ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (29-сентябрдан 5-октябрга чейин )

КОЙ (21.03-20.04)
Окуяларга бай апта. Жолугушуулар, сапарга чыгып келүү... Кээ бирлердин кызмат орундары алмашышы мүмкүн. Купулуңузга толо бербеген адам таң каларлык сунуш менен кайрылат. Сүйүктүүңүз сизди сөзүнө турбаган адам катары ойлоп калбашы үчүн берген убадаңызды аткарууңуз керек. Апта аягында бир маселенин түйүнүн таба албай кыйналасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Тоону томкорчу убак. Көп иштерди аягына чейин чыгарып, кошумча акчага да ээ боло аласыз. Болгону иш менен эс алууну чогуу ала кетпесеңиз, апта аягына энергияңыз жетпей калат. Апта ортосунда өрт коопсуздугунун алдын алуу кажет. Жуманын аягында майда оңдоп-түзөө иштери чыгат. Керектүү шаймандарды сатып алууңуз ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бир топ оор апта. Чет өлкөгө чыгууга же чоң иш-чара өткөрүүгө чуркап иштеп, акча чогултуу керектелет.Үй-бүлөлүк маселелерди чечүүдө достор туура жол көрсөтүшөт. Жаңы иш баштоодон мурда пайдасы канчалык экенин анализдеп көрүү кажет. Алыстан келчү кабар сиз күткөндөй боло бербейт. Андыктан үмүт артпай туруңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бийиктиктерге көтөрүлчү кез. Маянасы жогору кызматка сунуш түшөт, ойлонуп көрүү зарыл. Тааныштардын көңүлүн калтырбай, жардамга кол сунасыз. Сиз күткөн адам белгиленген күнү келбей кабатыр кылат. Каржы жаатына келсек, акча сиз ойлогондон көбүрөөк болуп сүйүнөсүз. Ден соолукка кам көрүп, дарыгерге кайрылууңуз ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Каржыңызга толуктоолор болуп, керектүүлөрдү сатып аласыз. Бойдоктор жакшы көргөн адамы менен биротоло калууну чечишсе, анда өздөрүн сырттан карап көрүп, жаман адаттарынан арылуулары керек. Шейшембиде чала тааныш адамдар менен талашып-тартышчу окуя чыгат. Бейшембиде жакшы-жаманы аралаш жаңылык келет. Жума күнү аракет кылсаңыз, өзүңүзгө олжо арттырууга жетишесиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакындарыңыздын биринин ден соолугу бейпайга салып, ага убакыт бөлүү керектелет. Жан шеригиңиздин өзгөргөн мүнөзү бир топ кооптондурат. Апта ортосунда туугандар үйүңүзгө баш багышат. Чет жактан заказ менен буюм алдырууңуз да мүмкүн. Апта аягында табышмактуу көрүнүшкө туш келүүңүз күтүлүүдө.

 

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башында чоң ишти бүткөрүүңүзгө амалкөйлүк, чечкиндүүлүк керектелет. Бирөөлөр илип кетпеши үчүн идеяларды ичте сактай туруңуз. Жүрөгүңүздүн түпкүрүндө жүрүп, сизди сагындырган адам белек жөнөтүшү мүмкүн. Апта ортосунда достор менен бир ишти бүткөрүүдө көп убара чегесиз. Жуманын аягында жашооңузду жакшыртуу, өзгөртүү жаатында пландарды түзөсүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Өзүңүзгө жакпаган чөйрөдө болуп калбайын десеңиз, аптада чакырган жерге барбай койгонуңуз оң. Үйгө жаңы буюм сатып алуу тилегиңизди жакындарыңыз ишке ашырып беришет. Болбогон нерсе үчүн досуңуздун көңүлүн калтыруудан качыңыз. Романтикалык кеченин арты менен баалаган адамыңызга көбүрөөк жакын боло түшөрүңүздү да унутпаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада чала тааныш адамдар бир ишиңизге жардам беришет. Каржы жаатта кыйынчылык жаралбашы үчүн акчаны үнөмдөңүз. Айрымдардын сиңирген эмгегин баалап, жетекчилик чоңураак орунга которот же сыйлыкка көрсөтөт. Соода кылууда алданып калбоого, сапатсызына туш келбөөгө тырышыңыз. Дем алышта достор коомдук жайда эс алууну сунушташат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Соода жаатындагылар шериктери менен ачык сүйлөшүп, бир максатта иштешпесе, пайда табуу кыйындайт. Апта ортосунда жагымдуу окуядан улам элдин көңүл борборунда болосуз. Апта аягында керектүү убакта, керектүү жерде болуп калбасаңыз, пайдалуу маалыматтан куру калдым дей бериңиз. Эски тааныштар өздөрү тууралуу кабар беришет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада иште активдүү позицияны ээлөө кажет. Анткени жакынкы айлардагы маянаңыз сиздин демилгеңиз жана ишиңизден көз каранды. Апта башында чөйрөдөгүлөрдүн биринин ашыкча сыны тең салмактан чыгарышы мүмкүн. Шаршемби же бейшемби күнү чакан киреше кириши ыктымал. Апта аягында жалгыз эс алганыңыз оң.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Убакыттын тартыштыгынан артка жылдырылып келген пландарга киришесиз. Мисалы, машыгуу залына каттай баштайсыз же үй жасалгалоону колго аласыз. Үйдөгүлөрдүн каалоосун да орундатууга жетишесиз. Иште дарегиңизге жаман сөз айтылбашы үчүн ойлонуп сүйлөө талап кылынат. Ал эми жаңы таанышуулардын келечеги жок, андыктан убакыт коротпой эле коюңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан