Дүйшөнбек Зилалиев: «ГЕОЛОГИЯ ТАРМАГЫ МАГА БЕЙТААНЫШ ЭЛЕ, АТҮГҮЛ ИМАРАТЫ КАЙДА ЭКЕНИН БИЛЧҮ ЭМЕСМИН»

Каарманым өлкө үчүн, эл үчүн пайда келтирүүнү көздөй турганын өзгөчө басым жасап айтып жатты. Буга чейинки сандарыбыздын биринде билекти түрүп киришкен кызматы тууралуу маек курган Дүйшөнбек мырза бул ирет үй-бүлөсү, жеке жашоосу тууралуу айтып берди.

КУРУУЧУЛУКТАН БАШТАЛГАН ЖОЛ
Туулган жылы, күнү – 1973-жыл, 16-июль
Туулган жери – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары
Билими – Түркиянын ИИМине караштуу Анкара полициялык академиясын бүтүргөн, юрист.
Эмгек жолун 1990-жылы куруучу, электр монтаждоочулуктан баштаган.
2005-2009-жылдары президенттин администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча серепчиси,
2009-2010-жылдары Коргоо, коопсуздук жана укук тартиби боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчи кызматынын инспектору,
2013-жылдан тартып Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору.
Кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.

«САБАКТАН ЧЫГЫП ТООЛОРДУ КЫДЫРГАНДЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮМҮН»
-Туулуп-өскөн жерим Кара-Көл шаарчасы эки тоонун ортосундагы кичинекей өрөөн. Айылдаштарым, досторум, классташтарым болуп сабактан чыгып алып тоого чыкканды жакшы көрчүбүз. Балким, ошол кезде эле менде кандайдыр бир геологияга болгон кызыгуулар болгон окшойт.
Балалык дегенде эле ошол күндөр эсиме түшөт. Шок балдардын катарын толуктап, тентектик кылып жүрүп эле чоңойдум. Бирок ашыкча кетип, ата-энемди уяткарган же эсимде сакталып кала тургандай шоктук деле кылган жокмун. Жыл сайын жайкы каникулда таенемдин үйүнө барып эс алып, анын тарбиясы менен чоңойдум. Балалыгым эсимде жагымдуу эскерүүлөр менен сакталып калгандай бактылуу өттү. Союз убагы, элдин маанайы жайдары, ак көңүл, адамгерчиликтүү, таза эле. Акча, байлык деген нерселерден руханий, моралдык баалуулуктар алдыда болчу, алар баарынан өйдө турчу. Тилекке каршы, мамлекетибиз көз карандысыздыкты алгандан тартып көп жоготууларга учурадык, айрыкча моралдык баалуулуктар, тарбиядагы көз караштар өзгөрүлүп кетти.

«АТАМ ТЕРГӨӨЧҮ БОЛБОЙ, КУРУУЧУ БОЛ ДЕЧҮ»
-6-классымдан тарта эле келечекте тергөөчү болууну каалап, бул тууралуу ар бир жазган дил баяндарда баса белгилечүмүн. Тилегим ишке ашып, бул багытта билим алып, тергөөчү боло алдым. Атам «балам, айланайын, тергөөчү болуп эмне кыласың? Куруучу эле болчу. Мен да сага жардам берем» деп урушуп калчу. Мектепте өтө үлгүлүү окуучу болбосом да, математика, химия сабактарын жакшы окуп, облустук деңгээлдеги олимпиадаларга барганга жетишкем.
Мектепти аяктаганымда бала кезден берки тергөөчү болом деген каалоом менен Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырып көрдүм. Бирок өтпөй калып, кийинки жылы сынак тапшырууга чейин куруучу болуп иштедим. Кайрадан окууга тапшырууга аракет кылып, Караганда милиция кызматкерлеринин мектебине өтүп кеттим. Дал ошол мен окууга тапшырган 1991-жылы Союз таркап, окууну Кыргызстандагы ИИМдин Бишкектеги жогорку мектебинен улантууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул жакта 1-курсту аяктагандан кийин Түркиядан окуп келүү үчүн академияга алгачкы программалар келип баштады. Мугалимдерибиз эң жакшы окуган 16 баланы тандап, мени командир кылып, 3 жылга Түркияга жөнөтүшкөн.

«САЛФЕТКАНЫ САГЫЗ ДЕП ОЙЛОП...»
-Түркияда жүрүп кызыктуу күндөрдү баштан кечирдик. Ошондо эле Түркия алда канча өнүккөн болчу. Автобустарда бара жатканда алгач тамак-аштар, кофе, шоколаддар берилип, аркасынан баштыкчалардагы салфеткаларды беришчү. Биз, кыргыздар, анын эмне экенин түшүнбөйбүз. Арабыздан бирөө ачып жыттап калды, жакшы жыттанганынан сагыз деп ойлоптурбуз. Бир убакта түрктөр бүктөлгөн кагазды ачып, колдорун аарчып киришти. Көрсө, ал салфетка экен.

«КЕЛИНЧЕГИМДИН КОЛУН КАЙЫН АТАМДАН ӨЗҮМ СУРАГАМ»
-Менде эмнегедир балалык сүйүү, жактырып калуу деген таптакыр эле болгон жок (күлүп). Кийин эс тартып студент болгонумда жабык имаратта (Полиция кызматкерлеринин академиясында) окугандыктан, анда деле кыз сүйүп көргөн жокмун. Бирок жубайымды бир көрүп эле сүйүп калгам. Негизи аны кичине кезинен бери таанычумун. Кийин мен Москвадан докторлугумду жактап келип, Жаңы жылды тосууга айылга баргам. Үйүбүзгө келип калган жубайымдын ата-энеси «кыздарыбыз окуусунан каникулга келишти эле, шаарга ала кетпейсиңби» деп калышты. Ошондо бир кездеги секелек кыздын чоңоюп калганын көрүп, таанышып, сүйлөшүп калдык. Жеткирип келген күндүн эртесинен тартып күнүгө ага чалып, жолугууга чакырып, жумушунан узата баштадым. Баарынан кызыгы, келинчегимдин колун суроо үчүн, мурун-кийин тааныш болуп жүргөндүктөнбү, алардын үйүнө, кайын ата, кайын энемдин алдына барып, «кызыңарды жактырып жүрөм, мен ага үйлөнгөнү жатам» деп айткан элем. Кийин ата-энелерибиз өз каадасын кылып, кыргыздын салты менен башыбызды кошушкан.
Учурда 1 кыз, 1 уулубуз бар, жакын арада үчүнчү наристебиздин жарыкка келишин күтүп жатабыз.

«АТА-ЭНЕМДИН СӨЗДӨРҮ ТУУРА ЖОЛГО САЛЫП ТУРАТ»
-Ата-энем катардагы эле жөнөкөй адамдар. Атам бизди өтө катаалдыкта тарбиялады. Бирок атамдын мындай тарбиясы болбосо, ким билет, мен азыр кайсы багытта жүрмөкмүн, жолумду туура таба алат белем, жокпу... Ал киши атасынан эрте ажырап калган экен, ошондуктан өзү көргөн оорчулуктарды 4 уулуна көргөзбөгөнгө аракет кылып чоңойтту. Апам болсо балдарына эч качан катуу айтпаган, абдан мээримдүү инсан. Апам менен чогуу отуруп сырларыбызды бөлүшөбүз. Алардын бүгүнкү күнгө чейин «бизди уят кылбай, жаман нерселерге кызыкпай, этият иште» деп айткан сөздөрү да мени туура жолго салып турат.

«ӨЛКӨДӨГҮ БАРДЫК КЕНДЕР КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАЙДАСЫ ҮЧҮН ИШТЕСИН ДЕП ИШТЕП ЖАТАБЫЗ»
–Агенттиктин директорлугуна буга чейин жөн эле юрист эмес, күч органдарынын юристи, тергөөчү болуп иштеп жүргөнүмдөн улам келип калгам. Акыркы 3-4 жылдын ичинде агенттикте жаңжалдар болуп, тилекке каршы, коррупциялык чыр-чатактардан башы чыкпай калган эле. Мындан улам бул системди жөнгө сала турган киши келиши керек деген максатта ошол убактагы өкмөт, мамлекет башчынын ишеними, буйругу менен дайындалдым.
Менде алгач кооптонуу пайда болгон. Коркконум, бул тармакты такыр эле билчү эмесмин, ал тургай имараты кайсы жерде жайгашканынан да кабарым жок болчу. Чоочун коллектив, тааныш эмес адамдар, чоочун кагаздар... «Кагаздарга билип-билбей туура эмес кол коюп, каталарды кетирип алып, жоопко тартылып калган учур болбосо экен» деген коркуу болгон. Мына 1 жылдан ашты, эмгек жамаатка ыраазычылыгымды билдирем. Алгач мага ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышканы менен, ачык сүйлөшүп, так иштеше келгенде алар мени колдоп кетишти. Алдыга көптөгөн пландарды койдук. Алардын ичинен эң негизги максат – өлкөдөгү бардык кендерди Кыргызстанга пайда келтирүү үчүн иштесин деп иштеп жатабыз, ушул биздин алдыдагы планыбыз. Бул багытта маселелер өтө көп болгондуктан, бул үчүн көп убакыт талап кылынат, бирок бара-бара калыптанат деп ишенем.

Учурда 1 кыз, 1 уулду тарбиялап, үчүнчү наристебизди күтүп жатабыз».

Ширин Турдакунова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nur16
2014-09-22 20:13:09
бактылуу болгула
0
Bexa9595
2014-09-26 17:37:31
экоо тен эле апасынын балдарыгооо
0
zara-919
2014-09-27 13:24:31
аялы оруска окшош го.. кызынын көзү атасыныкына окшош экен.
0
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан