– 2000-жылдары Таласта концерт коюп жатканбыз. Көшөгөбүз экиге бөлүнүп, ортосунда кичинекей ачык жери бар болчу. Бир кезде үйлөнүү-үлпөт көйнөгүндөй болгон барпыраган көйнөгүмдү кийип, каптал жактан сахнага чыгып бара жаткам. Мирлан Жетигенов келе калып «көшөгөнүн ортосунан чыксаңыз укмуш сонун көрүнөт» деп, ой-боюма койбой сүйрөп барып түртүп жиберди. Чыгып баратсам туфлимдин такасы полдун тешигине кептелип, көйнөгүм бир нерсеге илинип калбаспы. Музыка башталып кетти. Ошондо музыканы деле токтотуп койсок болмок да, балдар жан талашып илинген жерлеримди чыгарып жатышат.Мен болсо көшөгөдөн башымды чыгарып алып ырдап жатам. Көрүүчүлөр номер ушундай болсо керек деп ойлошту окшойт, күлүшкөн жок. Акыры тигилер бошоткон соң чыгып алып күлкүм келип араң ырдадым, сахнанын аркасындагылардын боорлору эзилип калды. Музыка бүткөн соң сахнанын артына өтүп аябай күлгөнбүз.
Асхат Субанбеков
star@super.kg