СУЛУУЛУК САЛОНУНАН АКЧАМДЫ КАЙРЫП АЛА АЛАМБЫ?

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Юристтин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Байланыш телефону: 32-33-26

– Мен белгилүү сулуулук салонунан кошмо чач коштурган элем. Алар 3 айга кагаз жүзүндө кепилдик берген. Бирок бир жумадан кийин эле коштурган чачтарым түшө баштады. Арызданып барсам, “чач коштургандан кийин чачыңызга туура эмес кам көргөнсүз. Чачыңыздын сапаты начардыгынан улам кошмо чач кошууга мүмкүн эмес болчу” деп айтышты. Муну эмне үчүн башында айтышкан эмес? Эми эмне кылсам болот? Акчамды кайрып ала аламбы? Фарида, Ош шаары.

– Кошмо чач коштуруп жатканда сизге сулуулук салонунан кагаз жүзүндө 3 айга кепилдик берилген болсо, анда сиз сот аркылуу акчаңызды өндүрүп алсаңыз болот. Сулуулук салону кепилдик берип жатканда бардык шарттарды эске алган. Ошондуктан алардын шылтоо айтышы негизсиз.


ЖИГИТИМ КОМПЬЮТЕРДИН АКЧАСЫН ТӨЛӨБӨЙ КАЧЫП ЖҮРӨТ
– Жигитим экөөбүз менин наамыма каттатып, кредитке компьютер алган элек. Акчасын өзү төлөмөк болгон. Бирок экөөбүз таарыныша кетип, ошондон бери акчасын төлөбөй качып жүрөт. Же мага компьютерди кайрып бербейт. Компьютердин документи менде. Үстөк акчасы өсүп жатат. Аны төлөгөнгө акчам да жок. Компьютерди жигитимден кантип алсам болот? Мени ушундай абалга калтырганы үчүн кандай чара көрө алам? Камила, Бишкек шаары.

– Кредит сиздин наа-мыңызга катталса, демек, үстөк, карыздан кутулуу боюнча өзүңүз гана жооп бересиз. Ал эми компьютерди алып качып жүргөнүнө келсек, өзүңүз жашаган райондун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылыңыз. Анда жигитиңизди алдамчылык боюнча кылмыш жообуна тартуу, аны издеп табуу маселесин койсоңуз болот.


КВАРТИРА ЖОЛДОШУМА КАЛАБЫ ЖЕ БАЛДАРЫМАБЫ?
– Жашым 36да. Төрт жылдан бери үч баланы жалгыз тарбиялап келатам. Учурда катуу ооруп, төшөктөмүн. Ал эми жолдошум экинчи никеси менен жашайт. Экөөбүз мыйзам жүзүндө ажыраша элекпиз. Бирок ал биздин үйдө каттоодо турат. Жолдошум сөзсүз өзү келип, каттоодон чыгышы керекпи? Дагы бир суроом, жашап жаткан квартирабыз чоң атамдан мага мураска калган эле. Эгер аны өзүмө каттатууга жетишпей калсам, квартира жолдошума калабы же балдарымабы? Алдын ала рахмат! Айжамал, Бишкек шаары.

– Чоң атаңыздан мураска калган квартира сиздин гана менчигиңиз болуп эсептелет. Эгер өзүңүз каттоо бөлүмүнө бара албасаңыз, жашы жеткен балдарыңыздын бирин жөнөтсөңүз же адвокат жалдасаңыз болот. Ал эми жолдошуңуздун бул мураска түз тиешеси жок. Эгер өзүңүзгө каттата албай калсаңыз, Жарандык кодекстин 1142-беренесинин негизинде балдарыңыз, жолдошуңуз жана ата-энеңиз бирдей өлчөмдө квартираны же анын базардык баасын бөлүп алышат. Бул шарт эгерде чоң атаңыздын сизден башка мураскерлери болбосо же мураскерлер сиздин кызыкчылык үчүн өз үлүштөрүнөн баш тартышса гана туура келет. Үйдө каттоодо турган менчикке тиешеси жок. Эгерде жолдошуңуз сиз менен расмий түрдө ажырашса, сиздин квартираңызга тиешеси жок болуп калат.


ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУУ МААЛЫМДАМАНЫ КАЙРА ЖАСАТСАМ БОЛОБУ?
– Жолдошум каза болгонуна бир жылдан ашты. Балдарыма жөлөк пул алуу үчүн жолдошумдун өлгөндүгү тууралуу маалымдама керек экен. Тилекке каршы, аны жоготуп алгам. Бул маалымдаманы кайра жасатсам болобу? Эгер болсо кайсы жерден жасатсам болот?Гүлшайыр, Бишкек шаары.

– Жолдошуңуздун өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн ЗАГСтан ала аласыз. Кайсы ЗАГСтан алынса, ошол жердин жарандык абалы боюнча актыларды каттоо бөлүмүнө (ЖААК) кайрылсаңыз болот.


ТИГҮҮЧҮ МЕНИ АЛДАП КЕТТИ
– Мындан 4 ай мурун Бишкектеги базарлардын бириндеги тигүүчүгө парда тиктирүү үчүн 30 миң сом берген элем. Алганы барсам, “2 күндөн кийин келиңиз, даяр болот” деп узатып койгон. Андан кийин да бир нече жолу бардым, же качып кетет, же “эже, эртең келиңиз” деп алдап жолго салып коюп жүрдү. Акыркы жолу барсам, ал жерде иштебей калыптыр. Телефон чалсам, жооп бербейт же бирөөлөргө жок дедиртип салат. Менин кемчилигим, акча берип жатканда тил кат жаздырып албаганымда. Эми акчамды кантип кайтарып алсам болот? Жамила, Бишкек шаары.

– Сиз базар жайгашкан райондун ички иштер бөлүмүнө алдамчылык боюнча арыз менен кайрылсаңыз болот. Экөөңүздөрдүн сүйлөшүүңүздөргө күбө болгон адамдарды таба алсаңыз, сизди алдап жүргөн тигүүчүнүн үстүнөн кылмыш иши козголушу мүмкүн. Парда тиктирүү үчүн 30 миң сом алганы сотто далилденсе, сизге бул акчаны өндүрүү чечимин сот чыгарып берет.


КУРС АЧУУ ҮЧҮН СӨЗСҮЗ МАМКАТТООДОН ӨТҮШҮМ КЕРЕКПИ?
– Бычып-тигүүнү үйрөтүүчү курс ачсамбы деп жаттым эле. Сөзсүз түрдө мамлекеттик каттоодон өтүү зарылбы? Эгер катталуу шарт болсо, кандай документтер талап кылынат жана кимге кайрылуум керек? Салкынай, Кара-Көл шаары.

– Бычып-тигүүнү үйрө-түүчү курсту кайсы жерде ачууну ойлосоңуз, ошол аймакты тейлеген облустук же шаардык юстиция органына кайрылышыңыз керек. Паспорт, билимиңиз тууралуу документ, жашаган жериңизден маалымдама, мүнөздөмө жана башка ушул сыяктуу документтер талап кылынат. Аталган органга кайрылып курс ачуунун бардык шарттары менен таанышып, толук маалымат алсаңыз болот.


Сиздердин сурооңуздарга “Статут” юридикалык компаниясынын президенти, профессор Бопоев Назаркул БОПОЕВИЧ жооп берди.
Дареги: Турусбеков көч. 86. Байланыш тел: (0543) 94-05-90

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан