“Азыркы Кыргызстандын символу” деген атка ээ болгон “Карагыз” фильми “Эң мыкты сценарий үчүн”, “Эң мыкты режиссёрлук иш үчүн” сыйлыктары менен кошо “Мосфильм” госконцернинин өзгөчө сыйлыгына да ээ болгон.
«Карагыз” – социалдык чөйрөдө өз ордун таппай калган үйбүлөнүн трагедиясы. Мен булардын мындай болуп калышына өкмөт, чөйрө же турмуш-шарт күнөөлүү деп айта албайм. Адамдар өздөрү-өздөрүнүн жашоосун татаалдантып алышкан” деген оюн билдирет фильмдин режиссёру Геннадий Базаров.
Фильмдин режиссёру – Геннадий Базаров Сценарийин жазган – Жеңишгүл Өзүбекова Башкы ролдордо: Карагыз – Гүлсина Чотонова Мактым – Назира Мамбетова Шамбет – Марат Алышбаев Дилде – Айтурган Темирова Темир – Азиз Мурадилаев Азем – Кыял Кулмамбетова
ФИЛЬМДИН МАЗМУНУ
Эскилиги жеткен бөлмө. Майыптардын арабасында отурган Карагыз телевизор көрүп отурат. Анын телевизорду көрүп жатканы же жөн эле отурганы деле билинбейт. Ал тубаса майып, сүйлөй да, баса да албайт. Эшиктен оор сумкаларды көтөрүнгөн апасы кирет. Ал бир байдын кызынын этегин кармап кеткен уулунун кайын-журтун күтүүгө камынып жатат. Болгон акчасына эптеп дасторконго койчу бирдемелерди алып келген. Күйөөсүнүн арактан көзү ачылбай, үйбүлөгө такыр эле карамсыз болуп калган. Ал аз келгенсип өзүнө окшогон аракеч бир аялды үйүнө киргизип алган. Кичүү кызы күнүмдүк оокат таап жатканын шылтоо кылып, акчасын кайда чачаарын билбей жүргөн эркектерди эң туура пайдаланып жатам деген ой менен денесин сатып күн өткөрөт.
Апасы менен кызы кеңешип, бир топ жылдан бери сары майдай сактап келген кутудагы акчага кудаларына кийит алмай болушат. Бирок, акча ордунда жок болуп чыгат да, акчанын айынан, тагыраак айтканда, жетишпестиктин айынан үйбүлөдө уруш чыгат. Ачуу чындыкка ууккан уулу апасына кол көтөрөт. Мындай жашоого атасын күнөөлүү деп ойлогон кызынын атасына тили тийет. Уулунун кордугун көргөн аялына жаны ачыган, кызынын уу сөздөрүн уккан атасы акчаны алганын мойнуна алат да, өзүн-өзү өлтүрүүгө бел байлайт.
ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ
Фильмдин сценарийи 1987-жылы жазылган. Ошол эле жылы элге спектакль түрүндө тартууланган. Бул спектаклди көрүп, жактырып калган белгилүү режиссёр Айткулуев Геннадий Базаровго “Карагыз” фильмин тартуу сунушун айткан. Пьесаны толук окуп чыккан Геннадий Базаров Жеңишгүл Өзүбековадан сценарийди бир аз өзгөртүп жазып чыгууну суранат. Сценарий даяр болгондон кийин фильмди тарта баштоону ойлонуп жүргөн режиссёр улуттук телеканалдын ашканасында түштөнүп жатып ошол эле жерде иштеген Гүлсина Чотонованы көрүп калат. Анын муңдуу көздөрүн, ойлуу жүзүн фильмдеги баш каарманга абдан окшоштурат да, ага барып: “Сиз тасма үчүн чачыңызды кырдыра аласызбы?” деп сурайт. Ал ойлонбостон туруп: “Ооба” деп жооп берет. Режиссёр Гүлсина чачын кырдырып салгандан кийин “Чачын кырдырганы го кырдырды. Эми майып кыздын ролун аткара албай калсачы?! Анда бул кыздын чачын бекер жерден кырдырган болом” деп абдан коркот. Бирок, бактыга жараша, Гүлсина буга чейин эч бир фильмде роль жаратпаса да, актрисалык тажрыйбасы жок болсо да баш каармандын жашоосун өзү башынан өткөргөндөй кылып ролду жеткиликтүү түрдө ачып берген.
Баш каарманды тапкандан кийин режиссёр театрдагы актёр-актрисаларга барып, “Биз өкмөт качан фильм тартууга акча бөлөт деп отура берсек, талантыбыз, өнөрүбүз жок болот. Андан көрө жаңы эле өнүгүүнүн жолуна түшкөн мамлекетибизден үмүт кылбай эле, келгиле, өзүбүздүн каражатыбызга фильм тартып, өзүбүзгө майрам уюштуралы” деген сунуш киргизет. Бул идеяны баары кубана колдоп чыгышат да, дароо эле шаардагы эскилиги жеткен бир үйдө тасманы тартууга киришишет. Негизи, талаптагыдай бир тасманы тартуу үчүн болбоду дегенде эле бир жыл кетет. Бирок, бул фильм эч кандай каражатсыз, актёр, актрисалар да гонорарсыз эле тартылып жаткандыктан, фильмди шашылыш түрдө эки жуманын ичинде тартып бүтүшөт.
БАГЫ АЧЫЛГАН “КАРАГЫЗ”
Тасма тартылып бүткөндөн кийин режиссёр аны элге тартуулоону ойлойт. Бирок, ошол мезгилдеги бийлик негедир бул тасманы жактырбай, элге тартуулатпай коёт. Ошентип, жолу болбогон “Карагыз” элге билинбеген бойдон кала берет. Бул фильмди интернеттен көрүп калган москвалыктар абдан кызыгышат да, кинематографисттер конфедерациясы фильмди тарткандарды Москвага чакырат. Ошентип, тасманын алгачкы бетачары Москвада болуп өтөт. Бетачарынан көп өтпөй Ялтада өткөн V Эларалык кинофорумдан бир канча сыйлыктарга ээ болуп, СССР мезгилинде “Кыргызфильм – кыргыз керемети” деген атка татыган кыргызфильмдерин жараткан Кыргызстандын дагы эле уучу куру эмес экенин далилдеп кеткен.
«КЫРЫЛГАН ЧАЧЫМДЫ КӨРҮП АТАМ НАМЫСТАНГАН»
Баш каармандын ролун аткарган Гүлсина Чотонова фильм жөнүндө төмөндөгүдөй оюн билдирет: «Геннадий Базаровдун сунушун алгач тамаша катары кабыл алгам. Кийинчерээк чындап эле айтып жатканын түшүнүп, дароо эле макул болдум. Мындай татаал ролду жаратуу албетте, оңой болгон жок. Бул жерде режиссёрдун эмгегин баса белгилеп кетким келет.
Баарынан кызыгы, менин чачымды кырдырганымды үйбүлөмдүн өөн кабыл алышы болду. Байкем менин гезиттеги сүрөтүмдү атама көргөзүп, «Кызыңыз фильмге тартылам деп чачын кырдырып коюптур» деп айтат. Аны уккан атам: «Кокуй, бул гезитти айыл-ападагы эч кимге көргөзбөй катып кой. Апасына көргөзө көрбө. Ал көрсө ыйлайт» деген экен. А мен болсо кийин чачым өсүп калган соң гана айылга баргам.»
Кошумчалай кетчү нерсе, Гүлсина Чотонова кундуздай чачын дагы кырдырып салып, жакында эле тартылып бүткөн «Метаморфоза» тасмасында баш каармандын ролун жаратты.
Даярдаган Айым Сариева