«КАБАТТУУ ҮЙДҮН АЛДЫНА МОНЧО КУРУП АЛЫШТЫ»

– Саламатсыздарбы? Биз көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайбыз. Коңшулар короону каалагандай бөлүп алышкан: бири үй салып, экинчиси мончо куруп дегендей. Эми ага да ыраазы болушпай, дагы өз ара бөлүшүп, башка нерселерди курганы жатышат. Биз буга каршыбыз. Арызданып бардыгын буздуруп салууга болобу?

Таалай, 41 жашта, Каракол

– Көп кабаттуу үйдө жашаган жарандардын баарынын үй алдындагы бош жерге үлүшү бар. Андыктан үй алдына курулуш кургусу келген адам бардык жашоочулардан уруксат суроосу кажет.
Сиздер бирөө-жарымдын мыйзамсыз курулуштарды куруп жатканына каршы болсоңуздар, анда шаардын (райондун) архитектура башкармалыгына арыз жазыңыздар. Алар документтерди карап, чечим чыгарып берет.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.

Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан