Сайкал Садыбакасованын жигити 17-сентябрь күнү элдин алдында ырчы кыздын колун сурады. Кучак толо роза гүлү менен бриллиант көздүү шакек сунган жигит ким деген суроонун жообу төмөндө. Окуя кызыгына батып, толкундоолор сыртка чыгып турган учурда жаштарды сөзгө тарттык.
– Сайкал, Нурлан сага айтпай сюрприз кылган экен, күттүң беле?
– Жок, «досубуздун туулган күнүнө барып келели» деген эле. Мындайды күткөн эмесмин. Тизелеп колун сурап, сүйүүсүн арнаган көз ирмемдерди кинодон, интернеттен эле көрчүмүн. Азыр сүйлөгөнгө сөз таппай, катуу толкунданып турам.
– Эми кепти Нурлан сен улантсаң, Сайкалды качантан бери билесиң, кайсыл жерден таанышкансыңар?
– Мен мурун Сайкалды ырчы катары билчүмүн. Бирок жакындан тааныгандан кийин сүйүү келди. Сайкал мени бир клиптен көрүп, «Сизге» аттуу ырына тартылууга чакырган. Биздин сүйүүбүз ошол клиптен башталып кетти. Көлдө 4 күн чогуу жүргөндө бири-бирибизге көңүлүбүз түшүп калды.
– Ырчы кыздын эмнесин жактырдың?
– Ачык-айрымдыгы, ичинде кири жоктугу, адамгерчилиги, сулуулугу, кыскасы, Сайкал турган турпаты менен мага уйку бербей калды.
– Ырчы кызды сүйдүм, колун сураганы жатам деп ата-энеңе айттыңбы?
– Ата-энемден эч нерсе жашырбайм, айттым. Ата-энем Сайкалды ырчы эмес, келини, кызы катары кабыл алат деп ойлойм. Мен азыр 25 жашка чыктым. Ошондуктан алар мага толук ишенишет. Клип тартууга Көлгө баратканда чыгармачыл топ үйгө кирип, даам сызган элек. Анда Сайкал экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок болчу. Ошондо апам Сайкалды көрүп «жаркылдаган жакшы кыз экен» деп жактырган эле.
– Сайкалдын колун сураганга да көпкө даярдансаң керек?
– Эки жумадан бери даярданып, ушул күндү күтүп жүргөм. Сайкалга атайын бриллиант көздүү шакек алдым. Андан кийин клубду сүйлөшүп, сүйүктүүмдү туулган күнгө барып келели деп чакырдым. Тост айтуу кезеги келгенде залдагы чоң экрандан Сайкалдын сүрөттөрү көрсөтүлүп, менин «мен сени чексиз сүйөм, жүрөгүңдү сурайм» деген сөзүм кетти. Андан соң тизелеп колуна шакек салдым. Сайкал мага «макулмун» деп шыбырады. Эмки кадам ата-энелерибизде, алар кандай сүйлөшүшөт, эмне деп чечишет, билбейбиз.
Сайкалдын «апамдын сынынан өтсөң анан кыз-жигит болобуз» деген сөзү бар эле. Ошондуктан Гүлшайыр эженин сынынан өтпөй каламбы деп коркуп турам.
– Өзүң жөнүндө айтып берсең.
– 11-классты Москва шаарынан бүткөм, тегим Нарындан, ата-энем азыр Токмокто жашайт. Эки бир тууганбыз, менден улуу эжем бар. Учурда Москвада окуп, кошумча жеке ишкерлик менен алектенем.
– Рахмат маегиңерге, ойлогон максатыңарга жеткиле.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg