Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Бири эле кетсе, ал бирөөнүн колундагы оюнчугу болот, так талаштырып чыгат, акыры бир күнү! Так-таажы жаш балдарга кереги жок болсо болор, а өлкөбүзгө, журтубузга «эге», жок дегенде эле «огожо» абадан керек го?!
Элтейип тиктеп калган балдарды бир сыйра тиктеп, өзүнчө баш ийкеп турду да, бир убакта эрезеге жете элек, куба жүлүн Кудаярдын ийинине колун койду.
– Бек... Бул али көөдөк го, бек?!
Көңүл бурган жок, Мусулманкул. Ошол колунан жетелеген бойдон канзаада Кудаярды так турган диванханага алып кирди.
– Мына... Сенин тагың... Атадан калган тагың...
Эртеси таң атпай кернай үнү бапылдады. Төөгө теңделген «кан дабыл» дабылчы «Кимдин кимдин заманы – Кудаяр хандын заманы!» деп дегеле кубангандай кыйкырып, кош дабылды дүңгүрөтө сабап, көчөмө көчө жар салды.
Жетилип, убагында Нүзүп аталыктан кыйла таалим көрүп калган эле Мала бек. Бирок Мусулманкул андан кичүү Кудаярды атайын тандады. Эрезеге жеткенин хан көтөргүдөй болсо, анда бийлик Мусулманкулга жарым-жартылай тийип, хан башка бирөөлөрдүн таасирине ыктап кетиш коркунучу дайым болуп калмакчы. Хандын жаштыгы аталык гана эмес, бүткүл өлкөдө ишти да, сөздү да жыра тарттырбай турган өкүмдарлык бийликти жалгыз өзүнө топтоого ага шарт да, укук да болду.
Сыртынан караганда ынтымагы бүтүн болгонсуп калды ордонун. Акылдуунун оозун кароо, сакалдуунун сакалын кадырлоо, баары такыба, баары сыпаа. А ичи дагы эле кырды бычак, жылмайып жүрүп аңдышкан коркунучтуу ордо.
Гүлбактагы көлөкөлүү кош чынардын алдында бир күнү эки тайпага бөлүнүп ордо ойноп калышты. Бир убакта Кудаяр хан көрүндү. Жаш хандын жанында теңтушу, Мусулманкулдун баласы Абдырахман, алардын артында сылтыган Мусулманкул жана чоочун, узун бойлуу дөө адам.
Мусулманкул жаш ханды чыканагынан ала асте коштоп, салынган килемдердин эң төркүсүнө өткөрүп отургузду да, жанындагы дөө адамды өтө урмат кылганын баарыга сездире:
– Бу адам биздин бир тууган агабыз... Алмамбет...- деди оюнду күтүп чогулган бектерге тааныштырып.
«А бар болсун...», «Сак-саломат болсунла-ар...» деп асте коштоп калышты.
Тээ четте эки киши төбөлөрү бириге калып шыбырашып жатышты. «Охо-о, жомоктогу чоюн кулак алп го бу?..» «А-а, мындай айбан сүмөл тоо арасында жүда көп...»
– Кана, аке, оюнга бата берип коёлу.
Баары дуулдаша бата кылышып оюн башталды. Бир жагынын өнөк башчысы – жаш хан, дымактуу Алымбек, бир жагынын өнөк башчысы – миңбашынын эрке уулу Абдырахман менен узун бойлуу кара баатыр Касым паңсат.
Оюнду адатта «хан өнөгү» баштайт. Бирок Касым паңсаттын аткан томпою чийинден чүкөнү чыгара албай, оюн кезеги Алымбектерге келди.
– Мына эми биз тооруп өтөбүз... Алымбек чүкөлөрдү биринин артынан бирин чийинден чыгарып, ал ансайын манчыркайт. – Мына эми биз...- деп жүйүртө сыңар тизелей, өтө кылдат чүкөлөрдү бир четинен чыкылдатып чертип чыгарып жүрөт.
Көзү сүзүлө күлүңдөгөн Нияз кушбеги:
– Жакшы, жакшы... Куп чертет экенсиз, бек. Бизге йам бирдеме калабы?!
– Өтө эле учка чыккандардан эмеспиз... Бирак мелдешип калган соң кушбеги... Кантебиз, аракет кылып көрөбүз да...
Мусулманкул «акеси» экөө бир дасторкондо даам сызып, оюнду карап отурушкан.
– О-о, бу Ош беги эч кимге оюн бербей турган го бүгүн?!
Эң акыркы черткен чүкөсү чийинден чыкпай калып, Алымбек ордунан туруп өзүнө өзү ыраазы, манчыркаганы манчыркаган, өнөктөштөрүнүн дуу-дуу сүрөгөн үндөрү коштоп, чийинден тышка басты.
Оюн кезеги келип, Нияз кушбеги атышка ыктуу чүкө пайлап, чийин бойлоп басканда жаш хан анын колунан томпоюн алып койду.
– А...а... Өзүңүз... Өзүңүз...- деп башын ийкегилеп, боюн артка тарта берди.
Бу кылыгы «элеттен келген дөөгө» жакпай калды. «Жашы улуу адамды мустарап кылып койду, э?» деди ою. Жаш хан бутун чийинге таамай койбой ичкери чүкөгө чукулдап, сол колуна артка кайрыбай эле тоорумакчы боло баштады. Бирөө чеки дебейт! Тыякта элет адамы моюнун созуп, кабагы бүркөлүп, көзүн ымдалап тиктеп калды. Жаш хан тооруган чүкөсү чыкпай калып, кайра дагы бирин жанагыча «тооруй» баштады. Оюн да ушундай болмокпу?! Эми чыдабай элеттин адилет көңүл пендеси жулунган арстандай обдулуп тура жөнөдү.
«Кана, тооруң!», «Кана, чыр-р эткириң!» дешип кошоматчылары кыйкырык салып жатышкан убакта:
– Э-эй... Токто...- деп күркүрөп барып жаш ханды шыйрагынан сыга кармай силке тартып, чийинди бастырып койду. – Мына мындай басып тооруйт! Оюндун эрежесин билбеген оюнга кошулбайт, а бузган чоңдукка жатпайт, жиеним!

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aszyma
2014-10-04 18:10:13
Жээним дейби ким бул Жээним деген.Шералы качан олду?
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан