«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

«Даңазалуу кылым» сериалында жасалма сакал чаптап ойногон жалгыз каарман Хызыр Хайреддин пашабы? Сүмбүлдүн евнухка айланган эпизоду кантип тартылган? Сулейман султан кийген чапан канча турат?

ОСМОН ДООРУНДА ЖАШАГЫСЫ КЕЛБЕГЕН СҮМБҮЛ

ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
110-115-сериялар: Гарем Сүмбүлсүз калат
Улуу вазир Рүстемдин тапкан акылы менен Сулейман Амасьянын элине «Мустафа кандай башкарып жатат? Доо-арызыңыз барбы?» деген кат жөнөтүүгө макул болот. Жооптор көпкө күттүрбөй келип, анда кат ээлери Мустафаны «болочок султан» деп аташканы султанды кара ойго түртөт. Падыша уулуна атайын чапан тиктиртет, бирок Рүстемдин кийлигишүүсү менен чапан ууландырылат. Атасынан келген тартууну Мустафа кийгенге чейин Махидевран жетишип келип, уулун өлүмдөн сактап калат. Бул окуядан кийин Мустафа темир-соотун кийип, аскерлерин ээрчитип, хан сарайга жолго чыгат. Атасынын кабыл алуусунда кол жыйнап келүүсүнө чапан себеп болгонун айткан Мустафа Сулейманга «жан алууга эмес, жанымды берүүгө келдим» дейт. Султан уулу экөөнүн ортосунда от жагууга аракет болуп жатканын түшүнүп, башкы мураскерине «сенин жаныңды эч качан кыйбайм» деп сөз берсе, Мустафа атасына «сизге каршы көтөрүлүшкө эч качан чыкпайм» деп касам ичет.
Бул аралыкта Хызыр Хайреддин паша көз жумат, ал эми анын кызы Михриниса менен Мустафа жашыруун нике кыйдырат. Алоолонгон от сыяктуу махабаттан жаралган дагы бир жашыруун нике Баязид менен Хурижихандын ортосунда кыйылат. Селимдин күңү Нурбану уул төрөйт, Сулейман Манисага келген сапарында ымыркайга Мурат деген ысым ыйгарат. Эң башкысы, Сулейман Манисага капысынан келип, Селимди бутуна тура алгыс мас абалында көрөт.
Хүрремдин хан сарай жана гаремдеги таасирин азайтуу үчүн келген Фатма султанга келсек, ал диванда болуп жаткан сөздүн баарын тыңшоочу сырдуу бөлмөнү таап алат. Бул бөлмөнү Хүррем атайын жасаттырганы билинип, Фатма кабарды Сулейманга жеткирет. Окуя Хүрремдин Баязид башчылык кылган Күтахьяга сүргүнгө айдалышы жана Сүмбүл аганын гаремден куулушу менен аяктайт. Евнух кызуу кезинде Мустафанын кишилеринен болгон Жевхер аттуу аялга сырдуу бөлмөнү айтып алат. Гарем Сүмбүлсүз калса, матрак боюнча күрөш бакчасы Насух эфендисиз калат. Ал Мустафа менен Баязиддин катачылыктарын жаап-жашыра коём деп Сулеймандын каарына калат жана султан матракчы менен болгон достугунан кечет.

КАРАКЧЫНЫН ТАЖИЯСЫ КАНТИП ТАРТЫЛГАН?
«Тарыхта деңиз флотунун башчысын жерге берүү зыйнаты падышанын тажиясынан кем болгон эмес деп айтылат. Хайреддин паша менен коштошуу үчүн чет өлкөлөрдөн да кол башчылар келишкен. Коркуу жаратчудай көп адам чогулган делет»,- дейт Хызыр Хайреддин пашанын ролун жараткан актёр Толга Текин.
Тартуу иштерине келсек, сериалда Сулейман султандын табыттын жанында жалгыз туруп, көз ачып-жумганчалык аралыкта жанында бир топ кишилер тизилип калган кадрлар көрсөтүлөт. Мындай «фокусту» жаратуу үчүн алдыга-артка гана жылган крандагы камера ишке жараган. Адегенде камера султандын жүзүн алдынан келип тартат, ал эми артка кайтууда 200дөй адам чуркап келип, ордун таап калууга жетишишкен. Анда эч кандай компьютердик атайын эффект колдонулган эмес. Эпизод бир жолку тартуу менен ишке ашкан.
Тарых барактарында Хызыр Хайреддин пашанын теги грек деңиз каракчысы болгону, Сулейман султан менен бир топ жерлерди каратып алуу жүрүштөрүнө катышканы жазылган. Кемелер деңизге чыгуунун алдында пашанын урматына анын күмбөзүнүн жанында салют аттырууну салтка айлантышкан. Европада Барбаросса деп атыккан пашанын лакап аты «кызыл сакалдуу» деп которулат. Бул каармандын ролун жараткан 1973-жылкы Толга Текин «Даңазалуу кылымда» сакалын өстүрбөй, жасалма сакал чаптап ойногон жалгыз актёр болуп саналат.

ХҮРРЕМ МЕНЕН СҮМБҮЛДҮН ДОСТУГУ
Сериалда Сүмбүл аганын гаремден кетерден мурун Хүрремге кантип евнухка айланып калганын айтып бергени бар. Тартуучу топтун айтымында, евнух боло турган жаш балдардын эмоциясын көрсөтүү, алардын жан ачыткан оорусун жеткиликтүү ойноп берүүсү бир топ кыйынчылыкты жараткан. Бычылгандан кийин балдардын оорусун басаңдатуу үчүн көлмөгө жаткызышат. Бул эпизодду тартууда көлмөдөгү сууну ысытып, кайра муздатып, бир топ убара тартышкан. «Балалыгында эле ошондой сыздоого туруштук берүүгө мажбур болгон Сүмбүл көптөгөн интригаларга каршы тура алган деп ойлойм. Алар кичинесинен чыдамкай болууга үйрөнүшкөн. Кандайдыр бир кереметтин күчү менен мүмкүнчүлүк түзүлсө да, Осмон империясынын доорунда эч качан жашагым келмек эмес»,- дейт пингвиндей басыгы менен таанымал болгон Сүмбүл аганын ролун жаратуучу Селим Байрактар.
Актёрдун айтымында, «Даңазалуу кылымда» жараткан каарманынын Хүррем менен болгон мамилесин достук десе болот. «Башында Сүмбүл менен Хүррем тил табыша албай уруша да кетчү эмес беле. Жылдар өткөн сайын алар сырдашкан жакын достор болуп чыга келишет»,- дейт С.Байрактар.

 

УУГА ЧЫЛАНГАН ЧАПАНДЫН УЛАМЫШЫ
Сулеймандын атасы «Ырайымсыз Селим» деп атыккан. Ал керек болсо өз атасын уулантып өлтүрүп, кийин такка талапкер болгон мураскерлерди, бир тууган ага-инилерин, анын уулдарын да ажалынан эрте о дүйнөгө узаткан. Такка отурган соң бойго жеткен уулдарын атаандаш көрүп, аларды өлүм жазасына тартып же башка себептерден улам Сулеймандан башка мураскерлеринин баары 20 жашка чыкпай көз жумушкан. Кезек аман калган жалгыз уулуна жеткенде, 1517-жылы Селим I Манисада башчылык кылып жүргөн Сулейманга баалуу таштар менен кооздолгон, бирок ууга чыланган чапан жөнөтөт. Аны Сулеймандын апасы валиде Айше Хафса султан аңдап калып, тартууну кулдардын бирине кийгизип көргөндө ал каза болот. Уламыштын айрым версияларында чапандын ууга чыланганын паргалык Ибрагим байкап калып, ханзааданын өмүрүн сактап калган деп айтылат.
Сериалга келсек, султандын чапандары актёрдук курам кийген костюмдардан айырмаланып турушу үчүн кездемесин Италиядан алдыртышкан. Кездеменин бир метринин баасы 3-3,5 миң еврого чейин жеткен. Султандын бир чапанын тигүүгө 7 метрге чейин кездеме керектелген. «Даңазалуу кылым» сериалында 4 жыл бою ойногон башкы каармандар үчүн 200 костюм тигилип, бүгүнкү күндө костюмдар жалпы жонунан 4 чоң бөлмөнү ээлеп турат.

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Patrik
2014-09-30 12:04:37
Сумбул бычылган десе ишенбедим эле. Корсо...
0
nagi82
2014-10-01 10:32:20
Эмне учун бычылган тушунбодум
0
maksnarin
2014-10-01 21:52:15
Патрик,наги82 тарыхый китептерди окусанар эле тушунмоксунор,бычпаса,ошончо кыздын арасында дени карды соо эркек кумарын кармай албай кыздарды бузуп коймок,бычып салуу ошондой окуялардан кийин чыккан.
0
FSB
2014-10-05 03:48:25
maksnarin, Logo :)
0
black.prose
2014-10-02 18:25:57
Oa owondoi
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан