Азамат Сарыбаев көптөн бери чыгармачылыкка колу тийбей, бир аз алыстап жүрөт. Шаар четиндеги жаңы конуштардын бирине эки кабаттуу үй салып, убактысын үй салууга жумшап жатканын айтат. Үй бүткөндө бир ок менен эки коён атып, бешик той берүүнү да пландаштырып жатыптыр. Июнь айында ырчы мырза уулдуу да болгон эле. Муса Баетовдун атынан уулуна Муса деген ысым ыйгарган Азамат ошентип 1 кыз, эки уулдун атасы болду.