Кыргызстан Бажы биримдигинин босогосун аттаганы турат. Буга чейин анын жакшы да, жаман да жактары айтылып келди. Экономисттерибиздин бири мындан Кыргызстан утат десе, дагы бири өтө кымбатчылык болорун айтышууда. Өкмөт 22-сентябрдан баштап автоунааларга бажы алымдарын жана салыктарын көбөйтүп, кымбаттоонун башын баштап берди. Андан кийин сырттан кирген автоунааларга бажы төлөмдөрү дагы 5 этапта көтөрүлмөкчү.
КЫМБАТЧЫЛЫК МАШИНАДАН БАШТАЛДЫ
2-сентябрдан баштап бажы алымы көбөйүп, унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша 1 куб сантиметрине 10-15 центке (болжол менен 5,4-8,1 сом) кымбаттамакчы. Учурда 2000 сантиметр куб кыймылдаткычтуу унаанын бажы алымы 600 доллар болсо, 22-сентябрдан тарта анын үстүнө 200 доллар, ал эми 3000 сантиметр куб кыймылдаткычтуу унаага
450 доллар кошулат. Келерки жылдын биринчи күнүнөн тарта бажы алымы дагы 50 центке көбөйүп, ал 2020-жылга чейин өсөт. Муну өкмөт Бажы биримдигинин стандарттарына шайкеш келтирүү чарасы катары түшүндүрүүдө.
Айрым адистердин айтымында, Кыргызстанда 10-15 жылга жете турган сандагы унаа бар (өлкөбүздө 1 миллионго жакын автоунаа катталган, 2013-жылы эле 97 миң унаа сырттан ташылып келинген). Ошондуктан бажы алымы кымбаттагандан кийин Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн унаа ташып келүү кескин солгундап кетиши мүмкүн.
БИЗДИ ОРУСИЯГА САЛЫШТЫРУУГА БОЛБОЙТ
Өлкөбүздө буга чейин бажы алымы төмөн болгондуктан, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу автоунаа арзан. Бажы алымы кымбаттаган соң машина да кымбаттайт деген эл унааны арзан кезинде алып калууга ашыгышууда. Анын негизинде унаалар аз да болсо кымбаттап кетти. Негизи эле бажы алымы же башка бардык эле салыктардын кымбатташы калктын кыжырдануусуна алып келет. Аны да түшүнсө болот, себеби ошол эле Бажы биримдигине кирген Орусия же Казакстан калкынын тапкан кирешесин биздикине салыштырып болбойт.
Бажы биримдигинин курамына кирген өлкөлөр кабыл алган Бирдиктүү бажы тарифине ылайык, жеңил автоунаалардын бажы алымынын ставкасы унаанын чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карата бир куб сантиметрине 1,20 евродон 5,8 еврого чейин барат.
"КАНЧАЛЫК КЫМБАТТААРЫ БЕЛГИСИЗ"
Эгер элде унаага болгон суроо-талап аз болсо, унаа баасы асман чапчып кетиши да күмөн. Бирок унааларды баасы бизден 2 эсеге кымбат болгон Казакстан менен Орусияга ташып кетип, унаалар кымбаттап кетиши да толук мүмкүн.
АЙЫЛЧЫ САРЫБАЕВ, экономика боюнча серепчи:
– Бажы алымы кымбаттаса, алып келинген унаалардын баасы да кымбат болот. Бирок ал бааны эл көтөрө албаса, ишкерлер унаа ташыганды токтотуп коёт. Бул эми базар мыйзамы да. Ал эми мурун кирип, арзан убакта бажы алымы төлөнгөн унааларды ээси каалаган баасын коюп сата берет. Унаага суроо-талап көп болсо кымбат, жок болсо айласыз арзан сатышы мүмкүн. Алардын канчалык деңгээлде кымбаттап кетиши тууралуу азырынча айтуу кыйын. Орусия, Казакстан өлкөлөрүнө унаалар ташылып кетет деп айтканга да болбойт. Себеби ал өлкөлөрдө элдин жашоо деңгээли жогору болгондуктан, жаңы, кымбат машиналарды минип жүрүшөт. Ошондуктан биздин эски машиналарды албашы да мүмкүн.
БАЖЫ АЛЫМЫ 15 ЭСЕГЕ ЧЕЙИН КӨТӨРҮЛӨТ
Өлкөбүздө өтүмдүү болгон автоунаалардын айрымдарынын бажы төлөмү кымбаттагандан кийин канча болорун болжолдуу эсептеп чыктык.
Мисалга, баасы 3500-4000 доллар болгон 1300 сантиметр куб кыймылдаткычтуу 2004-жылы чыккан Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын бажы алымы учурда 390 доллар болсо, жаңы жылдан кийин бул суммага дагы 2990 доллар кошулат. Ал эми 2019-жылдагы бажы алымы 5980 долларды түзөт.
Эми чыкканына 2 жана 10 жыл болгон, кыймылдаткычынын көлөмү 2000 сантиметр куб автоунааларды 2019-жылдагы тариф менен эсептеп көрсөк:
2019-жылдагы тариф боюнча:
Тарифтик торчону карап көргөндө эң жогорку бажы алымы эски унааларга тиерин байкоого болот. Ошентип жаңы унаалардын бажы алымы эскилерге салыштырмалуу бир аз арзан болмокчу. Бирок жаңы унаалардын өз баасы карапайым элдин чөнтөгүнө чак келбейт. Бизде жаңы, кымбат унааларды эсептелүү гана адамдар минишет. Аларга унаа кымбаттайбы же жокпу баары бир эмеспи.
2014-жылы алынып келинген автотранспортту бажылык тариздөө чыгарылган жылына карата:
Кымбаттоонун этаптары төмөнкү торчодо көрсөтүлгөн:
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg