ДАСТОРКОНГО ДАСТОРКОН

Соңку жылдары «Ал-Суу» ишканасынын сүт менен тазаланган спирт ичимдиктери Кыргызстандын рыногунда өз кардарларын таап, сапаттык артыкчылыгына баа бериле баштады. Бул жылы да ишкана саамалык катары Кыргызстанда биринчилерден болуп алдын ала чыпкалоо иштеринин жүрүшүндө табигый кымызды колдонуу жолу менен даярдалган «Дасторкон» арагын сатыкка чыгарууга бел байлады. Майрамдык дасторкондун көркүн ачып, улуттук көөкөрдүн калыбындагы бөтөлкөгө куюлган жаңы өндүрүм – «Дасторкон» арагынын өзгөчөлүктөрүн ишкананын директору Гулиев Гапал Мохуббатович айтып берди.

– Жакында эле «Ал-Суу» ишканасы жаңы өндүрүм – «Дасторкон» арагын сатыкка чыгарды. Аталган өндүрүмдүн өзгөчөлүктөрүнө токтолсоңуз...
– «Дасторкон» арагынын жаралышы Кыргызстандын экологиялык таза жаратылышы менен тыгыз байланыштуу. Өндүрүмдү чыпкалоо иштеринин жүрүшүндө кадимки кымыз колдонулат. Кымыздын курамындагы пайдалуу заттар адамдын саламаттыгын чыңдай турган касиетке ээ экендиги илгертен маалым. Кымыздын иммунитетти көтөрө тургандыгы медицинада да далилденген.

– Аракты алдын ала чыпкалоо иштеринде кымызды колдонуу жөнүндөгү ой кандайча пайда болду эле?
– Кыргыз эли байыртадан элдик медицинанын бири катары колдонуп келген кымыз менен дарылануу жакшы жыйынтык берерин билет. Биз өткөн жылы байкап көрүү максатында аракты чыпкалоодо кымызды колдонуу жолун ишке киргизгенбиз. Негизи сүт менен тазалоо ыкмасын биздин ишкана бир нече жылдан бери колдонуп келет. Мына ушул тажрыйбабыз бизге аракты кымыз менен тазалоо ыкмасын өндүрүшкө киргизүүгө шыктандырды. Алгачкы жасаган талдоолор, аракеттер бизди таң калтырды десем болот. Себеби кымыз өзү башка сүт азыктарынын арасынан химиялык активдүүлүгү бир нече эсе жогору курамдагы азык зат. Демек, кадимки сүткө салыштырмалуу кымыз менен арак өндүрүмүн чыпкалоонун сапаты да алда канча жогору болот. Мындан улам биз кымыз менен тазалоо мыкты сапат берерине көзүбүз жетти.

– Директор, адис катары айтсаңыз, ушундай ыкма менен коңшу мамлекеттер да иш алып барышабы?
– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда арак өндүрүмүн даярдоодо алдын ала чыпкалоо үчүн сүт азыктарын колдонууну биздин ишкана гана колго алган. Коңшу өлкөлөр азырынча мындай ыкманы пайдаланыша элек. Мен билгенден бир гана Монголияда арак өндүрүмүн сүт менен тазалоо ишин жүргүзүшөт. Бирок алар көбүнесе эчкинин сүтүн колдонушат. Кымызды иштеткен азырынча биздин гана ишкана. Белгилей кетүүчү жагдай, биздин бул багытта алгачкылардан болуубузга Кыргызстандын бай, таза жаратылышы, сапаттуу кымызы дагы жакшы шарт түзүп берүүдө. Кымызды иштетүүдө бул өтө кылдат мамилени талап кылган өнүм экенин да баса белгилеп кетүү керек. Биз көбүнчө Нарын жергесинин кымызын колдонобуз.

– «Дасторкон» арагын эл аралык кароо-сынактарга алып чыгуу планы барбы?
– Албетте, бул багытта дагы иштер колго алынат. Арак өндүрүмүн чыгарууда сүт азыктарын иштетүү жаңы ыкма болгондуктан, бүгүнкү күнгө чейинки иш-аракеттер ыкманы эл аралык чендерге шайкеш келтирүү, тастыкташтыруу, колдонуу өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгуу, сапатын жакшыртуу боюнча жасалды. Патенттөө боюнча да иштер жүргүзүлүп жатат.

– Гапал Мохуббатович, ишкананын келечектеги пландарына токтолуп өтсөңүз?
– Учурда «Ал-Суу» ишканасы бир нече жаңы өндүрүмдөрдү сатыкка чыгаруу боюнча иш алып барып жатабыз. Өндүрүшкө жалаң табигый өнүмдөрдү колдонууга өтүүдөбүз. Биздин ичимдиктерди даярдоо жалаң гана табигый азык-зат, тундурмаларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Сүт менен чыпкаланган ичимдиктерибиз организмдеги зыяндуу заттарды алда канча азайта турганын пайдаланган кардарларыбыз жакшы билип калды. Ал эми табигый кымыз менен тазаланган «Дасторкон» арагы сапаты жагынан абдан жогору артыкчылыктарга ээ.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2014-09-23 09:59:54
lyblyego, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан