Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «КЫРГЫЗ КАГАНАТЫ ТУУРАЛУУ ЭМГЕК ЖАРАТАЙЫН ДЕГЕН НИЕТИМ БАР»

Адам баласы өз тагдырына өзү уста. Маектешим бүгүнкү жашка келгенге чейин эмгек кылып кыйраткан жокмун деп жөнөкөйлүгүн көрсөтсө да, суроолорубузга алган жооптор анын маңыздуу жашоонун автору экенинен кабар берди. Биздин маек кечээки журналист, бүгүнкү Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев менен.

– Каныбек мырза, өткөн аптада Жогорку Кеңеште өкмөт быйылкы кыш мезгили катаал шартта өтөрүн айтып, өз маалыматын угузду. Кышка кандай кам көрүп жатасыз?
– Кышка даярдык көрүп бүтө элекмин. 3 фазалуу электр энергиясын колдонгондор үчүн тариф жогорулаганынан улам меш салдырганы жатам. Биринчи кар түшкөнгө чейин бүтүп калышы керек. Электрге, газга болгон бааны саясатка айлантпай, туура түшүнүү менен кабыл алсак, кыштан аман-эсен чыгып кетебиз деп ишенем.

– Бул жолку депутаттык мөөнөтүңүз эмдиги жылы соңуна чыгат. Жасаган иштериңиздин ток этер жерлерине токтолуп өтөсүзбү?
– 2010-жылдагы Ош окуясы боюнча эл аралык иликтөө комиссиясына төрагалык кылып, эксперт Киммо Кильюнендин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салуу тууралуу маселени мен көтөргөм. Ал парламент тарабынан кабыл алынган. Аталган эксперт өлкөбүзгө өтө шек келтире турган доклад жазган. Экинчиси – 2013-жылы менин сунушум менен 8 өлкө биригип, парламент аралык Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты уюштурдук. Ч.Айтматовдун элесин түбөлүккө сактоо боюнча жасаган ишимди эл аралык деңгээлдеги аракетим деп эсептейм. Үчүнчүсү – «Манас» эпосун сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо тууралуу мыйзамды жазганым.

– Кызматтык иш сапарлар менен чет өлкөлөргө көп чыгасыз. Парламенттик башкаруудагы кайсы өлкөнү Кыргызстан үчүн үлгү катары көрсөтсө болот деп ойлойсуз?
– Кыргыз элинин табиятына маселени кеңешип чечкен ылайык келет. Бул жагынан алып караганда Монголиянын башкаруу структурасы мага жагат. Ал жакта президент бар, бийлиги чектелүү, эң чоң саясий борбору парламент. Биздегидей ал жакта да айыл чарба, тоо-кен тармактары мамлекетти өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп саналат. Эң чоң айырмачылык – алгач алар партияга добуш беришет. Андан соң партиянын тизмесиндеги депутаттарды шайлашат.

– Сизди көпчүлүк акын жана журналист катары да тааныйт. Балалыгыңызда ким болом деп кыялданчу элеңиз?
– Алгач космонавт болом деген кыялым бар эле. 3-классымда 8-Март майрамына карата мугалимдин тапшырмасы менен апама арнап ыр жазып калдым. Мындан улам мектепте «Каныбек ыр жазат» деген кеп тарап кетти. Аны далилдеш үчүн дагы ыр жазууга туура келип, бул жолду улантып кеттим. Мектепти аяктаганымда акындарды даярдап окутуучу окуу жай болбогондуктан, журналистикага келип калдым. Бирок А.Осмонов, Ш.Дүйшеев сыяктуу улуу акындар турган кезде өзүмдү акынмын деп эсептебейм. Менин биринчи кесибим – журналист, экинчи кесибим – саясат таануучу.

– Бала кезиңизден көп китеп окучу экенсиз. Үйүңүздөрдө чакан китепкана бар беле?
– Айылдагы эң чоң китепкана биздин үйдө болсо керек. 7-8-класстарымда жалаң «5» деген баага окуп, «Майдан» романын мектеп белек кылган. Т.Касымбековдун «Адам болгум келет», А. Осмоновдун «Көл толкуну», А.Токомбаевдин аңгемелери аң-сезимиме катуу таасир калтырган чыгармалар болду.
Кийин өзүм да бир аз тарыхый-адабий эмгектерди жараткам. Алардын ичинен «Кыргыздар» деген китебим орус, англис тилдеринде чыгып, кызыккандар 1 жылга жеткирбей талап кетишти. Ошондой эле 60тан ашык өлкөгө белек катары бердим. Өткөндө Австралия менен Сингапурда иштеген кыргызстандык ишкер менен бирге отуруп калып, андан Лондон шаарындагы эң баалуу белектер деген көргөзмөдө «Кыргыздар» деген китебим турганын угуп, ичим жылыды.

– Жогорку окуу жайын бүтүрө электе гезитте иштеп калган экенсиз. Окууга да, ишке да кантип жетишчү элеңиз?
– Алгач «Кыргыз маданияты» гезитинде корректор болуп иштедим. Күндүз окууга барып, түнкүсүн иштечүмүн. Жумуштан жатаканага чейин түнү такси гана жүрчү. Менде ага акча жок болгондуктан жөө келчүмүн. Экөөнүн аралыгы бир топ эле алыс болчу. Жаштыктын деми болсо керек, түнкүсүн иштесем дагы күндүзү сабактан уйкум келип кыйналчу эмесмин.
А.Жакыпбеков, Ж.Садыков өңдүү дөө-шаалар менен бирге иштешип, алардын жазгандарын окуп жүрүп, өзүнчө бир мектептен өттүм. Ошондо философиялык эмгектерди окуп, конспект жазуу хоббим эле. «Эл эркиндиги» деген макала жазып, ал «Асаба» гезитине чыгып калды. Макалам чыккандан кийин ал гезитке жумушка алынып, журналистикага багыт алдым.

– Биринчи интервьюңузду кимден алгансыз?
– Журналист болуп иштеп баштаганда эле Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп жаңы дайындалып келген Мухтар Шахановдон, илимий ишмер Абыт Ибраимовдон интервью алганым эсимде. Көптөгөн белгилүү инсандар менен маектешип, макалаларды даярдадым. Бирок журналистикада жүрүп өкүнүчтөр да болду. Биринчиси – СССРдин Эл артисти, актёр Сүймөнкул Чокморовдон интервью алам деп байланышканымда, операциядан кийин ооруп жаткан экен, «иним, жазгандарыңды окуп жүрөм, мен өзүм чалам» дегенинен сүйүнүп жүргөм, бирок кайтыш болуп кетти. Экинчиси – бир ирет көчөдө бара жатып, театр жана кино жылдызы, актриса Бакен Кыдыкеева эжени көрүп, гезитке маек берүүнү сурангам. Ооруп жүрсө керек, үйүнүн дарегин айтып, номурун айта албай койду. Бирок мен табам дедим, 2-3 ай өтпөй ал киши да өтүп кетти.

– Президенттик администрацияга кимдин чакыруусу менен келип иштеп калдыңыз эле?
– Президенттик администрациянын ошол кездеги жетекчиси Жаныш Рустенбеков чакырган. Гезиттерге жазган макалаларымдан улам тааныйт экен. Бул мектептен да өтүп көрөйүн, журналисттер көбүнчө Ак үйдүн сыртында туруп алып сындай беребиз, ички саясатын да көрүп-билейин дедим. Ошентип Президенттик администрацияга келип, мурдагыдан 3 эсе аз айлык алып 2-3 жылдай иштедим. Ал убакта үй-жай күтүп, балалуу да болуп калган элем, үй-бүлөнү каржылоо өтө кыйын болгон. Кошумча каражат табуу үчүн 2-3 гезит менен макулдашып, псевдоним менен макала жазып, калем акы таап күн көрүүгө да туура келген.

– Балдарыңыздын арасынан кимиси сизге өзгөчө жакын?
– Балдарымдын баары эле мага жакын. Улуу кызым 4-класстан тартып макала жазчу. Кийинчерээк уялып жазбай койду окшойт, юриспруденцияны тандап кетти. Эң кичүү уулум саясатчы болом деп өзүнүн топ балдары менен бирге иштешип жүрөт. Бизди атабыз кесип тандоодо өз эркибизге койгондуктанбы, мен да балдарымдын өз эркине койдум. Ал эми илим жаатында 5 аспирантым бар. Саясат жагынан да кеңеш сурап, бирге иштешип келген жаштар жок эмес. Улам кийинки муун бизден да таза, күчтүү, билимдүү болсо экен деп өзүм көз салып, ичимден ыраазы болуп жүргөн жигиттер бар. Кудай буюрса, алар менен кийинки шайлоого бирге барабыз го деген ойдомун.

– Алдыда дагы кандай маанилүү иштерди бүтүрүүнү пландап жатасыз?
– Эң чоң максатым – мага табышмак болгон улуу кыргыз каганатынын качан, кантип курулуп, эмненин негизинде урап калганына жооп издөө, изилдөө. Азыр мунун үстүндө иштеп жатам. Адегенде даректүү тасма жаратып, андан соң көркөм чыгармага айландырайын деген ийги ниетим бар.

– Бир эле убакта саясатты, чыгармачылыкты, коомдук иштерди жана үй-бүлөнү бирдей тизгиндеп кетүү үчүн убакыт тартыштык кылбайбы?
– Өзүмдү өтө иштерманмын деп ойлобойм. 7-8 жылдан бери адатка айлантып алган табылгам бар. Ал – эртең менен жумушка эрте келүү. Балдарым үйдөн эртең менен саат 7:15те чыгышат. Унааны ары-бери айдатпайын деп алар менен чогуу чыгам. Ак үйгө 7 жарымда, элден биринчи келем. 9 жарымга чейинки убакыт менин гана убактым болот. Бул маал эң жемиштүү, уюлдук телефон да, иш телефон да тынчыңды албаган, эч ким тоскоол болбогон убакыт жана чыгармачылык иштеримди бүтүрүү үчүн жетиштүү.

– Маегиңизге рахмат!

"Монголиянын президенти Ц.Элбэгдорж менен. Кызматтык иш сапарлардын биринде".

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кыргыз каганаты тууралуу тасма тартуу ниетим бар" дейт Каныбек Иманалиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Patriot92
2014-09-29 16:57:20
Брат молодец туура ойлогонсун.кыргыз тарыхын.кыргыз каганатын мыкты денгеелде чагылдырып корсотуп берип койгун эле.Кыргыздын ким экенин билип коюшсун.бирок эгер Фильм тарта турган болсонуз дуйнолук деенгелде тартыш керек.как Спартак.Троя .Александр . Рим. Грек Перси согуштары.Чынгыз Хан .сыяктуу кылып
0
datkaaiym
2014-09-30 13:53:55
Азаматсыз !! бирок мага китебинизди берем деп койуп бербей койдунуз да анда сиз депутат боло элек болчусуз
0
Frunze1
2014-09-30 14:26:19
Биздикилер оздорун пиар кылганды оллооо жакшы корушот, башка жактарда эмгек жаратып анан суйунчулойт экен, биздикилер боло элек нерселерди суйунчулошот... Кыргыз Каганаты тууралуу изилдоолор жургузулуп эмгек жаралса жакшы саамалык болмок бирок депутаттар айтса анда кулуп кутулгула, депутаттар ушак менен казынаны тоноону гана катырат, башка ишке эби-жондому жок, тарых изилдоо бул жакта турсун...
0
ggvatua
2014-10-03 02:34:12
Урматтуу администрация!Убагында вице премьер министр болуп иштеп турган жана бир канча кызматтарда элге эмгеги синген Мира Жангарачева деген айым бар эле.Ошол айым тууралуу да макала жаза аласыздарбы?Сиздерден сураныч!
0
admin_superstan
2014-10-03 09:31:33
ggvatua, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз.
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан