АЛИНА КАБАЕВА. ГИМНАСТЧЫДАН «БИРИНЧИ АЙЫМГА» КАРАЙ:

Учурда Орусиянын «биринчи айымы» аталып жүргөн, белгилүү спортчудан Мамлекеттик Думанын депутаттыгына чейин жеткен Алина Кабаева кызматын алмаштырып, эми «Улуттук Медиа Группанын» директорлор кеңешин башкармай болду. Бул сапар көркөм гимнастиканын ханышасы, Орусиянын башкы адамынын жүрөгүн багынта алган айым жөнүндө кененирээк баян кылабыз.

ФУТБОЛЧУНУН КЫЗЫ
Алинанын ата-энеси спортчулар болгондуктан, алардын кызы да спортчу болушу таң каларлык эмес. Атасы Марат Кабаев 1980-86-жылдары айтылуу «Пахтакор» футболдук клубунда ойноп келсе, апасы Любовь убагында баскетбол боюнча Өзбекстандын улуттук курамында ойногон.
Алинанын апасы кызын муз аянтынан көргүсү келген. Бирок ал кезде Ташкентте бул спорт түрү боюнча спорт мектеби жок болгондуктан, көркөм гимнастикага жетелеп барган. Алина анда 3,5 жашта эле. Кийин апасы кызынын карьерасы үчүн үй-бүлөсүн таштап, Алина менен Орусияга аттанган.

ЖЕҢИШКЕ КАРАЙ ЖОЛ
12 жашындагы Москвадагы алгачкы машыгуусун Алина: «Башында машыктыруучум мени көргөндө чалкасынан кеткен»,- деп эскерет. «Мени алгач диетага отургузду. Эч нерсе жебей эле минералдык суу ичип жүрдүм. Ийгиликке жетүү үчүн талыкпай машыгуу керектигин түшүнгөм». Ал мындай өжөрлүктүн артынан алгач Орусия биринчилигин бир канча ирет утуп, 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарында коло байгеге гана илинет.
Алинанын жашоосунда чыныгы сыноолор 2001-жылы башталат. Допинг колдонду делип, ал 2 жылга мелдештерден четтетилип, ошол жылдагы бардык жетишкендиктеринен кол жууйт. Спортчу кыз өзүнүн экинчи Олимпиадасына катуу даярданып, Афиныда көптөн күткөн алтын медалды тагынат. Алина «Пекин-2008» Олимпиадасына да катышат деген сөздөр тараганы менен, ал 2007-жылы спорттук карьерасын жыйынтыктаган.

САЯСАТКА АРАЛАШУУСУ
Спорттон кеткен соң чемпион кыз өзүн ар тараптан сынап, саясатка кызуу киришет. 2007-жылы 24 жашында «Единая Россия» партиясынын атынан Думанын V чакырылышындагы депутаты болуп шайланат. Жалпысынан Думадагы 7 жылдык ишинде 3 жолу чоң жыйында сөз сүйлөгөн жана 5 мыйзам долбоорунун иштелип чыгуусуна салым кошкон. Анда Алина «чырлуу мыйзам» аталган Дима Яковлев мыйзамын (орус ымыркайларын АКШ жарандары асырап алууга тыюу салган мыйзам) жайылтууга көмөктөшкөнү менен эсте калды.
Кабаева 2014-жылдын 15-сентябрында өз мандатын тапшырып,»Улуттук Медиа Группанын» директорлор кеңешинин башкаруучусу болду. «Улуттук Медиа Группа» Орусиянын жеке менчик макамында турган эң ири медиа холдинг болуп саналат. Ал «Рен-Тв», «5-канал», «Первый канал» телеканалдарынын активдерине ээлик кылат. Ошондой эле «Известия», «Жизнь» гезиттери, LifeNews телеканалы жана «Русская служба новостей» радиостанциясына тең кожоюн. Медиа холдингдин ээлеринин бири Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын санаалаштарына кирген Юрий Ковальчук болуп эсептелет.

КАБАЕВА + ПУТИН = СҮЙҮҮБҮ?
Бүтүндөй дүйнөлүк маалымат каражаттары бир канча жылдардан бери белгилүү спортчу менен өлкө башчынын ортосунда ынак мамиле бар деп келет. Бирок муну ырастоочу анык далил жок. Кабаева Путин менен 2003-жылы өткөн көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпиондугунда таанышып, ошондон бери ынак мамиледе деп айтып келишет. Алинанын спорттон кетип, депутаттыкка баш бакканы да бекеринен эмес.
2009-жылы Алина уул төрөгөнүн жана уулуна ошол кездеги президент Дмитрий Медведевдин урматына Дмитрий деп ат коюлганы тууралуу кыйыр сөздөр тараган. Азыркы убакта бул түгөйдүн бир эмес, үч балалуу экени да айтылууда. Путиндин аялы менен ажырашуусу да бул ушактарга май тамызууда. Ал эми Алина бул жөнүндө «Жашоомдо чоң сүйүү бар. Бул мен үчүн чоң бакыт» деп гана тим болот.
Азыр бул түгөйлөрдүн ачыкка чыгуусуна эч кандай тоскоолдук жоктой. Мындан ары бул сүйүү жомогу кандай уланат, аны убакыт көрсөтөт.

11 ЖЫЛ СПОРТТО, 7 ЖЫЛ ДУМАДА
Улуту – татар
Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 12-май
Туулган жери – Өзбекстан, Ташкент шаары
Спорттук карьерасы – көркөм гимнастика менен 1996-жылдан 2007-жылга чейин машыккан.
Билими – жогорку. 2007-жылы Москва мамлекеттик университетин жана 2009-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин аяктаган.
Жетишкендиктери – «Сидней-2000» Олимпиадасында коло жана «Афины-2004» Олимпиадасында алтын медалдын ээси, 2 жолку Дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону.
Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери.
2007-жылдан 2014-жылга чейин «Единая Россия» партиясынын атынан Думанын V, VI чакырылыштарынын депутаты.

"Maxim" журналынын биринчи бетинде.

Путин менен Кабаева "дүйнөдөгү эң сырдуу түгөй" атка конушту.

"Сочи-2014" Олимпиадасынын ачылуу аземинде Алинанын колундагы нике шакеги байкалган.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
jazz007
2014-09-29 10:40:13
Чон атасы кыргыз болсо улуту татар болбойт эле го.
-1
skatoruk
2014-09-29 12:29:49
jazz007, Куболукто татар деп жаздырып койсо керек да.
+2
Ханбийке
2014-09-29 12:34:12
Эми ачыкка чыга беришсе деле болот.
0
furkat80
2014-09-29 14:31:48
москвада ачыка чыгып эле интерьвю алып. жанылыктарда корсотуп эле журотго
0
myshka406
2014-09-29 14:36:53
samar55:)))))))))))
0
momuntay
2014-09-29 23:11:00
Мм. Акыры ачыка чыгышыптыр да......
0
NURBEK2686
2014-09-30 00:19:06
Ооо анда ачыкка чыкса Володя жезденин кулагын чойот турбайбызбы)))
+1
Ariet7
2014-09-30 03:28:01
Ой боорду эздинер го Володя жезде :-) :-)
0
madina.87
2014-09-30 12:37:21
Ооба менда окудум.Атасы кыргыз экен.Озбекстанда жашап,озбектер паспортуна татар деп жазып коюшкан экен.А бирок кыргыз экен,фотосунда кордум.Путин жездекебиз бизге гул карыз деп койбоймунбу.
+1
Frunze1
2014-09-30 14:44:03
Силер эрмектеп отура бергиле, балким Обама Атамбаевдин жээни чыгаар, Жириновский Мотуевдин аталаш агасы болсо керек анда... Бен Ладен Турсунбай Бакир уулунун огой атасы болгон дешет, Куловду болсо Березовскийдин окуучу болгон дешет. Акаев Горбачевдин бир тууган иниси болгон экен, Бакиев болсо Лукашенконун окул баласы экен, ошого Акаев Россияга, Бакиев Белоруссияга кетиптир. Ал эми Эрдоган Атамбаевдин кайнатасы деп айтып келишет, Атамбаевдин ат тезегин кургатпай Туркияга барганы ошондон го?....
0
aminali
2014-10-01 12:52:57
Bakir uulunu okshoshturgany jaktu,tura birok.
0
Frunze1
2014-09-30 14:46:27
Алина азамат, эч кимдин колунан келбеген ишти кылып Путиндин журогунун ээси боло алса Путинге кандай урмат, сыймыктануу, суктануу менен карагандар Алинага да ошондой мамиледе болуусу абзел го деп ойлойм... Спортсмен, бизнес-вумен, Россиянын №1 эркегинин журогун багындырганы чын болсо демек ал Россиянын №1 вумени...
+1
ma4ak
2014-10-01 07:05:58
чынында Авлетимде Кызыл Атчандар дивизионунун командири болгон Асанбек Кабаев деген болгон,азыр аты мектепке коюлган. Бирок мен силер айтканга кошула албайм,анткени анын балдары да тарыхта көп нерсени изилдеген,эгер атасынын бир туугандарынын кызы болсо сөзсүз ачыкка чыгарып таанышмак,себеби алар да күчтүү адамдар,еще Россияда дагы жетекчиликтерде иштейт неберелери
0
taalay25
2014-10-01 18:39:55
Мен түшүнбөй турам бул жерде бир чекилик бар. Силер дароо кыргыз кылып салдынар. Алинанын улуту өзбек деп окуган болчуумун мен. Атасы футболист Бахадыр Кабаев апасы орус улутунда деп окуган элем. Туулганда эле бул кыз жылдыз болуп төрөлгөн имиш. А бул жерде атасы Марат деп жүрөт тушүнбөй калдым
0
furkat80
2014-10-06 01:02:19
taalay25, апасы орус атасын корсотпогон Путинге тийгенде. апасы менен жолугушуу болгон. атасы жонундо маалымат берген эмес.
0
taalay25
2014-10-01 18:41:03
тушунбой атам
0
Ariet7
2014-10-02 04:35:53
тушунбосон сыйпалап кал!(тамаша):-)
0
taalay25
2014-10-02 11:17:58
Жаш аял кыргыздарды эле кызыктырабы десен орустарды да кызыктырат турбайбы
+1
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан