Акыркы эки жылда ишин таштаган мугалимдердин саны миңден ашты. Азыркы тапта республика боюнча эки миңден ашуун мугалим жетишсиз. 2010-2011-жылдары 3500дөй мугалим жетишсиз болчу. Дал ошол учурда маянаны көтөрүү боюнча реформалар жүргүзүлүп, көп мугалимдер шарттын жакшырышына байланыштуу иш орундарына кайтышкан. Учурда Кыргызстанда 100 миңдей мугалим эмгектенет.
Быйылкы жылдын сентябрь айынын башында Профсоюз комитеттери 70 миңдей мугалим иш таштоого даярдык көрүп жатышканын эскертишти. Алар мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу, иш шарттарын жакшыртуу талаптарын коюуда. Буга байланыштуу 16-сентябрда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйыны өттү. «Мугалимдердин орточо эмгек акысы убада кылынгандай 15 миң сом эмес, 5-7 миң сомду гана түзүп калган», - деди депутат Каныбек Осмоналиев. Мугалимдердин эмгек акысы боюнча тарифтик торчону кайра кароо үчүн жумушчу топ түзүлмөй болду.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg