УЛУТТУК ОНКОЛОГИЯ БОРБОРУ АКЧА ТАБУУЧУ ЖАЙБЫ?

Редакциябызга жардам сурап, кайсы бир маселелер боюнча иликтөө жүргүзүүнү өтүнгөн каттар көп түшөт. Аларга колдон келишинче көңүл буруп, окурмандардын суроолоруна жооп алып берип, гезитибиз алкыштарга да арзып келет. Бизге келген каттардын арасынан Улуттук онкология борборундагы медициналык аппараттын жетишсиздигин айтып кайрылган айымдын өтүнүчү боюнча аталган борборго жөнөдүк.

ЖАЛГЫЗ «АГАТ-В» АППАРАТЫ 1 ЖЫЛДАН БЕРИ БУЗУК
Улуттук онкология борбору өлкөбүздөгү рак оорусу менен жабыркап келген жарандарды кабыл алган жалгыз мекеме. Өлкөнүн ар бурчунан медициналык жолдомо менен ооруларын аныктоо жана дарылануу үчүн ушул борбордун босогосун атташат. Акыркы учурда залалдуу шишик оорулары менен жабыркагандардын саны өсүп, аны дарылоодо маселелер жаралып келет.
Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын аялдардагы жатын моюнчасынын шишик оорусуна кабылгандар 500 миңден ашат. Ал эми аталган оорунун баштапкы стадиясын жарыкка кактоо ыкмасын ишке ашырган аппарат өлкөбүздө жок. Башкача айтканда, Улуттук онкология борборундагы жалгыз «Агат-В» үлгүсүндөгү аппарат 1 жылдан бери бузук турат.

«КАЗАКСТАНГА БАРЫП ДАРЫЛАНУУГА ШАРТЫБЫЗ ЖОК»
Улуттук онкология борборунун радиогинекология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтап, 53 жаштагы ГҮЛИЙПА МАМБЕТОВА:
– Радиогинекология бөлүмүнө ар башка курактагы аялдар ар түрдүү шишиктер, эрозия, киста, миома жана башка дарттар менен келишет. Бул дарттардын арасынан аялдардын жатын моюнчасында пайда болгон шишиктин алгачкы стадиясын жарыкка кактап, лазер менен арылтса болот экен. Аны ишке ашыруучу аппарат Кыргызстанда бир жылдан бери бузук турат.
Аталган аппаратка какталуу үчүн Казакстанга барууга туура келет. Бир дарылануу курсунан өтүүгө 5 жолу барыш керек экен. Ар бир какталган сайын аппараттын кызматына 100 АКШ долларын төлөйсүң. Казакстанга бир жолу барып келгениңдин жол киреси 1500 сом, жолдон тамактанганга 500 сом кетет. Ошондо 5 жолку барганды эсептегенде аппаратка 500 доллар, жол кире менен тамак-ашка 10000 сом керектелет. Бул дагы ашыкча тамак жебей, эптеп курсак тойгузуп барып келгениңдин эле баасы. Акча маселеси өзүнчө көйгөй болсо, ал жакка баргандагы жол азабы, казак дарыгерлеринин кылган мамилеси бир тең болот. Барганда аппараттын кабылдоосунда 15-20 мүнөт гана болосуң. Ошого 100 долларыңды карматасың да келе бересиң. Дарылоо курсун толук алганга мүмкүнчүлүгү жок, жөн эле чыгым болгондор же 5 жолу барып 1 курсту толук алса да, кандайдыр бир себептерден айыкпай эле оорусу күчөп кеткендер да бар. «Башы оорубагандын Кудай менен иши жок» дегендей, азыр аялдардын ооруларын башынан өткөрбөгөндөр биздин оору менен иштери да жок. Ушул аппаратты оңдотуп же башкасын алууга жардам бергиле деп Жогорку Кеңештин депутаттарына, массалык маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарына чейин кат жолдодум. Арасынан көңүл бөлүп ушул жерге келген жалгыз силер болуп отурасыңар.

«КАЗАКСТАНГА БАРЫП ДАРЫЛАНГАНДАН БАШКА АЙЛА ЖОК»
Радиогинекология бөлүмүндөгү бейтаптардын көйгөйүн уккан соң Улуттук онкология борборунун башчысынын милдетин аткаруучу БАКЫТ ШАИМБЕТОВго кайрылып, төмөнкүчө жооп алдык:
– Аялдардын жатын моюнчасында шишиктин пайда болушу көп кездешкен оорулардын катарында. Ооба, учурда Улуттук онкология борборунда ошол шишик ооруларын жарыкка кактоочу аппарат бузулуп, бир жылдан бери мындай оорулууларга кызмат көрсөтө албай келебиз. Аргасыздан бейтаптарга Казакстанга барып дарыланып келүүгө медициналык жолдомо жазып берип жатабыз, башка айла жок. Бул боюнча тиешелүү жактарга жардам сурап кайрылганбыз. Аппарат оңдолсо, оңдолбосо да жакын арада анын жаңы үлгүдөгүсүн алып келели деп жатабыз.
1 айдан бери Чубактын кунундай чубалган Балдар онкологиясы бөлүмүндөгү кадр маселесине байланышкан чуудан колу бошобой жүрдүбү, айтор, Бакыт Шаимбетов сурообузга кыска жооп берип кутулду. Жетекчиликтин колун байлап, алагды кылып жаткан борбордун Балдар онкологиясы бөлүмүндөгү маселе дагы эң көйгөйлүүлөрдүн бири. Окуяга кыскача болсо да кайрылууну туура көрдүк.

СОО БАЛДАРДЫ ДЕЛЕ РАК ДЕП ДАРЫЛАЙ БЕРИШКЕН
Эске салсак, август айынын башында ата-энелер Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Дамира Байзакованы туура эмес дарылоодон улам балдардын абалынын начарлашына, көптөгөн өлүмдөргө жана туура эмес койгон диагноздорго күнөөлүү деп билдиришкен. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги 15 эксперттен турган комиссия түзүп, алар аталган бөлүмдү текшерип чыгышкан. Анда дарыланып жаткан балдарга жеткиликтүү медициналык жардам уюштурулбай, 800 баланын ооруу тарыхы жазылган китепчесинин 40 пайызы толтурулбаганы, 30 пайызы чала толтурулганы билинген. Ошондой эле ооруканадагы хирургиялык блоктор боюнча атайын журналдар талапка жооп бербеген учурлар кездешкени аныкталган.
Мунун негизинде ошончо бала онкологиялык оору менен жабыркайбы же жокпу, аныкталбастан эле дарылоо курстары дайындала берген экен. Атайын комиссиянын чечими менен аталган бөлүмдүн жетекчиси Дамира Байзакова кызматынан алынган.

«АКЧА ТАБА ТУРГАН БУЛАККА АЙЛАНЫП КАЛГАН»
4-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн тиешелүү комитеттин жыйынында да Улуттук онкология борборунун айланасында сөз козголду. Анда депутат ИРИНА КАРАМУШКИНА төмөнкүлөрдү билдирди:
– Улуттук онкология борборундагы балдар бөлүмүн акча табуучу булакка айландырып алгандары өкүндүрөт. Ал жакта көптөгөн мыйзам бузуулар бар экени аныкталса да, мурунку жетекчи тиешелүү документтерди жаңы жетекчиликке өткөрүп бербей жатат. Ал тургай Беларустан келген профессорго да балдарды кароого уруксат бербей койгон. Ошол жакта дарыланып жаткан балдардын биринде онкологиялык дарт жок болсо деле рак деп дарылай беришкен. Ал балада болгону лимфа бездери боюнча гана бир аз көйгөй болгон. Мындай туура эмес диагноз койгон учурлар буга чейин да болуп келгенин ата-энелери айтып чыгышкан. Ар бир эле ата-эне баласы үчүн эч нерсесин аябай 100 миңдеген акчаларын жумшашат. Балдарды химикаттар менен уулап коюп, коррупционерлер ортодо борборду акча табуучу «саан уй» кылып алышкан.
Бир нече баланын өлүмүнө себепкер деп ата-энелер тарабынан күнөөлөнүп жаткан Дамира Байзакованын иши укук коргоо органдарына өткөрүлгөнү менен жүйөлүү чара дагы деле көрүлө элек. Ал тургай буга чейин анын үстүнөн 180 арыз түшсө да, министрлик эч кандай чара көргөн эмес. Ал эми 4-сентябрда Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнө Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 000 сом бөлүнгөнү маалым болду. «Бала ыйлабаса эмчек кайда?» демекчи, өлкөбүздө сөзсүз эле митингге чыгып же кайра-кайра кат жолдоп жатып маселе чечип калдыкпы деген ойго келдик.

Борбордогу «Агат-В» аппараты. Жаңысын сатып алуу үчүн болжол менен 50 миң АКШ доллары керек.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"30 жылдан кийин кыздар жатынсыз калып, төрөй албай калышат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Ariet7
2014-09-22 15:07:12
Кудайым ай не только онкология эмес Кыргызстанда кайда барба коррупция .окунучтуу
+2
Azura
2014-09-22 20:00:34
Неужели бир жылдан бери 50 000 $ аппарат алганга мумкунчулук жок? Бир депутат тээп жургон машинасын сатып алып берсе чон соопко калмак...
+2
Ханбийке
2014-09-23 00:59:14
Azura, машинасын сатпаса деле үйүндөгү сейфиндеги же банкка катып койгон акчасы деле бир эмес 10 аппарат алганга жетсе керек.
0
nazku
2014-09-23 13:14:40
Мен да ушул борбордо операция болгом. Операциядан кийин кызынарды озунор которуп тушкуло, лифт иштебейт дешиптир. Кудай жалгап лифт иштеп кетип, кайра лифт менен тушурушуптур.
0
malik.87kg
2014-09-23 14:26:39
ХХХ менен врачтардын колуна тушкулук кылбасын ХХХ ХХХ ХХХ акчан болсо карашат жок болсо сен мал катары эсептейт
0
admin_superstan
2014-09-23 14:36:28
malik.87kg, мазактоого жана жаргон сөздөргө тыюу салынган! Эсиңизде болсун!
0
iskra77
2014-09-24 23:29:22
Ушуга окшогондорду окуп алып кыргызстанга баргын да келбей кетет:-(
0
nur85
2014-09-25 02:06:23
Куда кааласа жакында Крга на совсем кетебиз деп кыялданып аттым эле.эч баргым келбей калды.эми Россиядан эле гражданство алып бала чакамды алдырып ушул жакта эле жашасак окшойт.эн эле болбоду дегенде свет эч качан очпойт анан медаппараттын туру иштейт.эх кыргызстан онугооруно совсем ишенбей калдым.ар ким оз очогуна кул тартып жатып байкуш кыргыз карапайым эл кантээр экен
0
chomly88
2014-09-25 07:23:26
Ооба, мен да Россияда больницага бир нече жолу тушком,документим жок болсо деле аябай жакшы даарылашкан,кийин Кыргызстанда больницага барсам ооруп турганыма карабастан уйуно барып оз алдынча даарылана деп чыгарып коюшкан,ичине кирсен шарты жок бир жума мурун стирилизовать эткен инструменттерин колдонушат экен,мамилелери корс.
+1
mastermaster
2014-09-25 23:15:50
chomly88, это спарта!!-дегендей это кыргызстааааан!!!!!
0
netsa
2014-09-27 10:10:02
Айрыкча стоматология тармагындагылар тазалыкты сактоо дегенди унуткандай! Алдында чыккан кишинин оозуна салып,тишин чукулаган аспабын,кайра сенин оозуна сала беришет. Айтсан сенин ишин эмне дегендей мамиле жасашат!.
0
nazimka
2014-09-28 22:30:50
Урматтуу супер.Мен силерден сурайын дегеним,кыргызстанда подушка менен дарылоо чыгыптыр го.11мин сом турат экен бир подушка.Биринчи он кун бекер даарылайт экен ,жалалабаттан кордум.Балдар учун дегени да бар экен.Сурайын дегеним бул мошенниктер эмеспи,зыяны канчалык ?Билип макала жарыялап коюнуздарчы сураныч.
0
admin_superstan
2014-09-29 08:47:30
nazimka, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
abdykadyr
2014-11-08 05:33:09
Традиционный медицина бул азыркы учурда бизнес болуп калган.Элдик медицина менен даарылоону керек.
0
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан