«Азия оюндары. Инчхон-2014»: СПОРТЧУЛАРЫБЫЗ АЗИЯНЫ БАГЫНТУУГА АТТАНЫШТЫ

19-сентябрь күнү Түштүк Кореянын Инчхон шаарында XVII жайкы Азия оюндары старт алды. Бул Азия чөлкөмүндө Олимпиада оюндарынан кийинки эле маанилүү спорттук саамалык. Мелдештерге 192 адамдан турган Кыргызстандын делегациясы жөнөп кетти. Анда өлкө намысын коргогону 115 спортчу, 32 машыктыруучу жана 8 калыс бар. Учурда биринчилерден болуп башталган оюндар жыйынтыкталып, алгачкы Азия континентинин жеңүүчүлөрү аныкталууда.

ЖЫЙЫНТЫК ҮЧҮН ТАЛААДА КУРМАН БОЛУУГА ДАЯР ФУТБОЛЧУЛАР
Азия оюндарында биринчилерден болуп футбол оюндары башталды. Мирлан Эшенов баштаган биздин улуттук курама команда Иран жана Вьетнам өлкөлөрү менен «Н» тайпасында орун алды. Бул тайпадагы алгачкы оюнда Иран менен Вьетнам кезигип, 1:4 эсебинде вьетнамдыктардын пайдасына чечилген. Андан соң 18-сентябрь күнү Кыргызстан-Иран беттеши орун алып, кыл чайнашкан оюнда тең чыгуу катталды. Кийинки Вьетнам менен Кыргызстандын ортосундагы оюн катуу чыңалуу менен өтүп, футболчуларыбыз жыйынтык үчүн талаада курман болууга даяр экени көрүнүп турду. Тең таймашкан оюндун жыйынтыгы 0:1 эсеби менен аяктап, өлкөбүздүн курама командасы утулганына карабай кийинки баскычка чыга алды. Кубандырганы, биздин команданын күчтүү делген атаандаштар менен тең тайлашып, чабуулга чабуул менен жооп кайтарып ойногону болууда. Башталышы жаман эмес болуп, эми футболчуларыбыз 1/8 финалдык оюнда Иордания менен беттешмекчи.

Ак түстөгү формачан Мирбек Кудайбердиев топ үчүн күрөштө.

ДЗЮДОЧУЛАРЫБЫЗ КУР ЖАЛАК
Топ тепкичтерибиз кубандырса, татами чеберлерибиз, тескерисинче, капа кылышты. Чү дегенде эле алгачкылардан болуп дзюдочуларыбыз Арген Бакытбек уулу (60 килограмм салмакка чейин), Айганыш Аманова (48 кг) жана Ксения Бельдягина (52 кг) биринчи беттештерин уттуруп, мелдештен четтеп калышты. Ошондой эле Мээрим Момунова (57 кг), Гүлжаз Саимова (63 кг), Айжан Кадырбекова (70 кг) жана Нагира Сарбашева (78 кг) да медалдарга илинбей калышты.
Медалга илинет деп ишеним арткан татами чеберлерибиздин күрөшү да ийгиликсиз болду. Алсак, 100 килограммга чейинки салмакта Болот Токтогонов 6-орунга, Юрий Краковецкий (100 кг жогору) 5-орунга гана илешишти.Өкүнүчтүү...

Юрий Краковецкий 5-орунга гана татыды.

САНЫ БАР, САПАТЫЧЫ?
Бул Азия оюндарына өлкөбүздүн эң күчтүү делген спортчулары аттанды. Алар спорттун 20 түрүнөн күч сынашат. Азия оюндарында жалпысынан 48 спорт түрүнөн 439 комплект медалдар ойнотулат.
Ошондой эле бул оюндарда ийгилик жараткан спортчуларыбызга берилүүчү акчалай сыйлыктын суммасы да бир топ. Алсак, алтын медалды багынткан спортчуга 1 миллион 250 миң сом, күмүшкө 750 миң сом жана коло байге ээсине 500 миң сом тапшырылмакчы. Айта кетчү жагдай, коңшу Казакстандын спортчуларына 1-орун үчүн 10 миң АКШ доллары гана каралган.

УСЕНАЛИЕВ МУШТУМУН ТҮЙГӨНДӨ
Адылкан Бекболотов жетектеген бокс боюнча улуттук курам Азия континентинде мыктылардын бири болуп саналат. Аталган улуттук курамда 8 ринг чебери бар. Алардын арасында Азия чемпиону Азат Усеналиев, эл аралык спорт чеберлер Өмүрбек Малабеков, Эрмек Сакенов жана Сергей Паренколордун ийгиликтүү сокку узатууга муштумдары даяр. Мындан тышкары курамда Турат Осмонов, Эркин Болотбек уулу, Акжол Сулайман уулу жана Азамат Каныбек уулу бар.

ООР АТЛЕТИКА БОЮНЧА ДА МЕДАЛЬ ЖОК
Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчулардан Бекзат Осмоналиев (62 кг), Иззат Артыков (69 кг) жана кыз-келиндер арасында Жаңыл Окоева (48 кг) катышышты. Биринчилерден болуп Жаңыл Окоева өз өнөрүн көрсөтүп, жалпысынан 176 килограмм көтөрүп, жыйынтыгында 6-орунга илинди. Ал эми тажрыйбалуу спортчубуз Бекзат жулкуп жана түртүп көтөрүүдө 271 килограммды багынтып, 13-орунду алып калды. Ошондой эле Иззат Артыков жалпы 315 килограмм багынтып, жеңүүчүдөн 27 килограмм аз салмакты багындырды. Жыйынтыгында 5-орун.

Бекзат Осмоналиевге бул сапар ийгилик жылмайган жок.

ЕВГЕНИЙ ВАККЕР ЭМИ АЛТЫН АЛАБЫ?
Биздин белгилүү веложарышчыбыз Евгений Ваккер 4 жолку Азия чемпиону, Азия оюндарында 5 жолу байге алууга жетишкен. Бул ирет кандай болот? Муну эми убакыт көрсөтөт. Өлкө курамынын тумары аталып жүргөн Ваккер даярдыктарын дайым Ысык-Көлдө өткөрүп келет. Ал бул Азия оюндарында корей трассасында 48 чакырымдык жекелик жарышка жана 200 чакырымдык жалпы жарышка түшөт.

БАЛБАНДАРДАН ҮМҮТ ЧОҢ
Килем үстүндөгү салгылаштарда улуттук курамдын капитаны шайланган, ушул жылдын Азия чемпиону Жанарбек Кенжеев куру кайтпайм деп турган чагы. Ал эми «Гуанчжоу-2010» Азия оюндарында күмүш байге ээси Каныбек Жолчубеков өз салмак категориясында фавориттердин бири аталып жүрөт. Мындан тышкары грек-рим күрөшү боюнча Мурат Рамонов, Руслан Царев, Эсенгелди Кожобек уулу, Самат Шырдаков жана Азат Бейшебеков килем үстүнө чыгышат.
Эркин күрөш боюнча 7 балбан ат салышат: Самат Надырбек уулу, Улан Надырбек уулу, Улукман Маматов, Эламан Доктурбек уулу, Иннокентий Иннокентьев, Магомед Мусаев жана Айаал Лазарев. Аталган балбандар аз күн мурун Ташкентте өткөн Дүйнө чемпиондугунда ийгиликсиз кайткан менен, эми Азия оюндарында медалдарга илинебиз деп турган чагы. Ошондой эле кыздар арасында жалгыз аттанган Айсулуу Тыныбекова ийгилик жаратат деген ишенич бар.

Улуттук курамдын капитаны Жанарбек Кенжеев.

КОЛО БАЙГЕГЕ БИР КАДАМ ЖЕТПЕЙ...
Азия оюндарынын алкагындагы ушу боюнча мелдешке Кыргызстандын курамына 6 спортчу кирген. Алардын бешөө ушу-саньда боюнча мелдешке чыгышса, Алмаз Тойчуев ушу-таолу боюнча беттешти. Жыйынтыгында Альбина Мамбетова (52 кг) менен Субанбек Божоев (65 кг) коло байге үчүн беттеште кытайлык жана Ирандан келген спортчуларга уттуруп коюшту. Ошондой эле Нурланбек Маматалиев
(70 кг), Улугбек Төшматов (75 кг) жана Рустам Ибрагимов (60 кг) 1/8 финалдык баскычта жеңилүү ызаларын тартышты. Ал эми Алмаз Тойчуев ушу-таолу боюнча жалпысынан 17,48 упай топтоп, 6-орунду алды.

Альбина Мамбетова коло байгеге жетпей калды.

XVII Азия оюндарынын расмий тумары 3 ала тюлендер.

КЫСКАЧА:

  • Инчхондо старт алган 17-жайкы Азия оюндарында 45 өлкөнүн спортчулары 48 спорт түрүнөн ат салышат.
  • Олимпиадалык оюндардан тышкары 10дон ашык башка спорт түрлөрү кирген. Алардын арасында экзотикалык софт-теннис, сепактакроу жана кабадди деген спорт түрлөрү бар. Бул ирет шахмат оюну Азия оюндарынын программасынан алынып салынды.
  • Аталган оюндардын тумары 3 ала тюлендер. Бул ала тюлендер Пэннёндо аралына жакын сууларда байыр алып, Түндүк жана Түштүк Кореянын деңиз чек арасында эркин сүзүп жүрүшөт. Тумардын мааниси бардык Азия элин биримдикке жана ынтымакка чакыруу белгисин билдирет.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Patrik
2014-09-29 11:22:11
Дагы да мумкунчулук бар. Ийгилик спортчуларга
+1
kama_future_millioner
2014-10-01 20:48:08
Биздикилер кобу Эле жарым финал да женилип калышып жатат
0
kama_future_millioner
2014-10-01 20:49:31
115 спортчубуздан жок дегенде алтын медалга да жетет деген ой бар
0
alirun
2014-10-02 13:37:48
Байкасанар, калыстар адилет иш кылбай жатышат. Грек-рим курошу боюнча балбандарыбызды 2 ирээт кореецтерге тартып уттуруп салышты. Аябай нааразы болдум, оюн калыс откон жок. Ошентсе да биздин спортчуларга ийгилик каалайм.
0
asy777
2014-10-05 08:36:45
Iigilik
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан