багытта аябай кылдат иштөөдөбүз. Биз азыр билимдүү, тажрыйбалуу айымдарды партияга чакырып, алардын ойлорун да угуп жатабыз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан