– Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. 9 жаштагы уулубуз бар. Учурда атасы балама үй алып берейин деп жатат. Ал үйдү уулума жаздырып бере алабызбы?
Миргүл, 37 жашта, Бишкек
– Сиздин мурунку жолдошуңуз кыймылсыз мүлк сатып алып, аны балаңызга каттатса болот. Негизи, жашы жете элек балдардын кыймылсыз мүлккө ээ болуу укугу мыйзам боюнча чектелген эмес.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.Канымжан Усупбекова
koom@super.kg