Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Не кылган менен «хан көтөрүп», «аталык» атанып, эл арасында кадыры өйдөлөп калган Нүзүп тең ата урууларды бириктирип, ордого ийгерип турган экен. Анын башы Маргаландан келген соң ордодогу кутумдар шашылыш диван чогултуп, «өлкөнүн эки тизгин, бир чылбыры эгеси Шерали хандын колуна эми толук өткөндүгүн» даршан кылышты. А Шады «аталык» деп аталбай туруп эле ордобашылык вазийфасын кыла баштады. Өзүлөрүн тектүү, күчтүү сезген ар бир уруу бийи, ар бир бек өзү каалаган жакка чоюп, жааттар куралып, аралары кырды бычак болуп, мансап, дүнүйө үчүн кармаш кайра күч алды. Хан бийлиги өзүнөн өзү бир аз көтөрүлүп, ар кандай бүтүм ал аркылуу, анын макулдугу боюнча жүргүзүлө баштаган. Шады да алдастады. Бирок жааттарды ийгерүү, чатактарын тыюу алардын колунан келбей койду. Бири хан, бири ордобашы – экөөнүн тең эл арасында кадыры аз, себеби алардын артында дүбүрөгөн бир уруу тайпа жок. Мусулманкулга Шарихан вилаетин беришкен. Буга ал ыраазы боло койгон жок. Эми Нүзүптөн кийин ага ордодон эч ким туруштук бере албай турганын сезип ордого тоң моюн. Ага эмне керек? Ордо! Муну түшүнбөйбү Шады шум? «Тоң моюн бектин башын апкелиш» жөнүндө жашырын жарлык берип, Шариханга желдет аткарса, шыбыш угуп калган Мусулманкул өз уруусуна, Эки-Суу-Арасына калкаланып кетиптир. Эми ачык кармашуудан башка айла таба албай калган Шады ордонун колдо бар аскерин алып Эки-Суу-Арасына жортуул кылды. Эки жоо Чуст менен Төрө-Коргон ортосунда кез келишип, Мусулманкул ордонун аскерин толук кыйратып, Шадынын башын кестирип, канжыгага байлатып алып Коконго бет алды.
Кан сарай.
Күзөтчү сарбаздар элейип тиктеп калышты. Мусулманкул камчысын сүйрөй аксап басып, эки жагынан бөрүдөй жулунган жалаң кылыччан, жаагер, милтеси түтөгөн кара бараңдуу мерген коштоп ордого кирип барды.
Кан үжүрөсүнүн эшигинен үрөйү учкан бейсакал киши менен Жаркын айым тосуп чыкты.
– Келиң, бек... Келиң...
Жаак териси тырышкан Мусулманкул жооп бербей, аксаган бойдон ичкери өтө берди. Эки тизесин кучактап, иреңи купкуу, өлүмүн гана күтүп, Шерали төрүндө отурган экен.
Жаркын айым:
– Бу көкөйдүн баары Шадыдан... Койгула дедим эле... Кайда жүрү экен өзү ал шумпай?!
Жигиттердин бири колундагы баштыгын көңтөрүп кагып жиберип, адамдын кандуу башы дүңк этип килемге тоголонуп жатып калды.
– Таанып алың...- деди Мусулманкул жекире. Шерали карысы менен көзүн калкалай калды:
– О... Жүзү курусун...
– Катыгүн, ай...- деп кандуу баштан сестенип жүзүн үйрүдү Жаркын айым. – Кан кылдыра көрбөң, ордо баарыңарга тең...
– Бу силер... «Ордону кан кылдыра көрбөң» деп?! Биринчи жолу кан болуп жаткансып?!- деп экөөнү тең кекерлеп сүйлөдү. – Ыя. Бириңдин агаң, бириңдин «кан көтөргөн» пириң эле го кайран аталык?! Мына ошо кишинин башы алдыңарга келгенде мынчалык сестендиңер беле силер?!
Өз күйүтү өз ичинде жүргөн белем, Жаркын айым буулдап ыйлап жиберди.
Мусулманкул:
– Кимге кинээ кылгыдайсыз, таксырым?! Өзүңүз канга боёп алдыңыз ордону!
Жаркын айым:
– Бу бир байкуш... Ээрчиме... Айта берип, айта берип тилим тешилген...
Буга да каяша кыла албай, баары мойнуна түшүп, шалдырап отура берди Шерали. Мусулманкул чарчаган таризде бир акырын үшкүрүп, жүз үйрүп, сол бөйрөгүн таяна оң колун
шилтей, акырын аксай басып чыгып кетти. «Чын... Бу бир байкуш... Эмне кыласың эми муну?..» деди ыргылжың ою.
Ал бийлик укугун алышка шарияттан риваят окутуп отурган жок. Миңбашылык мансапты алып, ордону хандын атынан өзү башкара баштады. Кичине сылтып баскан, иреңи кара чүйкө, көзү тереңден жылтыраган кыйык, дайыма эрди каардуу кымтылып турган, эч качан ичиндегисин кишиге так айтпаган, кишиге дайыма шектенип тиктеген бектин алдында Шерали хан дирилдеп коркуп отуруп калды. Баары бир мансап талашуу басылбады.
1845-жылдын жазында Мусулманкул ордодо жокто Исфара вилаетинин беги Сатыбалды деген ордону капыстан басып, Шералини өлтүртүп, тээ илгерки Алим хандын бир уулу Мурад бекти «кан» деп жарыялап жиберди. Аны уккан Мусулманкул шашылыш ордого кайтып, биртке исфаралыктарды Кокон дарбазанын түбүндө кыйратып таштап, дагы эч тоскоолдуксуз ордого кирди. «Балдары кайда болду экен?..» Ушул ой көңүлүн өйүтүп келе жаткан.
– Балдар кайда?- Үңүлдөп ыйлап тосуп чыккан Жаркын айымга карабай ичкери жулунду.
Мала, Сопу, Кудаяр үжүрөнү ичинен дембелеп отурушкан экен. Жаркын айымдын тула бою калтырап, үнү каргылданып:
– Бек... Ырайым кылың, бек..- деп каалганы тосту. – Буларга так-таажынын кереги жок, такка отуруп атасы эмне тапты, жандары калсын, бек... Кетебиз, кайра Таласка...
Мелтейип тиктеп калды Мусулманкул:
– Ыя, кетебиз десеңиз эле кете бересизби, канике айым? «Ан болгон каны менен жуунуп гана кутулат!
– Каны менен жуунду го «кан» болгону?! А «кан» боло электеринде эмне күнөө?!

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан