Эсиңиздерде болсо "Turkvizyon" сынагына өткөн жылы «Чоро» тобу барып келген эле. Быйыл аталган сынакка аты чыгып калган ырчылар арасында жарыш жүрүп, күчтүүлөрдүн күчтүүсүнө жол ачылат. Сынактын Кыргызстандагы уюштуруучусу Канат Култаев буларга токтолду.
– "Turkvizyon" сынагынын Кыргызстандагы уюштуруучусу экенсиң, эмне жаңылыктар бар?
– Ооба, ушул жылдын июль айында Казань шаарына барып, негизги уюштуруучулар менен «Култаев продакшндын» атынан келишим түзүп келдик. Ар бир мамлекетте биз сыяктуу уюштуруучулар бар.
– Сынак «Евровидениенин» форматы болот дешүүдө...
– Ооба, ошондой болот. Буга чейин улуттук өзгөчөлүктөргө көңүл бөлүнсө, мындан ары заманбап шоуго басым жасалат. Катышуучу түрк же өз эне тилинде ырдайт. Аталган сынакка мурун жаңы чыгып келе жаткан ырчылар катышса, бул сапар аты чыккан белгилүүлөрдүн ичинен күчтүүсү барат. Анткени эл аралык сынакта тажрыйба чоң роль ойнойт.
– Мекенибиздеги жеңүүчүнү ким тандайт?
– Сентябрь айынын аягына чейин каалоочулар онлайн түрүндө сынактын сайтына кирип анкета толтуруп, ырын жөнөтүшсө болот. Алардын ичинен кимиси мамлекетибиздин желегин желбиретет 26-октябрда чечилет. Кыргызстандагы тандап алуу турунун финалы Улуттук филармонияда өтөт. Финал учурунда СМС добуш берүү да болот. Калыстар тобу кимдер болору бир күн мурун жарыяланат. Бул принцип дүйнөлүк аренада да иштеп келет.
– Азыр канча ырчыдан кат түштү жана сынакты уюштуруу силердин продакшнга канчалык пайда алып келет?
– Азырынча он ырчы бар. Сынактан кандайдыр бир пайданы көздөп, уюштурууну колго алган жокпуз. Кыргызстандын атынан татыктуу ырчы барса экен деген ой.