ӨКМӨТ КАТАРЫН ТАЗАЛООГО КИРИШТИ

Кезектеги күздүн саясий сезонун адаттагыдай оппозиция эмес, өкмөт баштап берди. Бул жумада ИИМ жетекчисинин, маалымат, маданият жана туризм министринин орду бош калды.
Парламенттеги көпчүлүк өкмөт курамындагы бир катар министрлерди иштен алууну пландап жаткан. «Кара тизмеде» маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, эмгек, миграция жана жаштар
министри Алиясбек Алымкулов бар экендиги айтыла баштаган болчу. 16-сентябрда ички иштер министри Абдулда Суранчиев өз каалоосу менен отставкага кетти. Көп өтпөй Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
16-сентябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева да кызматынан бошотулду. Сыягы, Суранчиевдей болуп «өз каалоосу менен» арыз жазууга көнбөдү көрүнөт, «Ар-намыс» фракциясы аны чакыртып алуу чечимине келди. Мындай чечим өткөн аптада эле кабыл алынганы айтылып, жашыруун добуш берүүдө көпчүлүк депутаттар Талиеваны отставкага кетирүүгө макул болушуптур. Бул кызматтык бошотуу коомчулукта эң эле күтүлгөн жаңылык болду. Талиева аталган мекеменин жетекчилигине сунушталгандан тартып эле анын дарегине кескин сындар айтылып, ал кызматтан алынганга чейин уланып келди. Аталган министрликтин жетекчилигине азырынча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын режиссёру Алтынбек Максүтов жана Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова талапкер болууда.
«Кызматтан алынат» дегендердин катарында эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов да бар эле. Негедир бул сөздөр айтылган боюнча тынчып калды. Апрель революциясынын баатырын ордунан козгоо КСДПга кыйын иш өңдүү. Бул министрдин иш жыйынтыгына купулу толбогондор да көп. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев да бул каңшаар кептерге от тамызып аталган министрликте кадрдык жаңылануулар болорун билдирди. «Биринчи кезекте жумуштан энергетика министрин алыш керек» деген пикирлер учурда коомчулукта өтө көп айтылууда. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеванын да кызматтан алынары сөз болууда.
Кадрдык алмашуу, жаңыланууларды экс-министр Ибрагим Жунусовдун Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп бекитилиши толуктады.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kalbek87
2014-09-22 09:40:28
Оторбайдын баласы инструменттерди алмаштырайын дептир да, сыягы бир аз акча керек болуп калса керек.
0
mig
2014-09-22 12:46:38
Жылдыз Бакашова болсо, "шило на мыло" алмашкандай эле болот...
+1
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан