Ырларынан да, кийиминен да кыргыз жыты урган ырчы Гүлзада Рыскулованын талантын баалагандар көп. Ошол себептенби, жакында Чолпон-Атада өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышында да, жабылышында да ырдады. Ал «мен жашоодон өзүмдү таптым, бактылуумун» дейт.
– Гүлзада, көчмөндөр оюнунда жакшы ырдадың, эл да жакшы кабыл алды. Ошол тууралуу кеп учугун баштасаң.
– Негизи биз, ырчылар кайсыл жерде ырдабайлы жакшы чыкканга аракет кылабыз. Аткарып жаткан ырыма кийимим, макияжым жарашсын, төп келсин деп башынан эле изденем. Албетте, элибиздин кол чапканы, кыйкырып сүрөгөнү мага угулду, сездим, көрдүм, ыраазы болдум.
Мен көптөн бери кыргыздын улуттук оюндарын көрө албай жүргөм. Бул сапар ушундай сонун шарт түзүлдү. Биздин спортчулардын күчүнө баа бердим, сыймыктандым. Жанымдагылар оюнчуларды сүрөп жатса менин да каным кызып, алар менен жарышып кыйкырып жатыптырмын, аны көптөн кийин байкадым. Чынында, сонун ырахат алып келдим.
– Майрамдык салтанаттын ачылышында, ортосунда, жабылышында да ырдадың. Гүлзада эле ырдай береби деп ырчылардын көз карашы өзгөргөнүн байкаган жоксуңбу?
– Мени уюштуруучулар чакырышты, барып милдетимди аткардым. Мынча жолу ырдаткыла деген сөз эмес, менде жадакалса ырларымды тандоо укугу да болгон жок, режиссёрлор өздөрү тандашыптыр. Программа боюнча, ачылышында, ортосунда ырдашым керек эле, жабылышында колдоп койгула деп бардык ырчылардан өтүнүштү.
Ырчылардын мага башкача карап, ичи тардык кылганын деле байкаган жокмун. Бирок интернет булактарында ыр ышкыбоздору, шоу чөйрөсүнө жакындар ушундай кеп болду деп жазышты. Албетте, ал жерде сүйүү темасындагы ырлардын өтүмү аз болду. Менин тематикам эл-жерди даңазалоо, ата-бабаларымды барктоо болгондуктан салтанатка бап келди.
– Бала кезиңден эле ырдайсың да, көмөкөй менен ырдоону алып кетүү сага ылайыктуу экенин кантип билдиң?
– Кичинекейимде эле атактуу ырчылардай болгум келип, аларды туурап ырдай берчүмүн. Кийин сенин ырдашыңа сырттан эч ким таасир бербеши керек экенин түшүндүм. Менин үнүм ийкемдүү, кимдин ырын ырдабайын, ошол аткаруучуга окшошуп калам. Азыркы үнүмдү бала кезден алыстан уккандай боло берчүмүн, кийин бара-бара ал үн жакындан угулгандай болду.
Адамдын денеси, акылы жана руханий дүйнөсү бир гармонияга келиш керек, ошондо адамда бир дух пайда болот дешет. Ушул үч нерсе кошулганда гана мен өзүмдү таптым, кандай үн менен ырдоо керектигин түшүндүм. Баягы алыстан угулган үн жан дүйнөмдүн үнү экенин билчү эмесмин. «Мен кыргыздын кызымын” деген ырымдын обону жаралганда өз үнүмдү таптым окшойт.
– Каныкейдин мурунку продюсери менен иштешип жаттың эле, эмне болду?
– Мамасадык (ред. Багышов) экөөбүз расмий түрдө иштешели дегенбиз, бирок ага жеткен жокпуз. «Жаз», «Толгонуу» деген ырларымдын клибин чогуу тарттык. Азыр ал чет өлкөдө иштейт, байланышып турабыз.
– Сенин ишиң күнү-түнү болушу мүмкүн, чет жерге гастролго көп чыгасың, балаңды караганга кантип жетишесиң, ким жардам берет?
– Балам Бишкектен музыкалык мектепте 1-2-классты окуду. Чыгармачылыкка байланыштуу анын сабагын көзөмөлдөгөнгө көпчүлүк учурда жетишпей калып жаттым. Бирөөлөрдүн кызматын пайдаланайын десем эч кимге ишенбейт экем. Баламдын жанында дайыма бирге болгонго шартым болбогондуктан, ата-энеме, Өзгөнгө жибергем. Уулум таптакыр эле шаардык болуп калышын каалаган жокмун. Анын үстүнө айылдын жашоосун билген бала эл-жерине жакын болот деп ойлодум.
Азыр Мейкин 6-класста окуйт. Бир, эки жылда өз алдынча болуп, акылына кирип калат, ошондо жаныма алып келем. Экөөбүз эне бала катары абдан жакынбыз. Бат-баттан телефондон сүйлөшөбүз. Жолукканда кечке сырдашабыз.
– Атасы менен сүйлөшүп турабы?
– Баламдын атасы менен катышышына каршы эмесмин. Кээде жолугушат же телефондон сүйлөшүп турушат.
– Кыз бала үчүн атадан мурун эне чыйпылыктайт эмеспи. «Көзүмдүн тирүүсүндө орун-очок алып ал, турмушка чыксаң болот эле» деп айылга барган сайын апаң айтып калабы?
– Ар бир эле ата-эне баласынын бактысын тилейт эмеспи. Мага дагы апам «турмушка чык, эртерээк бактыңды тап” деп айтып калат. Барган сайын айтпаса да менин турмушум жөнүндө ойлонуп жатканын көзүнөн көрөм.
– Колунда бийлиги, байлыгы бар төбөсү көрүнгөндөрдүн айрымдары артисттерге колдоо көрсөтүп келишет. Колдоо көрсөткөндөрдүн ичинде сенин сүйүүңө арзыгысы келгендер жокпу?
– Мага демөөрчүлүк кылгандар арасында андай ойдо мамиле кылгандар жок. Мен үчүн чыныгы сезим кымбат. Турмушта чыныгы сүйүүмдү таап, бактылуу өмүр сүрсөм дейм.
– Атың чыгып калган адамсың, көчөдө тартынбай эле жүрө бересиңби?
– Тартынбайм, элге жакын болгон жакшы да. Таанып, учурашышса сүйүнөм. Жөнөкөй эле ашканаларга кирип тамактана берем. Кээде ырчы экенимди деле унутуп калам. «Сиз Гүлзада Рыскуловасызбы?” десе анан ырчы экенимди эстеген учурлар болот.
– Рахмат маегиңе, чыгармачылык бийиктиктерди каалайм.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg