12-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун отурумунда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Өлкө башчылар кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар тез-тез катталгандыгына тынчсыздануусун билдирип, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү, иликтөөлөрдү тездетип аягына чыгаруу боюнча сүйлөшүштү. Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде чек ара сызыктарын кагаз бетине түшүрүүнү эки өлкөнүн өкмөттөрүнө милдеттендиришти. Бул сүйлөшүүлөр эми канчалык деңгээлде өз натыйжасын берет, али белгисиз. Чек арадагы чатактар азаябы же эки өлкөдө тең аймактар борбордук бийликке баш ийбейби деген суроолор пайда болот.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg