«Бул кышта кыргызстандыктар күнүнө 15 сааттан электр жарыгы жок отурушат»,- деди 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана кен иштетүү боюнча комитетинин жыйынында Өнөр жай жана энергетика министрлигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү Николай Кравцов. Анын айтымында, 2 миллиард киловатт-сааттан ашуун электр энергиянын жетишсиздиги 650 мегаватт кубаттуулуктун жоктугун билдирет. Бул деген өкмөт берген алдын ала маалыматтардан кырдаалдын кыйла татаал экенинен кабар берет. «Электр энергияны үнөмдөө үчүн кышында республикабыздын түндүгүндөгү абоненттердин ар биринин үчүнчүсүнүн жарыгын өчүрүшүбүз керек. Эгер 12 саатка жарыкты өчүрөбүз десек, анда ар бир колдонуучунун үчтөн экисин жарыгы жок калтырабыз. Эгер биз 8 сааттык чектөө туурасында сөз кылсак, анда бардыгын өчүрүүгө туура келет. Бирок бул жерде дагы бир нерсеге көңүл буруш керек. Өлкөдө стратегиялык мекемелер бар, аларды кандай болбосун электр энергиясыз калтырууга мүмкүн эмес. Бул учурда ар бир кыргызстандык 15 сааттан жарыгы жок калат»,- деди Николай Кравцов.
Депутаттар кышында электр жарыгын чектөөлөр кайсы маалда болорун график менен көрсөтүүнү өкмөттөн талап кылууда. Ал ар бир региондун өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша түзүлүшү керектигин белгилешти. Өкмөттүн алдында өлкөнүн ар бир жаранына пайда болгон кырдаалды түшүндүрүү милдети турат.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg