Бишкек шаарында жаңы төрөлүп, көзүн ача элек ымыркай колдон колго өтүп, 11 500 сомго товар болуп сатылып кеткен. Бул кылмышка шектүү деп бир дарыгер кармалганы менен, азырынча ымыркайдын дайыны белгисиз.
«ЫМЫРКАЙ ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ»
27-август күнү жаңы төрөлгөн ымыркай жеке акушер-гинеколог тарабынан Элмира аттуу айымга 11 500 сомго сатылып кеткен. «Сатылган ымыркайдын энеси 21 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну, Бишкек шаарында ата-энеси менен бирге убактылуу жашап жүргөн»,- дейт ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери ЭРНИС ОСМОНБАЕВ:
– 21 жаштагы кыз никесиз боюнда болуп калып, жеке медициналык клиникага барып көрүнүп жүргөн. Ал жердин акушер-гинекологу кыздын төрөө убактысы келгенде №1-төрөтканага «менин сиңдим болот» деп алып барып төрөткөн. Ымыркай менен энени төрөтканадан чыгарып кетүүдө да ошол гинекологдун салымы чоң. Ымыркайдын энесинин айтуусунда, төрөтканадан чыккандан кийин баланы жеке акушер-гинеколог алган да, ага дарыланууга деп акча (сумма тактала элек) берген. Ал эми ымыркайды 11 500 сомго Элмира аттуу айымга саткан. Учурда ымыркай кайда экени табылбай жатат. Аны издөө боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери иш алып барышууда. Наристе табылган соң бул боюнча кенен маалымат беребиз.
КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ
Окуя боюнча Свердлов райондук прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин «адам сатуу», «документтерди жасоо», «жасалма документ пайдалануу» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Свердлов РИИБине өткөрүп берген. Ымыркайды саткан жеке акушер-гинеколог кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле. 16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту айыпталуучунун баш коргоо чарасын караган. Сот тарабынан дарыгер оор кылмыш боюнча шектелип жатканына байланыштуу камакта кармалышы керектиги эскертилген. Бирок тергөө органдары айыпталуучу айымдын туруктуу жашаган жери болгондугун, тергөө менен кызматташууга даярдыгын жана төрт айлык наристеси бар экендигин эске алышып үй камагына чыгарып берүүсүн өтүнүшкөн. Буга байланыштуу Свердлов райондук соту тергөө органдарынын өтүнүчүн канааттандырып, кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарган.
«АЛ ЫМЫРКАЙ БИЗДЕ ТӨРӨЛГӨН ЭМЕС»
Аталган факт боюнча маалымат алуу максатында Бишкек шаарындагы №1-төрөт үйүнө бардык. Башкы дарыгерди сурасак, бири «Саламаттыкты сактоо министрлигине кетти» десе, экинчисинен «иниси каза болгон, ошого куран окутуп жүрөт» деген эки башка жооп алдык. Ал эми бул окуя боюнча төрөткана кызматкерлеринен «Ал бала бизде төрөлгөн эмес. Эмне себептен биздин төрөткананы айтып жатышканын билбейбиз» деген жооп алдык.
Мындай ымыркай сатуу өлкөбүздө биринчи жолу эле болуп жаткан жок. Буга чейин да мындай кылмыштар бир нече ирет катталган. Айтор, бул окуяда табышмактуу жагдайлар көп. 27-августта төрөлүп, 29-августта сатылган ымыркайдын апасы сентябрь айынын ортолорунда милицияга арыз жазган. Ал эми окуяга айыпталып кармалган айымдын аты-жөнү, ал иштеген жеке менчик медициналык клиниканын да аты аталбай жатат. Айыптуу кармалса да ымыркайдын ушул күнгө чейин табылбаганы таң калтырбай койбойт. Орган кызматкерлери №1-төрөтканада төрөлгөн десе, бул фактыны ал төрөт үйүнүн кызматкерлери ачык эле четке кагышууда. Наристенин табылышын күтүп, бул окуяга кийин да кайрылабыз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg