КУТУДА ЭМНЕ БАР?

Төлгөчүлөр таймашы

Айрым маалыматтарга таянсак, илгери ар бир хандын, өлкө башчысынын өзүнүн ишенимдүү көзү ачыктары, алдын-ала билчү касиети бар олуялары болгон. Ал көзү ачыктар хан согушка аттанарда же маанилүү маселени чечерде жардамга келишкен. Капилеттен айтканы туура болбой калса, айрым каардуу хандар көзү ачыктардын баштарын алдырганга чейин барышчу экен. Учурда жоголгонду чукугандай тапкан, боло турган нерсени таамай айткан, катылганды так сүрөттөгөн көзү ачыктар барбы? Бул суроого жооп алыш үчүн бир нече көзү ачыкка ичинде катылган буюм бар кичине кутуну көрсөтүп, “эмне бар?” деген суроону узаттык.

БАЯЗБЕКОВА ТААЛАЙ
Таалай эженин өзүнүн айтымында, көп илдеттерге даба таба алат. Уйкусу качып жүргөндөргө дем салат. Көрүнүүгө келгендердин көбү дем салгандын эртеси “кечинде жакшы уктадым” деп дайыма ыраазы болуп келишет. Ажырашкандарды жараштырган, сүйгөнүнө кандайдыр бир тоскоолдуктардан улам жетпей жаткандарды жеткирген касиетке да ээ экен.
– Биссимилла, оң жолунан бере көр. Кутуну эмнегедир колго алгым келген жок. Менин колдоочуларым кулагыма шыбырап айтып турушат. Алардын айтуусу боюнча, кутунун ичинде бизге керектүү Курандын асыл дубасы бар. Бир белгилүү молдо катуу ооруп жаткан аялга кабылган. Аял молдону атайын чакырбаптыр. Молдо көп оорулууларга жардам берген касиети күч, өзүнүн айланасындагыларга кадыр-барктуу адам экен. Оорулуу аялды Курандын дубасын окуп жатып айыктырыптыр. Бул кутуда мына ошол дуба катылган. Аял айыкканы менен, оорусунан биротоло кутула алган эмес. Бирок иштери жүрүшүп кеткен. Азыр ал аялдын маанайы жакшы.

МАЙРАМ ЖАКЫПБЕК кызы
Майрам аттуу айым «Адамдын тилин, тырмагын карап туруп, кайсы жери ооруп жатканын туура айта алам. Кимдин эмне болуп каза болгонун, жоголуп кеткен адамдын тирүү-өлүүсүн так ажыратам. Шам жагып кайсы арбак ыраазы, кайсы арбак нааразы болуп жатканын да айта алам. Кедейлерди байытам»,- деп өзүнө баа берип, биздин тапшырма боюнча төмөнкүлөрдү айтты:
– Бул жансыз нерсе. Өсүүчү же чоңоюучу жемиш эмес. Калем сап, дептер сыяктуу да болуп жатат же саатпы? Жок, коё тур. Бир кичинекей сүйрү айнек идиш экен. Сыртында жазуулар, тартылган сүрөт бар. Ичиндегиси жыты бар суюктук. Аны ичүүгө болбойт. Өңү кара эмес, бир аз ачыгыраак. Адамдарга эч зыяны жок, тескерисинче, чоң-кичине дебей колдонууга мүмкүн. Акчага сатып алабыз. Андан сырткары, кур сыяктуу оролгон зым бар экен. Булардын аталышында м, н тамгалары кездешет.

ОРОЗОВА АЙНАГҮЛ
Айнагүл айым 1990-жылдан бери эл көрөт. Өзүнүн айтымында, шам жагып өткөн-кеткенди, төлгө салдырып жаткан адамдын келечегин так көрө алат. Күн өткөн сайын биринен бири угуп келген кардарлары көбөйгөн. «Көптөгөн пенделердин багын ачтым. Ооруган адамдарга туура диагноз коё алам. Тамыр кармайм» деген Айнагүл эженин алдына кутучаны койдук.
– Биссимилла рахмони рахим. Жүз аарчы дейин десем окшошпой турат. Кагаз дейин десем, андай да болгон жок. Сүрөт сымал элес тартылууда. Жок. Жаңылышыпмын. Адамдар колдоно турган нерсе экен. Бирок жей турган нерсе эмес. Кутунун четине бир эле нерсе катылыптыр, анткени ортосунун баары бош турат. Катылганды ургаачы-эркек дебей баарыбыз көп учурда колдонот экенбиз. Сүрөтү же жазуусу бар кичинекей целлофан. Анын ичинде өңү жашыл, бирок ачык эмес, өтө суюк да эмес зат. Аны адам үйдө отуруп колго жасай албайт. Заводдон жасалат. Химиялык кошулмасы да бар өңдүү. Кичине жыт да чыгып турат.

ОРОЗОВА АЛТЫНКЫЗ
Айрым гезит беттериндеги жарнамаларга таянсак, адам баласын рухий жактан тазалоочу Алтынкыз айым касиет күчүнүн жардамы менен элге кызмат кылып келет. Келечекте болуучу нерселерге төлгө салат. Кара дубаны жандырат, тумар чиет. Төрөбөгөн аялдардын балалуу болушуна жардам берет. Соода-сатыкта жолу болбогондордун жолун ачат экен.
– Биссимилла рахмони рахим. Кутунун ичинде эмне бар, азыр айтам. Бүктөлгөн кагаз, анан акча бар. Бир аялдын сүрөтү да түшүп жатат. Сүрөт дегеним туура эмес болуп калат окшойт. Анткени ал бүдөмүк болуп турат. Кичинекей баштыкча, ошонун ичинде акча же кагаз. Болду, мага мындан башка эч нерсе көрүнбөй калды.

Көзү ачык айымдарга көр­сөткөн бул кутунун ичинде кү­нүмдүк турмушта колдонуп жү­рүүчү жөнөкөй гана эки буюм бар болчу. Кутуну ачарыңыз менен көзүңүзгө кичинекей идиштеги зелёнка урунмак. Анан түбүндө телефонду туташтыруучу зым бар болчу. Таймашка катышкандардын жоопторуна өзүңүз күбө болдуңуз. Таразалап алуу да өз эркиңизде.
Аягында белгилей кетчү нерсе, бул таймаш ушуну менен эле токтобойт. Кийинкилеринде мындан да кызыктуу окуялар күтүлмөкчү.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Барс
2009-11-22 19:11:46
Майрам менен Айнагүлдүн божомолу жакындашат...
0
diash
2009-12-21 17:43:00
Ushundai kozu achyktarga kyrgyz elibiz ishene berip Kudaidy unutushup koigondoi tuiulat. "Jolun acham, toroi albai kalgan ayaldarga jardam berem..." jana bashkalar.
Elibiz Kudaidan chyn dili menen surasa- Kudaj beret da. Je kozu achyktardy Kudaj katary alyshyp alarga ishenishebi?. Baaryn Bir gana Allah chechet. Kozu achyktardyn ozun Kudai tarazalait dep oiloim. Ozuloru Kudaiga ishense mintip osh bazarda akcha taap oturushpait ele da?.
0
diash
2009-12-21 17:50:43
misaly: Orozova Altynkyz- echtekeni dele tolugu menen tushunduro algan jok, ozu dele bilbeit akchaby je kagazby,, surotpu je kagaz ekenin.
Uluu ele ayaldar anan ushintip kalp aitkandary jarashaby? Je Kudaiga jagaby?
Chyndykty aitkan adamdarga karaganda kalp aitkan adamdarga kop ishenebiz...
menin jazganymdy oshondoi kozu achyktar okushup, kichine esine tushoor jana Mechitke baryp Alladan kechirim suraaryna ishenem.
0
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан