КИМДИН ЮМОРГО ШЫГЫ КҮЧТҮҮ?

Күлкү - ден соолуктун мүлкү

Адамдын тамашакөйлүгүн айткан анекдотунан баамдаса болот. Андыктан биз да атактуу мырзаларыбызга анекдот айтып берүүсүн сурап кайрылып калдык. Алардын кээ бирлери өзү тууралуу анекдот айтса, айрымдары жактырган анекдотторун айтып күлдүрүүгө аракет кылышты.

КАМЧЫ САРЫБАЕВ, ди-джей
– Көчөдө кыздар баратышат дейт. Баары абдан татынакай экен. Аларга бир жигит тийишип:
– Кечиресиңер, кыздар, сулуулук салонуна барды­ңарбы?
– Ооба-а...
– А эмне салон жабык бекен?!
(Жактырган анекдоту)

ТЕМИР БИРНАЗАРОВ, режиссёр
– Сьёмка учурунда режиссёр Альгимантас Видугиристин башынан өткөн бир кызыктуу окуяны айтып берейин. Ал кишинин бир ак күчүгү болуп, ал аны дайыма жанында алып жүрчү экен. Анан бир күнү убакыт кенен болуп калып, тасма тартуучу топ дасторкон жайып чакан майрам уюштурушат. Тамактанып бүтүшкөндөн кийин Видугирис баарына кайрылып “сөөктөрдү ыргытпагыла, мен күчүгүмө берем” деп калат. Анан сөөктөрдү чогултуп алып, күчүгүн кечке издеген дешет. Көрсө, ашпозчулар күчүгүн союп, тамак жасашкан экен. Анан ал өз күчүгүнүн сөөктөрүн көтөрүп алып, күчүгүн издей бериптир.
(Турмуштан алынган анекдот)

АЙБЕК КАРЫМОВ, ырчы
– Троллейбуста бир студент колуна костюмун кармап алып баратат. Аябай арык экен. Аны карап отурган ардагер аял боору ооруп:
– Кел, балам, отуруп ал.
– Жок, энеке, рахмат.
– Ай, келе анда, жок дегенде кос­тюмуңду кармап алайын.
– Бул костюм эмес, досум...
(Жактырган анекдоту)

ЭРМЕК НУРБАЕВ, телеалпаруучу
– Коён токойдо баратса, жолдо арстан жатат дейт. Коён:
– Арстан байке, өтүп кетейинби?- десе, Арстан:
– Өтөгой, өтөгой,- деп сылык жооп берет. Бир убактан кийин коён кайрадан ошол эле жол менен келатса, арстан дагы эле жатат. Коён кайра эле:
– Арстан байке, өтүп кетейинби?- десе, Арстан:
– Өтөгой коён, өтөгой,- деп кайталайт экен. Бир аздан кийин коён үчүнчү жолу ошол эле жол менен келатса, арстан дагы эле жатат. Анан дагы эле өтүп кетейинби десе, өтөгой дейт. Анда коён:
– Арстан байке, деги эмне болду сизге, эмне биякта жатып калгансыз?- десе, арстан:
– Капканга тү­шүп калдым!- деп кыйкырат экен. Өз кезегинде коён:
– Эй, арстан, эмне кыйкырасың? Үнүңдү катуу чыгарба мага?- деп кый­кырыптыр.
(Жактырган анекдоту)

ЖАМБЫЛ КАМЧИЕВ, куудул
– Рахман Разыков интервью берип жатат. Жур­налист:
– Рахман байке, ай­ты­­ңыз­чы, биздин артисттерден кимиси бай да, кимиси кедей?
– Артисттерибизден эң байы Ибрагим Жунусов, ал эми кедейи Жамбыл Камчиев. Ошол эле журналист Жамбылга байланышып:
– Рахман байке сизди артисттердин ичинен эң кедейи деп айтты. Ушул чынбы?- десе, Жамбыл:
– Ибрагим менен кошуна турабыз. Бирок анын бай экенин билбейт экенмин. Балдары күндө келет, кетмен, күрөк, араба сурап ,- деп жооп берип коёт. Муну уккан Ибрагим Жамбылды үйүнө чакырып:
– Жамбыл аке, бул эмне кылганыңыз? Мени баарына уят кылдыңыз го,- дейт. Анда Жамбыл:
– Эмне, балдарыңдын сурап баргандары жалганбы?
– Эй, болду! Экинчи Жамбыл акеникине бирдеме сурап барбагыла,- деп ачууланат Ибрагим. Ал эми Жамбыл үйүнө кетет. Окуянын эртеси эле Жамбылдын дарбазасы такылдайт. Чыкса Ибрагим туруптур. Жамбыл:
– Эмне болду, таң атпай?
– Акыркы жолу арабаңызды берип турасызбы? Таштандыларды ташып алайын.
– Ушуга ушунчалыкпы? Балдарыңды эле жөнөтпөйсүңбү?
– Кечээки сөздөн кийин келбей жатышпайбы. “Жамбыл аке бербей коёт” деп.
(Турмуштан алынган анекдот)

Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Майрам эже
2009-11-21 02:17:00
Камчы Сарыбаев таланттуу деп ойлойм.
0
Joldoshbek
2009-12-09 11:25:29
Араба сурап келгени жакты. Кайра-кайра эстеп алып эле боорум эзилип кулуп калам.
0
Айдош
2010-01-11 14:26:24
Камчы Сарыбаев анекдоттун жакшылап маанисин чыгарып айтып бербесе куло алган жокмун. а Т.Бирназаровдуку жиндидей экен. А.Карымов билбейм айланайын. Э.Нурбаевдин анекдоттун мен 3 жашымда элге айтып берчумун. Ж.Камчиевдики жакты кантсе да куудул да. :)
0
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан