«No name» командасы быйылкы «Тамашоу» Жогорку Лигасынын 6-сезонунун жеңүүчүсү аталды. Элдин купулуна толгон тамашаларга бай бул команда жакында Спорт Ордосунда «тамашоучуларда» салтка айланган отчёттук концертин беришти.
Аталган команданын башында тапан жигиттердин бири Мурат турат. Эл көзүндө жүргөн жигердүү мырзанын артында да мыкты аял турары бышык. Эки жаш кантип таанышып баш кошушканы, кандай турмуш кечирип жатышканы баарыбызга кызык болсо керек.
– Тамашакөй жигиттин сүйүктүүсү менен жолугушуусу да өзгөчө болсо керек?
Мурат: – Айжамал экөөбүз бир окуу жайда окуганбыз. Университеттин залында концертке даярданып жатканда Айжамалды биринчи жолу көргөм. Ошондо кыпкызыл пальто кийип алган экен, ошол көз ирмемдер дале эсимде. Сүйүү-күйүү деген ошентип башталып кетти.
– Айжамал, Мурат алгач сезимдерин кантип билдирди? Жүрөгүңүздү кандайча жол менен багынтып алды?
Айжамал: – Таанышканга чейин Муратты сыртынан билчүмүн. Окуу жайдагы ар кандай иш-чаралардан, сыналгыдан көрүп жүргөм. Мага биринчи күндөн тартып сый мамиле жасады, анын чечкиндүүлүгү, өзүнүн ою бар экендиги купулума толду. Биринчи жолу мага болгон сезимин 14-февралда билдирди. 6 айдан ашык сүйлөшүп, өмүрлүк жолдошум болууга татыктуу мырза экенин билип макулдугумду бердим.
– Айжамалдын өң-келбетинен тышкары кайсы сапаты жубайың болууга арзыды?
М.: – Мен карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Бир сөз менен айтканда, Айжамал да менин үй-бүлөмө туура келет. Мен экөөбүз баш кошордо эле айткам «менин атым улук, бирок супарам курук» деп. Азыр, Кудайга шүгүр, акча жагынан жетиштүү болуп калды. Жаңы баш кошкон кезде кыйынчылыктарды чогуу өткөрдүк. Ал учурда менде машина жок болчу. Ак-Тилек кичи районунда жашачумун. Эртең менен университетке чыгарда Айжамалга телефон чалып, «мен бул маршруткага отуруп жатам, аялдамада күтүп тур» дечүмүн. Ал болсо мени күтүп, кышкы суукка далай жолу тоңду окшойт. Күтүп турган жерге келерде жанымдан орун даярдап турчумун. Студент кезде маршруткада ошондой бактылуу күндөрүбүз өттү.
– Суукка тоңдуруп, күттүргөндү билген мырза сүйүктүүсүнө түрдүү сюрприздерди жасап көңүлүн да алса керек...
М.: – Көңүлүнө, албетте, карачумун. Бирге сейилдеп, жакшы сөздөрдү айтып дегендей. Бирок такыр белек берип, укмуштай романтика тартуулаган жокмун.
– Сахнада тамашакөй экенин билебиз. Үйдө Мурат кандай жар?
А.: – Тескерисинче, үйдө «серьёзный» болуп жүрөт. Балдарга күйүмдүү ата.
М.: – Жубайымды ашыкча мактагандан алысмын. Үйдөгүлөр айтып калышат, «Айжамал үй тирилигине тың, таза» деп. Досторум да тамашалап «Мурат үйлөнгөндөн кийин чыкыйып кийинип калды» дешет.
– «Тамашоудо» силердин тамашаңар көбүнчө үй-бүлө тууралуу. Анын өзөгүн өзүңөрдүн турмуштан алсаңар керек?
М.: – Биздин командадагы балдардын бардыгы үй-бүлөлүү. Сүйлөшүп отуруп, жашоодогу окуялардан алып коёбуз. Жеке менин үй-бүлөмдөн алган тамашабыз жок.
– Мурат эл көзүндөгү киши. Чыгармачылык менен сыртта көп жүрөт. Кызганычыңды кантип жеңесиң?
А.: – Жолдошумдун өнөрү элге кызмат кылуу, баарын түшүнүү менен карайм.
М.: – Кээ бирлер жубайыма «мени жолдошуңуз бузуп койду» деп тийишип чалышат. Социалдык тармактар аркылуу жазган кыздар да болот.
– Мындай учурларда Айжамал тилин тишине катып отуруп калбаса керек?
А.: – Мындай сөздөр калп экенин билип туруп, эмнеге таарынмак элем? Андайларга аша чаппай, түшүнүү менен мамиле жасайм.
М.: – Кээде таарынып калат. Андайда «мен деле сенин маңдайыңда эс алып жаткым келет, бирок эл алдына чыгып сүйлөшүм керек. Анын арты менен силерди бакканга каражат табышым абзел» деп түшүндүрөм.
– Таарыныша кеткенде эмне деп эркелетип көңүлүн аласың?
М.: – Эркелетпейм, андайга шыгым жок. Кээде той бүткөндө же алыска чыкканда шоколад алып келип берип калам.
– Мураттын кежир мүнөзү бар деп айттың эле. Кабагын чытып калганда кантип жазасың?
А.: – Унчукпай кутулам.
М.: – Айжамал кээде кыздар чалып калганда кызганычтан уруш чыгарса аялга теңелбейм. Кармачу жерден катуу кармайм.
– Экөөңөрдү эмне бириктирип турат?
А.: – Сүйүүбүз, бири-бирибизге болгон ишеничибиз, балдарыбыз бириктирип турат.
– Казынанын ачкычы кимдин колунда?
М.: – Акчаны мен табам, өзүм кармайм. Себеби акчанын кадырын билип чоңойгом. Атам дагы акчаны апама карматчу эмес. Эгерде аялыма акча керек болсо берем. Бирок эсебин алып турам.
– Алайга эрке күйөө баласың, кайын журтуңда кадырың кандай?
М.: – Кайын журтка барганда тойлордо колумдан кой союп, жиликтеш келбегендиктен айланып казанга от жакканга барып калам. Айылдагы балдар тегеректеп күлүп калышат. Ошондо кичине ыңгайсыз болом.
Султан Төрөбеков
star@super.kg