ROLA – ТАЗА ЖАНА ЖОЛ БЕРИЛГЕН ПРОДУКЦИЯСЫ СИЗДЕР ҮЧҮН!

RoLA ун азыктары фабрикасынын өткөн жайы өзгөчө окуя менен эсте калды: үч айлык дыкат текшерүүлөрдөн кийин ишкананын продукциясы «Халал» сертификатын алды. «Халал» сертификаттоосу – бул учурдагы рыноктун талабы» деп билдиришет компаниянын менеджерлери. Жаңы маркетинг стратегиясы кандайча жүзөгө ашырыла тургандыгы жөнүндө биз компаниянын башкы директору Шамиль МОЧАНОВ менен сүйлөштүк.

– Шамиль Салыкович, учурда RоLA ун азыктары фабрикасы – алдыңкы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн бири. RoLA бренди астында ун азыктары рынокто бекем позицияларды ээлеп турат. Сиздин таржымал – бул ийгиликтин таржымалы. Ишти кантип баштадыңыз, жапайы рыноктун чытырман токоюнан кантип өтө алдыңыз?
— Эң узак жол да биринчи кадамдан башталат. Бул биринчи кадам 18 жыл илгери Фрунзе атындагы совхоздо бош имараттардын бирин тартипке келтиргенибизде жана жөнөкөй жабдууну: макарон станогун жана кургатуучу шкафтарды койгонубуздан башталган.
Ишкананын негиздөөчүсү ушул жердик жана биздин совхоздо чоңойгон. Ал мезгилде, 90-жылдардын ортосунда, сиздер билгендей, ишкерлердин көпчүлүгү коммерция – сатып алуу, сатуу менен гана алектенишчү. Айрымдары гана өндүрүшкө каражат салууга батынышкан. Биздин уюштуруучубуз алардын катарында болгон. Мезгил да анын туура бизнеске басым жасаганын көрсөттү.

– Айтсаңыз, RoLA ун азыктар фабрикасында да кыйынчылыктар болсо керек. Мисалы, рынок, атаандаштар...
– Атаандаштык бизнес үчүн жаман нерсе деген пикир бар. Бирок мен ак ниет атаандаштык бизнести камчылап жана улам жакшы иштөөгө мажбурлайт деп айтар элем. Биз атаандаштыктан коркпойбуз, биз иштейбиз. Биринчиден, продукциянын эң жогорку сапатына жетишүүдөбүз, экинчиден, атаандаштардан бир кадам алдыда жүрөбүз. Тээ 1998-жылы, ишкана ачылгандан көп өтпөй эле биз макарон азыктарын массалык өндүрүүгө жетиштик, республикада биринчилерден болуп «Чабрец» кесмесин чыгарууну жөнгө салдык жана ошондон бери рынокто дал ушул позицияда абсолюттуу лидерликти бербей келебиз.

– Жергиликтүү ашкана салттарын, өзгөчө улуттук беш бармакты алганда «Чабрец» кесмесин чыгаруу эң туура кадам болгон. Керектөөчү дароо эле «Чабрецти» баалады жана бул продукция көңүл борборунда болду. «Ракушки», «Гульчатай», «Граммофон», «Жайма» макарондору да бүгүн дээрлик ар бир чебер кожейкенин дасторконунда турат. Бардык продукцияларыңар эң сонун сапатта, буга кантип жетиштиңиздер?
– Биз рыноктогу кырдаалга көз салып турабыз. Биздин адистердин баалоосу боюнча, RoLA макарондоруна, кесмеге жана башка ун продукцияларына керектөөчүлөрдүн 25 пайызы, башкача айтканда, ар бир төртүнчү сатып алуучу артыкчылык берет.
Рынокто байыраак тандоо берген жана ошол эле учурда массалык керектөөчү үчүн жеткиликтүү бааны кармай алган жеңет. Бул багыттардын бардыгы боюнча RoLA компаниясында үзгүлтүксүз иш жүргүзүлүүдө.
Ассортименттин үстүнөн технологдордун командасы эмгектенишүүдө, алар италиялык кулинария салттарына негизделген оригиналдуу рецептура иштеп чыгышууда. Атайын жабдылган лаборатория сырьёнун сапатына, технологиялык процесстердин тазалыгына жана санитардык нормалардын сакталышына көз салып турат. Эски жабдууда жогорку сапаттагы кесме, макарон жасоого мүмкүн эмес. 2000-жылы ишкана эң жаңы технологиялык линиялар менен жабдылган жана ошол эле жылы ун тартуучу комплекс ишке киргизилген. Анын үстүнө бизде кеңири сатып өткөрүү тармагы, автопаркыбыз, көп жылдык кызматташуу менен сыналган өнөктөштөрүбүз бар.

– Компаниянын жетишкен көрсөткүчтөрүнүн бири болуп тышкы рынокко чыгуу саналат эмеспи...
– Бүгүн биздин өндүрүштүн көлөмдөрү, ассортимент жана сапат кошуналардын – Тажикстандын, Казакстандын ошондой эле Орусиянын жана Грузиянын рынокторуна чыгууга мүмкүндүк берет. Анын үстүнө жыл сайын биздин экспорттун динамикасы өсүп жаткандыгын белгилеп коюу зарыл.

– Быйыл RoLA ун азыктары фабрикасы «Халал» сертификатын алды...
– Биз дайыма керектөөчүгө астейдил мамиле жасайбыз, анын табитине, талаптарына маани беребиз. Учурда мусулмандар биздин продукцияны сатып алуучулардын олуттуу бөлүгүн түзөт. Шарият боюнча, мусулман үчүн «халал» — бул ишеним белгиси жана продуктунун тазалыгына жана исламдын позициясынан анын жол берилгендигине ишенимдүүлүк. Биздин продукциянын сатып алуучусу үчүн анда шарият тарабынан тыюу салынган ингредиенттер болбогондугу өтө маанилүү.
Сертификаттоо процедурасын Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору жүргүзгөн. Үч ай аралыгында борбордун адистери сертификаттык документтерди, биздин продукциябыздын лабораториялык изилдөөлөрүнүн маалыматтарын текшерип чыгышты жана ишканадагы персоналды окутушту. «Халал» сертификаты RoLA ун азыктары фабрикасынын өндүрүшүнүн продуктулары адам организми үчүн зыяндуу эместигин жана нитраттарды, генетикалык модификацияланган ингредиенттерди, жасалма боёгучтарды жана консерванттарды камтыбагандыгын, башкача айтканда, биздин продукциянын тазалыгын тастыктап турат. Мисалы, анда карминдер (боёгучтар), шеллак (жылтыраткыч), фолий кислотасы, цистеин жана анын гидрохлориддери табылган эмес. Европалык стандарттар боюнча ун жана нан чыгарууда L–цистеин пайдаланылат. Ал адамдын чачынан, жаныбарлардын жүнүнөн жана тооктун канаттарынан алынышы мүмкүн. Биз адамдардын, керектөөчүлөрүбүздүн саламаттыгына камкордук көргөндүктөн мындай күмөн кошумчаларды пайдаланбайбыз.
Компаниянын иштөө принциби мындай: «RoLA — сергек тамактануу үчүн продуктулар». Ушул эле принцип биздин маркетинг стратегиябыздын негизинде да жатат. Ар бир кадам сайын биз экологиялык таза продуктулар рыногундагы азырынча бош орундарды ээлеп калууга умтулабыз.
Анын үстүнө халал-бизнести жүргүзүүнүн талаптарынын бири кайрымдуулук – муктаждарга боор тартуу жана жардам берүү болуп саналат. Биз ар бир сатылган нерседен балдар жана карылар үйлөрүнө акчалай которууларды жүргүзөбүз. Көрүп турганыңыздай, биздин өндүрүшчү катарындагы философиябыз диний жоболорго жана шарият мыйзамдарына дал келет.

Ал эми товарды «халал» деп кантип баалоо жөнүндө «Халал-индустрияны өнүктүрүү» ЖЧКсынын директору МЫКТЫБЕК АРСТАНБЕК айтып берет.

– Мыктыбек мырза, халал–индустрия боюнча кадыр-барктуу экспертсиз, халал-сертификаттоо процедурасы боюнча айтып берсеңиз…
– Халал-сертификатталган болуш үчүн продукт тийиштүү даярдыкка жана ислам диний мыйзамдары билимине, өндүрүш практикасына ээ мусулман адистер тарабынан инспекциялануусу керек. Мусулман компаниялары өндүргөн продукция да көз карандысыз эксперттердин баалоосун талап кылат. Керектөөчүлөр компанияга ээлик кылгандардын билдирүүлөрүнө эмес, ислам уюмдарынын инспекторлорунун тажрыйбасына жана репутациясына таянууга тийиш.
Азыр дүйнөдө «халал» түшүнүгүн косметикага, кызматтар жана финансылоо чөйрөсүндө колдонууга болот. Ал баштапкы диний талаптарды бузбайт, атүгүл сергек жашоо образын түшүндүрөт.
«Халал» — ислам шариятынын позициясынан жол берилүүчүлүк критерийи. Мамлекет продукцияны санитардык, экологиялык жана башка нормативдерге ылайык текшерет, биз мамлекеттик лабораториялардын маалыматтарына негизделүү менен, продуктуда шарият тыюу салган ингредиенттер болбогондугун аныктайбыз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан