КАЛПТЫ ЖЕҢГЕН ЧЫНДЫК

Асанбек, Акылбек, Канат бир күнү көлмөгө сууга түшүп келгени жөнөшөт. Кечке чөмүлүп, суу чачышып, оюндун кызыгына кирип кеткен достор күндүн кантип батканын байкабай калышат. Күүгүм тартканда гана үйүнө кайтмакчы болуп, ата-энесине эмне деп айтыштын айласын издешет. Бир маалда Асанбек :
– Мен атама «сууга түшүп жатсак акула келип мени кубалады» дейм. Атам мага ишенип коркуп кетет да мени урушпай калат,- дейт.
Анын сөзүн угары менен шылтоо таппай турган Канат:
– Анда мен «жолдон чоң атамды көрүп сүйлөшүп кармалып калдым» дейм. Ошондо менин да апам урушпайт,- деди.
Досторунун калптарын угуп турган Акылбек:
– А мен болсо чындыкты айтам. Жалган сөздү айтканча мага чындыкты айткан оңой,- дейт.
Ошентип үч дос үйлөрүнө тарап кетишет. Асанбектин калпын уккан атасы сөзүнө ишенбей, жалган айтканы үчүн баласына жинденет. Апам урушпасын деп шаша-буша шылтоо айткан Канаттын да калпы чыгат. Ал шылтоологон чоң атасы, көрсө, үйүндө отурган экен. Баласынын кеч келгени аз келгенсип, калп айтып жатканына апасы ачууланат. Ал эми Акылбек апасына оюнга алаксып кеч калганын жашырбай айтып, кечирим сурайт. Баласынын кечиккенине жинденип отурган апасы Акылбектин чындыкты айтып, кечирим сураганы үчүн урушпай, ыраазы болуптур.

Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан