«КЫЗЫМДЫН ФАМИЛИЯСЫН ӨЗГӨРТСӨМ ЖӨЛӨК ПУЛ АЛА АЛАМБЫ?»

– Менин күйөөм каза болуп калган, андан кызым бар. Учурда экинчи жолдошум менен жашап жатам. Кызымды мектепке берсем туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн сурап жатышат, анын күбөлүгү болсо жоголуп кеткен. Эми жолдошум кызымды өзүнө жаздырып алгысы келүүдө. Эгер кызымды анын фамилиясына өткөзсөм кызыма төлөнүүчү жөлөк пулду ала аламбы?

Жибек, 34 жашта, Ош

– Мыйзам боюнча сиздин кызыңыздын күбөлүгүнө атасынан башка адамдын аты-жөнү жазыла турган болсо, анда жөлөк пул төлөө токтотулат.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.

Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан