СОЦИАЛДЫК ИШКЕР БИШКЕКТЕГИ КӨРҮҮСҮ НАЧАР АДАМДАРГА ЖУМУШ ОРУНДАРЫН ТҮЗҮП БЕРҮҮДӨ

Валерий Гришин Бишкекте колл-борбор ачкан социалдык ишкер. Ал борбордун басымдуу жумуш орундары көз оорусуна чалдыккан адамдарга берилмекчи. Дүйнө жүзү боюнча орун алып жаткан жумуш орундарын кайра өзгөртүү иш-аракеттери жана адамдын кийин сокур болууга чейин алып барчу көрүү нервинин кортикалык бузулуу (КРЗН) оорусуна туш болуу көйгөйү Валерийдин бул ынтаасына түрткү болду.
«Кыргыз Республикасындагы майып адамдардын абалы өтө эле кайгылуу. Катталган 6 000 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 90 пайызы жумушсуз жана өздөрүнүн эң эле аз көлөмдөгү пенсиялык камсыздоосуна жашоого далалат кылышат. Булар билимдүү, келечекке үмүтү менен караган, жана да иштөөгө даяр адамдар. Бирок коом аларга дайыма эле мындай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө даяр эмес»,- дейт идеянын автору.
Ишкер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жумуш менен камсыз болуу жолундагы бөгөттөрдү кандайча чечүү керектигин баарына көрсөтүү максатын алдына койду. Колл-борборунда иштеп, ал бул тармак жагымдуу чөйрөсү, ыңгайлуу жана кабыл алган жагдайы, жана ошондой эле киреше берүүчүлүгү менен өзгөчөлөнөрүн байкады. Ал рынок изилдөө жана кардарлар менен иш алып баруу жаатында кызмат көрсөтүү боюнча колл-борбор ачуу үчүн бизнес-план иштеп чыкты. Бул борбордун жумуш орундары негизинен көз оорусунан майып адамдарга берилмекчи.
Валерийдин бизнес-планы Борбор Азия жаштары үчүн «Өз айланаңдагы жашоону өзгөрт!» аттуу социалдык ишкердүүлүк сынагынын жүрүшүндө тандалып алынды. Аталган сынактын алкагында жаштарга, өз коомчулугундагы жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү берилет. Сынак Кока-Кола фонду жана «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясы тарабынан каржыланып, «Ага Хан» фондунун колдоосу менен Борбордук Азия Университетинин алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби тарабынан ишке ашырылат.
Валерий Гришин Кока-Кола фондунан 2 500 АКШ долларындагы грант алуучу алты адамдын бири. Бул грантты колдонуп, ал Бишкекте өзүнүн мүмкүн болгон кызматкерлерине жеткиликтүү, ыңгайлуу административдик жай уюштурду. Өзүнүн биринчи баскычында анын долбоору алты адистештирилген компьютердик тутумдун жана өз учурунда дагы 30 тутумду камтыган сервердин иш алып баруусун караштырат. Валерийдин айтымында, алар борбордун толук кандуу иш алып барышында ишке киргизилет.
Бул жабдуу көз оорусунан майып болгондор үчүн атайын иштелип чыккан жана рынок изилдөөсүн жүргүзүүгө, ошондой эле кардарлар менен иш алып барууда керектелген Брайл клавиатурасы жана эсептөө машиналарын үн коштоо менен башкаруу сыяктуу атайын функцияларды жана мүнөздөмөлөрдү камтыйт.
Гранттардан тышкары сынактын жеңүүчүлөрү Борбордук Азия Университетинин алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинен эки жумалык окуудан өтүштү. «Семинарлар жана тренингдер тиешелүү тармактардын жетишерлик тажрыйбалуу мугалимдери жана адистери тарабынан өткөрүлдү. Мен өзүмдүн бизнесимдин негизги курам бөлүктөрү: маркетинг, укук жагдайы, бизнес-коммуникация жана байланыш түзүү жөндөмдөрү тууралуу билдим. Булар өз учурунда мага башка уюмдар менен шериктеш болууда жардам болду»,- деп билдирди Валерий.
Валерийдин шериктеши болуп «Феномен» коомдук фонду чыкты. Аталган фонд көз оорусунан майып болгондордун эдвокаси жыргалчылыгы менен иш алып барат. «Феномен» коомдук фонду Валерийге мүмкүн болгон кызматкерлерди тандоодо жардам көрсөттү. Алар болсо өз учурунда колл-борбордон окуудан өтүштү. Учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын чакан тобу телекоммуникация компанияларынын канааттандырылган сурамжылоосун кандайча өткөрүү керектигин окуп жатат. Ошону менен бирге эле кеңейтүү планына эл аралык рыноктогу буйрутмаларды тартуу кирет.
«Азыркы заманбап глобалдаштырылган экономикадагы аутсорсинг көлөмүн элестетип көргүлөчү. Бүтүн Борбор Азиядан, Орусиядан жана да бул региондордун чегинен тышкары да кызмат көрсөтүүгө буйрутмалар бар. Мен болсо менин долбоорум өлкө алкагында кеңейип, башка аймактарга да, мисалы, Ысык-Көлгө чейин жетерин каалайт элем. Акыры менин максатым мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жөн гана жумуш орундарын түзүп берүү менен чектелбейт»,- дейт Валерий. «Биз адамдардын кең чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдоону жогорулатышыбыз керек. Анткени алар үчүн коомдо алдыга умтулууга бирдей мүмкүнчүлүктөр берилиши зарыл».
«Өз айланаңдагы жашоону өзгөрт!» Борбор Азия жаштары үчүн социалдык ишкердүүлүк сынагы болуп саналат. Бул сынактын алкагында жаштарга алардын коомчулугунун жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү берилет. Аталган сынак «Ага Хан» фондунун колдоосу менен Борбордук Азия Университетинин алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби тарабынан иш жүзүнө ашырылат. Ал Кока-Кола фонду жана «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясы тарабынан «Кыргыз Республикасында, Казакстанда жана Афганистанда социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жаштар мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында каржыланат. Долбоордун биринчи баскычы 2012-жылы Кыргыз Республикасында баш алган, анда тогуз жеңүүчү өзүнүн коомчулугунда социалдык ишкердүүлүк долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн 3000 АКШ долларына чейинки гранттардын ээси болгон. Учурда Кыргыз Республикасында жана Казакстанда бул долбоордун экинчи баскычы жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан