ОППОЗИЦИЯ КЫРГЫЗСТАНДА БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУГА ДАЯРДАНЫП ЖАТАБЫ?

«Дело №» газетасына өткөн аптада абдан кызыктуу макала жарыяланды. Анда АКШ жана анын тарапташтары тарабынан Кыргызстанда оппозиция куралып жатканы, ал активдүү жаштарды катарына тартмакчы экени, бийликти алууга аракеттер башталганы тууралуу айтылат. Мындай кызык иликтөө менен окурмандарыбызды тааныштырууну чечип, айрым кыскартуулар менен жарыяладык.

Кыргызстан жетекчилигинин тышкы саясаттагы позициясы акыркы айларда буга чейин болуп көрбөгөндөй ачыктык жана чечкиндүүлүккө ээ болду. Бажы союзуна карай жол... Орусия жана Кытай менен кызматташуунун күчөшү... Расмий Бишкек Батыштын басымына туруштук берүүгө, анын диктатынан жана өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүсүнөн коргонууга аракеттенүүдө.
Кыргыз бийлигинин бул аракеттери айдан ачык көрүнүп турат.

Мындай иш-аракеттердин фонунда Кошмо Штаттардын жана алардын өнөктөштөрүнүн Кыргызстанда болгон кыймыл-аракети акыркы убакта пассивдешип кеткендей көрүнөт. Биздин республикага карата бир убакта мамкатчы Хилари Клинтон айткан «мурдагы советтик аймакта интеграцияны кандай ыкмалар колдонуларына карабастан болтурбоо» керектигин. Мындай тактикасынан АКШ баш тарттыбы деп да ойлоп кетесиң.
Бирок бул жымжырттык жөн гана көңүлдү алагды кылуу. Жай айлары көрсөткөндөй, батыштын ар кандай уюмдарынын Кыргызстандын тышкы саясий векторун өзгөртүү боюнча иш-аракети, тескерисинче, күчөдү. Аны өзгөртүү үчүн «акылына келтиребиз» деп азыркы бийликти согуп туруу керек. Кыргыз тарыхында биринчи жолу саясий оппозицияны куроо баш аламан эмес, чет элдик көз салуучулардын дыкат жетекчилиги астында болууда.
Дагы бир өзгөчөлүк. «Америкалык достор» республиканын улуу муунуна таасир эте албай жатканынан мындан ары бардык аракет жаштарга бурулат. Бул таң калычтуу деле эмес – жаштардын мээси жумшак келет, алар пластилин сымал. Жаштарды башкаруу жана башын айлантуу жеңил.
Батыш гранттарынын эсебинен бардар турмушка кепилдик берилсе, өлкө экономикасы, жумуш орундары, нан табуу сыяктуу көйгөйлөрдү ойлоп отурушпайт. Мындай жаштар Кыргызстандын келечегине кайдигер карашат.

БАШКЫ БАГЫТ – БАЖЫ СОЮЗУНА КАРШЫ
Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Бишкекте маанилүү окуя болду. Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык шааниде «Ала-Тоо» аянтында шаардык БИИБ кызматкерлери чогулган элди Бажы союзуна каршы үгүттөөгө аракет кылган эки активистти кармашты. Булардын бирөөсү «Кыргызстан Бажы союзуна каршы» кыймылынын активисти Марат Мусуралиев деген адам эле.
Экинчи активист болбогондо бул акциянын кызыктыра турган жагдайы болмок эмес. Ал «Фридом Хаус» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Аскат Дукенбаев болуп чыкты.
Башка мамлекеттин кызыкчылыктарын көздөгөн уюмдун кызматкери эмне себептен акцияга жеке өзү катышып, бетин ачып жатканын так айтуу кыйын. Бирок америкалык «кулактар» Бажы союзуна каршы ар кайсы акциялардан көптөн бери эле көрүнүп келет.
2014-жылдын 22-январында Бишкекте «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында «Эркин Кыргызстан үчүн!» аттуу акция өткөн. «Реформа» партиясынын лидери М.Асангариевдин демилгеси менен өткөн бул иш-чаранын башкы максаты –Кыргызстандын Бажы союзуна киришине каршы үгүттөө болгон. Акциянын уюштуруучуларынын арасында «Коом жана психикалык ден соолук» коомунун жетекчиси Бурул Макенбаева жүрдү. Акция өтүп жаткан жерде уюштуруучулар менен сүйлөшүп жүргөн жеринен АКШнын Улуттук демократиялык институтунун (УДИ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчылыгынан күн мурун кеткен Скотт Кирин байкалды.
2014-жыл, 5-май... Бишкекте «Ала-Тоо» аянтында Бажы союзуна каршы кезектеги акция – флешмоб өткөн. Уюштуруучулар – ошол эле «Реформа» партиясы жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» башчысы Динара Ошурахунова жана баягы эле Бурул Макенбаева (Бажы союзуна «Психикалык ден соолук» деген кызыктай аталыштагы уюмдун тиешеси канчалык экени түшүнүксүз).
Айта кетсек, Б.Макенбаеванын бир тууганы Турат Макенбаев көптөн бери АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде коомчулук менен байланыштар боюнча адис болуп иштеп жүрөт. Ал аркылуу америкалык элчилик Б.Макенбаеванын «Психикалык ден соолугуна» анча айкалыша бербеген активдүү «тышкы саясий» иш-аракетин гана эмес, негизи эле «Кыргызстан Бажы союзуна каршы» акциясын көзөмөлдөйт деген версиялар көп айтыла баштады. Бажы союзуна каршы акцияларга Кыргызстанга ушул жылдын апрелинде келип, «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясына» кошулган француз волонтёру Пьер-Мари Пейтьер да катышуусу мүмкүн. Француз жаранынын волонтёрдук ишинин расмий максаты – кыргыз шайлоо мыйзамын реформалоо боюнча долбоорду даярдоо. Месье Пейтьер республиканын бардык облустарына барып, жергиликтүү активисттер менен, ошондой эле америкачыл позициясы менен белгилүү парламент депутаттары Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахманов менен жолугушкан.
Бажы союзуна каршы чабуулга (тагыраак айтканда, Кыргызстандын андагы мүчөлүгүнө каршы) «Жаштар парламенти» деген кызыктуу бир уюм да аттанган.
Бул долбоор 2011-жылы негиздөөчүсү жана жетекчиси ошол эле Равшан Жээнбеков болгон «Демократияны колдоо фонду» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен жаралган. Долбоорго каржылык колдоону ЮСАИД жана Эл аралык республикалык институту көрсөтөт.
«Жаштар парламентинин» түзүлүүсүнүн расмий максаты мындайча белгиленген – «жаштардын активдүү жарандык позициясын түзүү жана аларды мамлекеттин социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө тартуу».
Расмий эмес максат дагы айкын көрүнүп турат – активдүү жана келечектүү жаштарга батышчыл көз карашты сиңирүү. Аркан алыска ташталган. 2011-жылдын июнь айында «Жаштар парламентинин» биринчи сессиясында (анын курамына 18ден 26 жашка чейинки 58 адам кирген) АКШнын элчиси Памела Спратлен ооз көптүрө «бул – Кыргызстандын келечеги» деп атаган.
Үч жылдын ичинде «Жаштар парламенти» өзгөчө активдүүлүгү менен айырмаланган жок, анын ишмердүүлүгү тууралуу көп угулбады. Кыргызстанда көйгөй жайнап турганда бул уюм башкаруучулук идеяларды ойлоп таап, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу менен биргеликте аларды өкмөткө сунуштамакчы эле.
Мына, 2014-жылдын жай айлары кирип келди. Дал ушул учурда эң башкы маселени чечүү үчүн (АКШдагы кураторлордун буйругу боюнча) «Жаштар парламенти» керек болду. Башкы маселе эмне экени белгилүү – Бажы союзуна каршы чыгуу.
23-27-августта Бишкектин «Достук» мейманканасында «Жаштар парламентинин» кезектеги сессиясы болгон. Сессияда сөз алган Равшан Жээнбеков эмне деп сүйлөдү? Бажы союзуна киргенден кийин республика көз карандысыздыгын жоготорун, бул кадамга Кыргызстан өз каалоосу эмес, Владимир Путиндин буйругу менен барып жатканын айтты. Албетте, «Орусиянын Украинанын түштүк-чыгышындагы агрессиясын» да айтпай койгон жок. Натыйжада чогулгандарга президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке Кыргызстан жаштары (анын ичинде «Жаштар парламенти» да) Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүнө каршы экендиги тууралуу кайрылуу жолдоону сунуштады.
Бул сессияда билим берүү маселелери жана башка жаштар көйгөйлөрүн талкуулоо пландаштырылган эле.
Сессия аяктагандан кийин Равшан Жээнбеков расмий эмес абалда «Жаштар парламентинин» айрым мүчөлөрү менен жолугушуп, бир катар бейөкмөт уюмдар менен бирге жаштар саясий партиясын түзүп, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышып, чыныгы саясатка киришерин айтып, аларга мындан да келечектүү долбоорго катышууну, тактап айтканда, жаштар саясий партиясына кирүүнү сунуштады.

«Фридом Хаус» уюмунун Кыргызстандагы филиалынын башчысы А.Дукенбаев. Экинчи сүрөттө анын тарапташы М.Мусуралиев колуна мегафон кармап турат. Бажы союзуна каршы акциялардын биринде.

Кыргызстанда оппозицияны башкарууга Равшан Жээнбековдун эки көзү төрт. Бирок даремети жетиштүү эмес. Анын үстүнө оппозициялык кыймыл үчүн бул фигура өтө эле күмөндүү.

NED уюмунун Евразия боюнча көзөмөлчүсү Мириам Ланская. Ошол эле америкалыктардын айтымында, бул уюмдун ишин илгери ЦРУ аткарчу.

Динара Ошурахунова

ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР ТАЛАП КЫЛЫНУУДА
Бул сессия башталардан бир аз мурун, тактап айтканда, июль айында Бишкектеги кафелердин биринде Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков менен Улуттук демократия фондунун (NED) Орусия жана Евразия боюнча программасынын директору Мириам Ланскаянын жолугушуусу болуп өттү. Сөз ошол эле Кыргызстанда батышчыл көз караштагы жаштардын ар кандай кыймылдарынын негизинде жаштар партиясын түзүүнүн тегерегинде болгон.
Мириам Ланская, NED программасынын Орусия жана Евразия боюнча директору. Өмүр таржымалында жазылгандай, советтик доордон кийинки Евразияда демократияны жайылтуу боюнча 14 жылдык тажрыйбага ээ. Ал Чеченстан жана Түндүк Кавказдагы 1994-2005-жылдары болгон окуялар тууралуу Ильяс Ахмадов менен биргеликте «Чечен күрөшү: жетишкен жана жоготкон эгемендүүлүк» аттуу китеп жазып, белгилүү болгон. Бул китептин каармандарынын катарында Жохар Дудаев, Шамиль Басаев, Аслан Масхадов бар. Китеп NED директорлор кеңешинин мүчөсү Збигнев Бжезинскийдин алкышына ээ болгон.
Быйылкы жылдын февраль айында Мириам Ланскаянын Азербайжан бийлигин авторитаризмге кескин айыптаган билдирүүсү ММКларга жарыяланган эле. Айрым байкоочулар мындай билдирүүнү бул өлкөдө түстүү революция даярдалып жатканы боюнча сигнал катары баалашты.
Белгилүү болгондой, Равшан Жээнбеков менен болгон жолугушууда Мириам Ланская жаңы жаштар партиясына каржылык колдоо көрсөтөрүн убадалап, Эл аралык республикалык институт аркылуу жаштар демилгелерин каржылоо боюнча гранттар программасы ишке ашырылып жатканын билдирди.
«Болочок жаштар» саясий партиясы «Бир эл» деп аталмакчы. АКШдагы көзөмөлдөөчүлөрдүн планына жараша шайлоого чейин бул оппозициялык партия жаштардын бийликке келишин эңсеген эл арасында упай топтоого батыл киришүүсү керек. Бул «жаш саясатчылардын» артында оппозициянын «картаң» өкүлдөрү туруп, жаштардын кеңешчилери катары чыгышат.
Сценарийге жараша жаңы партияны белгилүү кылып, анын катарына көп жаштарды тартуу үчүн, жаш партиядагыларга бийлик алмашкандан кийин өлкө жетекчилигине батышчыл оппозициялык саясатчылар келип, «элди тоногучтардан» тартып алынган жер үлүштөрү бөлүнүп берилерин убада кылышары белгилүү.

БААРЫ АЛДЫН АЛА ПЛАНДАШТЫРЫЛГАН
Эмдигиче 2015-жылдын парламенттик шайлоосуна даярдыкты баштай элек эски партиялардын пассивдүүлүгүнөн айырмаланып, америкалыктардын иш-аракети абдан активдүү жана ойлонулуп жасалгандай. АКШнын Эл аралык республикалык институту (IRI) бул даярдыкты 2012-жылдын апрелинде эле баштап, ал дал шайлоодо 2015-жылдын 30-сентябрында аяктайт.
Бул программанын алкагында IRI «эл аралык практикада колдонулган шайлоо технологияларына Кыргызстандын саясий партияларын окутууну» жүргүзөт. Ошондой эле бул институт «2015-жылдагы парламенттик шайлоонун эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыздоо үчүн байкоочуларды окутууну» көздөйт.
Мындай тренингдердин бирин IRI июндун аягында уюштурду. Тренер катары америкалыктар Украинадан Юлия Тимошенконун тарапташы Лев Бирюкту чакырышты. Украиналык конок кыргыз партиялаштарды партияларды куроого эле үйрөтпөптүр.
Батыш уюмдары Кыргызстандын бардык тарабындагы жашоосун көзөмөлдөөгө аракет кылышат. ЮСАИД, IRI, NED, NDI ар кайсы консалтинг агенттиктери аркылуу («СИАР», «М-Вектор» сыяктуу) ар дайым ишкерлер, илимий-чыгармачыл интеллигенция жана жаштардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, алардын бүгүнкү бийликке көз карашын, республикадагы абал боюнча пикирин, коррупциянын деңгээли, инвестициялык климат жана башкалар тууралуу сурап, ойлорун билип турушат. Мунун баары эң талылуу жерлерди жана кыргызстандыктардын жалпы каршылык потенциалын аныктоо үчүн абдан керек.
«Коомдук саясат институту» сыяктуу чыр-чатактарды иликтөөгө багытталган долбоорлордун иш-аракети чет элдик демөөрчүлөргө абдан көп маалымат берип турат. Бул уюмдун жумушу – адистер, эксперттер, саясатчылар, жарандык сектордун өкүлдөрү жана жаштардын катышуусунда ар кыл маселелер боюнча ар кандай тегерек үстөл уюштурууда. Бул иш-чаралардын материалдары эл аралык демөөрчүлөрдүн колуна келип түшүп, Кыргызстандын коомдук жашоосунун бардык жактарындагы абалды баалоого жол берет, талылуу жерлерди аныктап берет. Мындан тышкары бул институт АКШ элчилиги жана биздин өлкөнүн жарандык коомунун ортосундагы көпүрөлөрдүн бири экени белгилүү.
Алдыдагы окуяларды эске алсак, жергиликтүү бейөкмөт уюмдар жана алардын демөөрчүлөрү үчүн парламент али кабыл ала элек «Чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзам долбоору тамакка тыгылган сөөк болду окшойт. Май, июнь айларында Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясынын (ЖКБА) жетекчиси А.Мамбетов жана жогоруда айтып өткөн «Фридом Хаустун» кыргызстандагы директору А.Дукенбаев айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуу өткөрүп, бул мыйзамды кабыл алууга тоскоолдук жаратуу боюнча иш-аракеттер планын түзүштү.
Бул эмне болгон план? Ал чоң жана узак мөөнөттүү. Анын ичинде Кыргызстан омбудсмени менен иш жүргүзүү, парламент депутаттары менен иштөө. «Ата Журт» фракциясы менен болгон жумушка «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» жооп берет, «Республика» менен иштөөгө ЖКБА, КСДП менен иштөөгө «Интербилим», «Ата Мекен» менен иштөөгө «Фридом Хаус», «Ар-намыс» менен иштөөгө «Коомдук анализ институту» бөлүнгөн. Британия, Корея, Турция, Германия, Орусиянын элчилери менен иш жүргүзүү планга киргизилди.
Күздүн келиши менен бейөкмөт уюмдардын жарандык сектордун оң имиджин түзүү жана мамлекеттик органдарда жактоочуларды издөө боюнча активдүү иш-аракетин күтүүгө болот. Коомдук угуулар, президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылуулар, «Азаттык», КТРК, НБТ, Мир жана башка телеканалдарда талкуулар жана башка иштер келе жатат. Ошондой эле «Твиттер», «Фейсбук» жана башка социалдык түйүндөрдөгү талкуулар, мамлекеттик органдарга карата e-mail-чабуулдарды күтсөк болот.
Ал эми бул макалада жазылган пландардын баарына каршы чыккан маалымат каражаттарын америкалык саясатты жайылтуучулар эмне кылышмак? Белгилүү болгондой, айрым бейөкмөт уюмдардын башчылары (мисалы, Динара Ошурахунова жана Бурул Макенбаева) жакын арада «Кыргызстандагы ММКларды мониторинг кылуу боюнча комиссия» түзүүнү демилгелеп чыкмакчы. Бул долбоордун демөөрчүлөрү ЮСАИД жана «Фридом Хаус» болушу мүмкүн. Бул комиссиянын башкы максаты – Кыргызстандын орус тилдүү гезиттеринин мизин кайтаруу экени айтылууда.
Мына, мактаган америкалык «демократия» менен «сөз эркиндигинин» баасы. Иш-аракетин кыйраткыч деп эсептеп, АКШнын пландарына каршылык көрсөткөндөнрдүн баарынын оозун жабуу керек. Айрым жерлерден бейөкмөт уюмдардын колу менен, айрым жерлерде Украинадагыдай кыйратуу жолу менен.

Бурул Макенбаева. Сүрөттө ортодо.

 Артур Исаев,
«Дело №» газетасынан которулду

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Sultan83
2014-09-30 00:54:50
Урматтуу супер инфо жамааты мага штраф бербей эле койгулачы,просто куйгонумдон жаздым ушул фразаларды,озунор жакшы билесинер Ар бир уй булодон бирден же экиден минимум кыргыздар бул жакта Россияда иштеп журушот ошону да ойлосонор
+1
Patrik
2014-09-30 12:10:09
Супер-инфо. Гансидеги Американын авиа базасындагы керек жарактардын мыйзамсыз сатылып жаткандыгы жонундо иликтоонун жыйынтыгын чыгарыныздарчы
+1
admin_superstan
2014-09-30 12:23:09
Patrik, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз.
+1
iPad
2014-09-30 13:52:26
kalp ele jaza berberile amerikanyn kyrgyzstanga emne kereri bar ele bylda bir piar da
+1
Frunze1
2014-09-30 14:52:35
Атамбаев менен Текебаевдин выходкаларына эл тан калбай да калды, уже не смешно!!!
-1
edu.kg
2014-09-30 15:08:32
тууу эмне дешииди билбей калдымгоо. Америка тихий движенЯ кылып атыптырда
-1
Rashinboy
2014-09-30 15:20:15
Кыргыз элим акылдуу, тушунуктуу. Эмне деген окуяларды баштан кечирдик, кандай кана акция, провакация, митинг кылбасын баары бир элим ойлонуп иш кылышат. Оркундой бер акылман Кыргыз калкым!!! Эми Р. Жээнбеков туурасында, бул адамдын элге кылган корунуктуу ишин корбодум, мен эле эмес башкалар деле корбосо керек. Баарын ойлонуп иш кылуубуз керек.
Кыргыз элиме тынчтыкты каалайм!!!
+1
maksnarin
2014-10-01 08:59:15
Американын жамандыктары:бакубат жашап аткан Ирак мамлекет катары жок болуп барат,Ливия жок болду,Сирия Россия болбосо жок болот,Украинада тууган тууганын олтургон согуш,жакын арада бытыранды олкого айланат,байкуш элинин жашоосун буйурса кышында эле угабыз,ошон учун Аллахым Путинге куч кубат берсин деп тилейли!
+1
maksnarin
2014-10-01 09:02:25
Равшан,Омурбек байкелердин фейстеги баракчалары жалан бузуку чакырыктар,жаны закон чыгарып буга окшогондорду камаш керек-((((((((
0
maksnarin
2014-10-01 09:09:50
А жаштарга Курманжан энебиздин киносуна баргыла дейт элем,сонун создор,маанилуу коз караштар,билгенге ал кинодо баары бар.п.с.барсанар ини-карындаштарым телефонунарды очуруп анан корсонор,эки жолу бардым экоондо тен жаштар кулагында телефон же кыз жигит бакылдап суйлошуп отурушат киного эмнеге келгени белгисиз....
+1
maksnarin
2014-10-01 09:17:24
Ушул жерден бир сунуш Супер Инфого сунуш:ушул телефон менен суйлошуу маданияты жонундо да кенен жазсанар кантет,болбосо бир эле мисал,маршруткага кирсен жапжаш балдар кыздар улуу кичууну козго илбей,кытайдын кулакчынынан бок сакты суйлоп баратышат.Зыянын да жазсанар кулакчындын,алдын ала чооон рахмат айтат элем!!!!!
+2
admin_superstan
2014-10-01 09:44:35
maksnarin, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
+2
kara_kulzha
2014-10-01 15:45:01
Мен Атамбаевди жаман кором иштегенида жакпайт, азыркы оппозицияны да колдобойм себеби алардын максаты бийликти алыш.
-2
Talant86
2014-10-01 15:52:27
Американы жолотпош керек алар чындыгында бизди курал катары колдонушат ,ал эми американы колдогон жаштардын жоопко тартып жазасын бериш керек себеби тынч жашап жаткан элди правокоция кылып ундоп жатат, эл азыр тынч жашаганды эле каалап калды баары тажады деп ойлоймун.
+2
gulperi.kg
2014-10-02 00:05:40
кыргызстанда согуш болсун деген адамдарды кудай бизден алыстатып жок кылсын(((биз тынч жашагыбыз келет.
0
Eka0888
2014-10-05 19:44:28
Кыргызстандагы эл азыр ХХХ болуп калган.. акча жок.. жумуш жок.. Кыргызстанда жашаш учун сен озун кандайдыр бир предприятия ачышын герек анда да мамлекет жардам бервейт сени бутуна туруп гетишине..акча учун митинг десе митинг кылышат *украина мы с тобой* это что за ХХХ ХХХ вы ХХХ что-ли Кыргызстан сейчас сам за себя не может какая еще украина ХХХ ХХХ.. этим правокаторам в ХХХ ХХХ ХХХ..
0
admin_superstan
2014-10-06 09:56:37
Eka0888, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө жол жок.
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган!
10 күн БАН!
0
enn07
2014-10-06 03:48:53
Жаштарга кайрыларым малга окшоп чу деген жака карай баса бербегиле??!!! Кыргызстан Россия менен жакшы болсо эле утат. Наалаты американы ээрчибегиле!!!
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан