ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (22-сентябрдан 28-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада сиздин чечкиндүүлүгүңүздөн көп адам көз каранды. Ошондой эле так иштөө кажет. Артыңыздан түшүп алган адам ишиңизден кынтык таппагандай болсун. Керексиз достордон арылуучу убакыт келгенин да эске алуу оң. Шейшембиде документ иштери бир топ түйшөлтөт. Бейшемби – насыя алууга, чоң буюм сатып алууга ылайыктуу. Жекшембиде сизди чарба иштери күтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында маанайыңыз ачык болуп, айланадагы адамдарга мээрим бере аласыз. Апта ортосунда иште абал курчуйт. Жиниңиз менен баарын таштап басып кетпеңиз. Жума күнү акчалуу болуп, керектүүлөрдү сатып алууңуз ыктымал. Ишембиде кимдики туура, кимдики туура эмес экендигин тактоого кыйын окуяга аралашасыз. Эмнеси болсо да калыстыкты сактоо оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында ачууңуз мурдуңуздун учуна келип, чыр-чатакка жакын болууңуз мүмкүн. Бирөө-жарымды таарынтып алсаңыз, мамиле биротоло үзүлүшү мүмкүн экенин эске алыңыз. Апта ортосунда тойго белек көтөрүнүп барып, олжолуу кайтууңуз мүмкүн. Жуманын аягында достордун жардамы менен үйдөгү бүтпөгөн иштерди бүткөрүүгө киришесиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада сунуштарыңыздын туура экендигин чөйрөдөгүлөргө ишендире билүүңүз зарыл. Ошондо гана каалооңузду башкалардын колу менен жасатууга жетишесиз. Бирок апта ортосунда сындайм деп кимдир бирөөнүн куйругун басып албоо кажет. Апта аягында самаган буюмуңуз колуңузга тиет. Андан тышкары конок күтүүгө үлгүрөсүз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Тиричиликке өтө бүйрө болуп чыга келесиз. Киреше-чыгашаңызды да эсептеп, алдыга пландарды түзөсүз. Сүйүктүүңүз айткан сынга кайдигер карабай, оңолууга убада бериңиз. Дүйшөмбүдө кайсы бир ишке сизди күнөөкөр кылгысы келгендер болот, абайлаңыз. Бейшембиде шашылыш иштер менен коңшу айылга же шаарга барууңуз ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өз алдынчалыгын сактай алгандар гана сыноолорго туруштук берип, маяналарынын көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк алышат. Ден соолукка кам көрүп, майлуу тамактардан алыс болуп, диета кармоого киришиңиз. Шаршембиде жашоого кумарлантчу окуяга кез келүүңүз күтүлүүдө. Жума күнү бирөөлөргө ишенип акча бербеңиз, кайтпай калуусу ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Иште жөндөмүңүздү көрсөтпөсөңүз, башкалар сизди артка таштап кетүүлөрү мүмкүн. Бул карьераңызга зыянын тийгизет. Мен издеген адам ушулбу же жокпу деп чайналган бойдоктор баш кошууну пландабай тургандары оң. Бейшембиде жолдо калбоо үчүн барган жерден эрте кайтуу кажет. Ишембиде ашыкча колу ачыктыктын кереги жок.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жан дүйнөңүз түйшөлүп, өзгөрүүнү самап турган учуруңуз. Андыктан келечек пландарды өзгөртүп, тааныштардын чөйрөсүн кеңейтесиз. Дүйшөмбүдө алыстагылар жиберген акча же буюм колуңузга тиет. Шаршембиде жакындарыңыздын маселеси менен убара тартууңуз ыктымал. Жума күнү акчаны ашыкча коротпоо үчүн зарыл нерселерди гана алыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
«Эмгекчил кулда чарчоо жок» деген сөз бул аптада сизге тиешелүү болмокчу. Иштин майын чыгарганга жараша ийгиликти да камсыз кыласыз. Дүйшөмбү жагымдуу жаңылыгы менен кубандырат. Бейшембиде санаалаш достор астанаңызды аттайт. Апта акыры майда кырсыктарга жакын, андыктан караңгыда калбай, унааларда абайлап жүрүү кажет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада ийгилик кыйгач өтүп кетпесин десеңиз, кооптуу деп эсептелген ишке көз жумуп аралашып кетпөө зарыл. Организмди тазалоого киришиңиз. Ал үчүн ширелерди жана балды кайнак сууга кошуп ичүү керек. Шейшембиде жаңы иш сунуштагандар чыгат, ойлонуп көрүңүз. Жума күнү турак жай, мурас маселелери козголот.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада материалдык абалды чыңдоого күтүүсүз жерден мүмкүнчүлүк чыгат. Колдонуп калыңыз. Сүйүүгө келсек, иренжип калбашы үчүн жүрөгүңүздөгү адамды жөнү жок кызгантуудан алыс болуңуз. Апта ортосунда байкабай жаңы маалыматтарды өткөрүп жибербеңиз, кийинкиде керек болот. Апта акырында чарчап, жалкоолук артат. Бирок ага жол бербей, кышка даярдыкты улантыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада көп жерлерге барып, бейтааныш адамдар менен маектешесиз. Эске алчу нерсе, суук тийип калбашы үчүн жылуу кийинүү кажет. Ал эми сизди кыжалат кылган иштер боюнча улуу адамдардан кеңеш алыңыз. Кирешеңиздин көбөйгөнүнө жараша чыгымдар да өсөт. Эски достор менен чогуу-чаран ишиңизди бүткөрүп алууга да мүмкүнчүлүк болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан