Быйылкы жылдын 25-июлунда Апрель окуясы боюнча сот иши жыйынтыкталып, өкүм уктурулган болчу. Кыргыз Республикасынын Аскердик сотуна жазылган апелляциялык арыздын негизинде 15-сентябрда Апрель окуясы боюнча сот кайрадан каралып башталды. Бирок айыпталуучулардын жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу 22-сентябрга жылдырылды. Апрель окуясында жабыркагандардын ичинен «Эл теги» коомдук бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариев: «Апрель окуясы боюнча 28 адамга күнөө коюлуп жаткан. Биринчи инстанциядагы сот алардын 12син актаган болчу. Өкүм күчүнө кире электе жабырлануучу тарап экинчи инстанцияга апелляциялык арызын берди. Күнөөлөнүп жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Нурлан Темирбаев, Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Каныбек
Жороев, экс-президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, «Альфа» жана «Арстан» атайын кызматтарынын ошол учурдагы командирлери Алмаз Жолдошалиев менен Байыш Эсенбай уулу УКМКнын СИЗОсунда Аскер сотунун өкүмүн күтүшүүдө. Ал эми Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Данияр Дунганов менен УКМКнын ошол кездеги башчысы Мурат Суталинов ден соолуктарынын начардыгына байланыштуу үй камагында»,- деди.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg