Турсунбай Бакир уулу, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси: «БИР ТОП ЧИНОВНИКТЕРДИН КАРЫЗЫН КЕЧТИМ»

Бейне

Алыскы Малайзия мамлекетиндеги Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Турсунбай Бакир уулу бизде конокто. Элчи менен интернет аркылуу учурдагы кызматы, жеке турмушу, келечектеги максаттары туурасында маек курдук.

КЫСКАЧА...

  • 1958-жылы 17-мартта Кара-Суу шаарында туулган.
  • КМУнун тарых факультетин аяктаган.
  • Аялдарына француз атырын, түрдүү кийимдерди белек кылып келет.
  • Англис, орус, украин, фарс, өз­бек, түрк, уйгур, татар тилдерин билет.
  • Өзүнөн улуу эжеси менен агасы чарчап калган. Ошон үчүн аты Турсунбай.
  • Кичинесинде космонавт, “Динамо” (Киев) футбол клубунун оюнчусу, тоолуу айылда орус тили жана адабият мугалими болгусу келчү.
  • Жакшы көргөн тамагы – манна боткосу.
  • Философия илимдеринин кандидаты.
  • Коллекциялаган таш бакаларынын саны жүзгө жакындады.

– Турсунбай мырза, Малайзияга элчи болуп дайындалдыңыз. Эл ичинде “бийлик кайсы бир адамдан убактылуу кутула турууну кааласа, элчи кылып чет өлкөгө жиберет” деген кеп бар. Кулагыңыз чалды беле?
– Мен Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, анан тунгуч Акыйкатчы болгом. Башкаларга карата айтылган мындай сөздөрдү угуп эле жүргөм. Бирок бул сөз мага туура келбейт го. Президенттикке талапкерлигимди коюп жатканда үстөк талап кылбаган инвесторлорду алып келем деп көп айтчумун. Бийлик, балким, ушул сөздөрүмдү эске алгандыр.
– Бул жолу элчи болоруңузду билип туруп, президенттикке ат салышкан жоксузбу?
– Шайлоого катышчу адамдын чөн­төгү калың болушу керек. Мурунку шайлоолордо көп эле топтоп койчу элем. Бул жолкусунда чогулта албадым. Негизи, саясатчыларга оңой эле. Мен талапкермин деп бир мүнөттө жарыялап коёт. Бирок тууган-урукка кыйын экен. Саясатта, айрыкча шайлоо убагында жугунду-ылайды үстүңө чакалап төгөт. Буга өзүң чыдаганың менен, жакындарың чыдабайт. 2005-жылы талапкер болгонумда апамды жоготуп алдым. Баласына айтылган жаман сөздү эне байкуш көтөрө албайт турбайбы. Мени хизбут-тахрирчи деп чыгышты. Андай болсом сакалчандар Баткенге басып киргенде аларды кетирүүгө аракет кылбастан, сүйүнүп үйдө отурбайт белем?! 2007-жылы ЖКга депутат болом дегенде иним штабдын жетекчиси катары иш алпарган. Ал балит оюндарга жүрөгү чыдабай, эки жолу клиникалык өлүмгө дуушар болду. Астанага алып барып жүрөгүн төрт жерден тиктирип келдим. Акаев учурунда да оозумду жабыш үчүн ушул инимди “баңгисоодага тиешеси бар” деп, бир жылга ТИЗОго тыгып салышкан. Ушундай кыйноолордон кийин ажолукка ат салышууга такыр көңүлүм чаппай калды.
– Малайзияга кеткениңизге эки жума болду. Маанайыңыз кандай?
– Маанай абдан жакшы. Кызым Тахмина экөөбүз жайгашып алдык. Бир аз көнүшкөндөн кийин үй-бүлөмдү толук алып келем го. Бир неберемдин кулагы укпайт. Ошону да кийинчерээк ала келип операция жасатсамбы деп турам.
– Жаңы жамаатыңызга көнү­шүп калдыңызбы?
– Чакан жамаатым менен чай үс­түндө таанышып алдым. Бардыгы эле жаш дипломаттар экен. Үчүнчү катчыбыз Азаматтын иштегенине бир жыл, кеңешчи Арсланбекке эки ай болуптур. Эң көп иштеген (2 жыл) бухгалтерибиз Тынара жана анын күйөөсү – айдоочу Бакыт экен.
– “ЭрК” партиясы сиз жетектеп турганда белдүү партиялардан эле. Ошол деңгээл кармалып турарына ишенесизби?
– Партия­­нын учурдагы жетекчисине акыл-насаатымды жакшы эле айттым. Эми деле белдүү партия болуп кала берерине ишеним чоң.
– “Турсунбек Акун экөөнүн мамилеси жаман” деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
– Бул адам менин ордума келүү максатында көптөгөн ыплас иштерди жасады. Албетте, ал кызмат мага мураска калган эмес. Бирок таза, ак иштери менен келсе, мен деле сүйүнмөкмүн. Ошондуктан ал киши кеп кылууга да арзыбайт!
– Маегибизди өзүңүзгө гана таандык дүйнөгө бурсак. Сулуулукту баалайсызбы?
– Сулуулукту, кооздукту баалайм. Сулуу кыз көрсөм, эмнеге сүй­лөш­пө­шүм керек?! Сөзсүз эле денелик рахат алуунун кажети жок. Мен сулуу кыздар менен сүйлөшүүдөн рахат алам.
ОшМУда иштегенимде аял мугалимдердин кимиси менен сүйлөшсөм эле чаптап коюшчу. Мамилем жок дейин десем, «тигине, чычалап жатат» дешчүдөй. Унчукпаган үйдөй балээден кутулат болосуң, аргасыздан.
– «Адам баласына сүйүү бир нече жолу келет» дегенге ишенесизби?
– Албетте, ишенем. Мисалы, менин мектептеги биринчи сүйүүм Парпи деген кыз болгон. Ал убагында мени карабай кеткен. Кийин ОшМУда иштеп жүргөнүмдө жолугуп алып “бекер кылыптырмын” дейт. Анда баары кеч болуп калган. Экөөбүз тең үй-бүлөлүү элек. Студент кезде көлдүк аябай сулуу Эркингүл аттуу кызды сүйдүм. Кыз-жигит болуп сүйлөшө баштагандан соң бир жолу аялдамадан жолукмай болдук. Экөөбүз тең айылдан келгендиктен, бир эле көчөнүн аркы жана берки бетинде аялдама болорун билбептирбиз. Ал көчөнүн аркы бетиндеги аялдамада, мен берки бетинде тура бериптирмин. Бири-бирибизге келбей койду деп таарынып үйлөнбөй калганбыз. Биринчи аялым менен ажырашканымда, Эркингүл экөөбүз үйлөнөлү дедик. Бирок ал ооруп каза болуп калды. Өзүм дагы очогубуз бузулганда эки баламдын келечегин, дегеле эртеңки күндү ойлой берип катуу ооруп калдым.
Кичинемден индия же украин кызына үй­лөнүүнү самай бер­чү­мүн. “Жаштын тилегин берет” дегендей, Украинага аспирантурага барып калып, ал жактан үйлөнүп, аялымды Ошко алып келдим. Ошто европалыктарча жашаш кыйын. Ал эрке өскөн жалгыз кыз болчу. Жергиликтүү аялдардын ачуусун келтирип, көчөдө мени колтуктап алчу. Эртең менен чуркачу. Чуркап баратса көрүнгөн эле токтотуп алып уруша берчү. Ошого чыдабай кетип калды. Анан бойдок болуп жүрө бермек белем? Дагы үйлөндүм.
– Балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз...
– Улуу балам Каныбек 28 жашта. Алай районунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштейт. Эки баланын атасы. Улуу кызым Зебиниссо 24 жашта. Өзгөчө кырдаал боюнча министрликте иштейт. Алла Таала көп эле сыноолорду ага жаштайынан берип койду. Кызы тубаса майып. Күйөөсү Орусиянын талааларында тентип жүрөт. Кызына же аялына карабайт. 19 жаштагы Карина кызым быйыл турмушка чыкты. Ал соода тармагында иштейт. Искендер уулум 16 жашта. Киевде мектепти аяктап жатат. Тахмина кызым 15 жашта. Азыр менин жанымда. Кенже уулум Кантемир быйыл 10 жашка чыкты. Энесинин эрке баласы.
– Өзүңүздү баймын деп эсептейсизби?
– Ашынган байлыгым жок, бирок баары жетиштүү. Кийингенге кийимибиз, жегенге тамагыбыз бар. Машина айдабайм, бирок жеңеңерге темир тулпар, кызыма велосипед алып бергем.
– Үй жумуштарынан кайсы ишти жакшы жасайсыз?
– Апам өмүр бою үй кожойкеси болгон адам. Атам райондук керек-жарак коомунун башкармасы эле. Эмгек өргүүдө жүргөнүндө колунда иштегендердин бирөөсү ката кетирип, атамдын моюнуна илип коюптур. Атамды күнөөлүү эмесмин дегенине карабай, алты жылга кесип жиберишкен. Ошондо үйдөгү иштерди жасоо менин моюнума түшкөн. Окуудан башка убакытта жыгач уста, шыбоочу-маляр, бетончу болуп 3 жыл иштедим. Бирок электр тогуна азыркыга чейин жолой албайм.
– Бирөө сизге же сиз бирөө­гө карыз эмессизби?
– Мага карыз адамдардын баары азыр чоң саясатта жүрүшөт. Баарын кошкондо 16 500 доллар болот экен. Силердин гезитиңер аркылуу ошол карыздардын баарын кечтим деп айтып коёюн. Сооп иш кылам дешсе, менин атымдан Курман айтка колунда жокторго, жетим-жесирлерге, түрмө, бейтапканаларга таратып беришсин. Менин да кичине карызым бар. Мага карыздар акчаны эртелетип беришкенде, мен да карыздан эрте кутулмак элем.
– Маек соңунда элчилик кызматта туруп, кандай иштерди жасоону пландап жатканыңызды айта кетсеңиз...
– Малайзиянын халал-ин­дустриясын алып келем деген пландар бар. Алар бизге келсе, үстөгү жок акча алып келет. Малайзияга ба­рып билим алган кыргыз жаштары көбөйүп жатпайбы. Малай-кыргыз окуу-жайын Кыргызстанга ачып койсок, кыйла жеңил болот эле. Андан сырткары, президент К.Бакиев жана Тышкы иштер министри К.Сарбаев менен болгон сүйлөшүүлөрдө Малайзиядагы элчилик Таиланд менен Индонезияны бирдикте тейлеш керек деген сөздөр болду. Буюрса, пайда алып келчү көп иштерди жасайын деп турам.
– Рахмат маегиңизге. Ишиңизге ийгилик.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Жаку
2009-12-26 14:13:36
Бул инсандын аялдары менен балдарынан баш айланат го.
0
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан