Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева кызматтан кетип, бош калган орунга ким барат деген суроо кабыргасынан коюлду. Аталган министрлик «Ар-намыс» фракциясынын квотасында болгондуктан, жетекчилик кызматка келүүнү каалагандар өз талапкерлигин көрсөтүшкөн. Алардын арасында 2-турга өткөн Урмат Усенов да болду. Министр болсом деген ой кандай максатта жаралды, эмнени өзгөртүүгө күчү жетмек, аны чогуу билели.
– Жаш ырчылар арасынан министр болууга белсенген адам биринчи сен болдуң, талапкерлигиңди бирөө көрсөттүбү же өзүң сунуштадыңбы?
– Министрлик – бул кичине мекеме эмес. Чоң жоопкерчилик, бүтүндөй мамлекеттин жүзү. Министр болом деген кадам бирөөнүн сунушу, бирөөнүн түрткөнү же үгүтү менен жасалчу кадам эмес. Болом деген адамдын максаты, аракети, ой-тилеги болуш керек. Бул менин кечээки же министрдин орду бошогондон кийин эле чыга келген оюм эмес. Бүгүнкү маданият тармагыбыздын абалын аягандан келип чыккан чечимим.
Учурда акча-акча деп көр-тириликтен башыбыз чыкпай калды. Акчанын айынан эмне деген гана иштер жасалууда, чиновниктер эл-жерин курмандыкка чалып коюп жатышат. Максатым акча артса маданиятка, адис артса маданиятка деген ойду четке кагуу эле. Бул менин атуулдук милдетим.
– Ар бир адамдын жанына барып «жан дүйнөңдү тазарт, жакшы ой-максаттарга умтул» деп айтуу мүмкүн эмес. Жан дүйнөлөрдө, маданиятта кантип төңкөрүш кылмаксың?
– Ошон үчүн коом башкаруучулардан жана элден турат. Багытты жетекчилер кандай берсе, эл ошол багыт менен агат. Илгери кыргын согушта да мен-мен деген башкаруучулар маданиятка көңүл бурууга убакыт табышкан. Жетекчилер жаш муунга кандай багыт берет, ошонун үзүрүн эртең эле өзүбүз көрөбүз. Эгемендүүлүктү алган жылы төрөлгөн бала азыр 23 жашта. Бир аз күтсөк, ошолор бийликке келишет. Мен аларды ата мекен үчүн күйгөн, патриоттук сезими күчтүү жаштар деп айта албайм.
– Кандай пландарың, программаларың менен фракциянын алдында өзүңдү тааныштырдың?
– Көпчүлүк талапкерлердин программалары менен таанышып чыктым. Көбү министрликтин милдеттерин, жоболорун, максаттарын көчүрүп коюшкан. Мисалы, айылдагы клубдарды, театрларды оңдоп-түзөө, заманбап технология менен жабдуу, мурастарыбызды кийинки муунга өткөрүп берүү ал министрликтин түздөн-түз моюнундагы жүгү, аны программа кылып кайрадан айтуунун, жазуунун кереги жок. Мындай баналдуу нерселердин эмне кереги бар? Министр бюджеттен бөлүнгөн акчаны таратып, калганына ийин куушуруп отурган адам болбош керек. Жеке көз карашын ишке ашырган, ашыруунун ыкмасын иштеп чыккан адам болуусу керек.
Менин программамда маданияттуу жаңы муунду коомго тарбиялап берүү, маалымат каражаттарынын башын бириктирип, өлкөнүн кызыкчылыгында иш алып баруу, китептердин баарын электрондук вариантка өткөрүү маселелери каралган эле.
– Саясатка таштаган биринчи кадамың эмеспи, өзүңдү кандай алып жүрдүң, балким, толкундандың, балким, сүрдөдүң?
– Толкундануу болду. Депутаттардан сүрдөгөнүмдөн эмес, командамдын алдындагы жоопкерчиликтен. Андан башка ашыкча сезим болгон жок. Киргенден тартып жыйынтыкты уккуча бир маанайда жүрдүм. Министр болбой калганымда капа деле болгон жокмун. Айткым келген нерселерди маалымат каражаттары аркылуу айтып калганыма сүйүндүм. Ой-максатыма жетпесем да, четине колумду тийгизгеним мага чоң канат болду. Мен ушуну менен эле токтоп калбайм, өзүм үчүн жаңы бир дарбаза ачылды. Мындан ары да күүлөнөм.
– Командам дейсиң, алар кимдер, кайсы бир партиянын бөлүгүбү?
– Эч бир партиянын курамында, канатында эмеспиз. Бизди саясий көз караш бириктирген эмес. Жаш муундан түзүлгөн тилектеш жаштар чогулганбыз. Өз иши менен жаңылык киргизем деген демилгеси күчтүү жаштардын курамы. Командада маданият өкүлүнөн мен элемин. Ичинде экономисттер, финансисттер, спортчулар, бардык тармактан бар.
– «Ар-намыс» партиясы министрдин креслосун адаттагыдай аукционго койду. Ырчылар тойлорго ырдап чогулткан акчасын берип өтүп кетем деп ойлошту деп да айтышты...
– Оозуна ээ боло албагандар айта беришсин. Мен аларды өзүнүн деңгээли деп түшүнөм. Кудай сактасын, эгер аукционго катышып акча сунуштагым келсе, мен эчак эле ал чөйрөгө аралашып алмакмын.
– Министр болуп калсаң иштеп кетериңе ишенесиңби?
– Албетте, ишенем. Мен киргенде эле депутаттарда «бул ким, эмнеге келди?» дегендей суроо болду. Ошону сезип, көзүңөрдөн ушундай суроону көрүп жатам. Ушул суроого жооп берүү менен сөзүмдү баштайын дедим. Келген себебим, мен Кыргызстандын атуулумун, маданият чөйрөсүндө кызмат кылып жүрөм. Өзгөртүүгө, өнүктүрүүгө салымымды кошо албасам, менин бул мамлекетте жашоого моралдык укугум жок дедим. Министр болуш үчүн эмнелер керек экенине акылым жетип турат. Мен да күйгөнүмдөн, ызаланганымдан бардым. Менин курагымдагы жаштарга мүмкүнчүлүк берилсе, өлкөнүн бир бурчун көтөрүүгө даяр. Депутаттарга ушуну көргөзгүм, элге жарыя кылгым келди.
– Өзүңдү дагы эмнелерге даярдап келе жатасың? Кандай ой-максаттарың бар?
– Өзүмдүн укугумду толук кандуу коргоп алыш үчүн юридикалык жактан билим алууну көздөп жатам. Диплому бар деген ат эмес, мага билим керек, ошондуктан күндүзгү бөлүмдө кадимкидей окуйм.
– Эми кепти ыр дүйнөсүндө эмне болуп жатканына бурсак...
– Угарман, көрөрманга жете турган деңгээлде иштебегеним менен үйдөн аракет кылып жатам. Жакын арада эки жаңы ыр жаздыралы деп турабыз. Ыр жаздырбай койсом, өтүгүн тааныбай кеткен адамга окшоп калбаймынбы. Убактым тар болгонун Неля деле көрүп турат, ошондуктан ал дагы качан деп шаштымды алган жок.
– Министр үчүн менеджерлик сапат, тажрыйба биринчи орунда. Алтынбек Максүтовду көркөм жетекчилик жагынан мыкты, уюштуруу жагын эптей албашы мүмкүн деп жазып жатышат. Сен уюштуруу жагынан даяр белең?
– Жаңы кызматка киришкен адамга иштей алат же албайт деп алдын ала жол тоскон болбойт. Иштетип көрүш керек. Мен өз үй-бүлөмдү ордуна койдум, эч нерседен кем эмес. Өзүн, жакындарын кем-каржысыз карай албагандан бир нерсе күтүүгө болбойт. Менин колумдан келет.
– Маегиңе рахмат!
Сүйүн Кулматова
star@super.kg