«МУРУНКУ АЯЛЫМ КВАРТИРАНЫ ТАЛАШУУДА»

– Убагында аялым экөөбүз ипотека аркылуу квартира сатып алып, анда экөөбүз тең катталганбыз. Алгачкы сумманы жана кийин ай сайын төлөмдү төгүүдө да менин ата-энем жардам берип турду. Бирок бир жыл мурун аялым менен ажырашып кеттим. Квартира менде калып, белгиленген сумманы төгүп жатам. Аялым ипотеканын жарымын төгүүнү каалабайт, бирок өз үлүшүн талап кылууда. Кантип квартираны толук өзүмө ала алам?

Самат, 30 жашта, Бишкек

– КРнын үй-бүлө кодексинин 35-беренесинде көрсөтүлгөндөй, нике учурунда жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар жубайлардын кимисинин атына жазылганына карабастан, ортодогу мүлк болуп саналат. Демек, мурунку жубайыңыз өз үлүшүн талап кылууга укуктуу. Сотко арыз жазсаңыз, калганы ошондо чечилет.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.

Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aksy-13
2014-10-02 00:41:25
саламатсызбы? Суроо беруу учун катты жазылган дарекке эмне аркылуу жиберебиз майл дарек мененби же кандай адрес менен? мен коптон бери суроо бергим келет бирок жибере албайм жардам бериниздерчи
0
admin_superstan
2014-10-02 10:04:04
Aksy-13, саламатсызбы!
Ооба, өзүңүздүн электрондук дарегиңизден жибересиз.
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан