Сулуулуктун эталону– МИЛЛА ЙОВОВИЧ

“Бешинчи элемент”, "Жанна Д'Арк” ошондой эле “Жин-шайтан каптаган жай” (“Обитель зла”) тасмасынын бардык үч бөлүгүнүн башкы каарманы болгон Милла Йовович учурда Голливуддун популярдуу жылдыздарынын катарында. Ал шоу дүйнөсүнө 11 жашында аралашып, алгачкы миллион долларын 15 жашында иштеп тапкан.

Толук аты жөнү – Милица (Милла) Наташа Йовович
Туулган жылы
– 1975-жыл, 17-декабрь
Туулган жери
–Украина, Киев шаары
Улуту
– Поляк
Хоббиси
– Скейтборд тебүү
Актриса, модель, ырчы жана кийим дизайнери
катары таанымал
Үй-бүлөлүү, бир кыздын энеси

МИЛЛАНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ – ҮЙ КЫЗМАТКЕРИ
Милла Йовович Киевде атактуу актриса Галина Логинова менен врач Борги Йововичтин үй-бүлөсүндө туулган. 5 жашында үй-бүлөсү менен Лондонго, андан кийин Калифорнияга көчүп барышат. Калифорнияда мурунку врач менен актриса жумуш таппай жүрүп, жөнөкөй үй кызматкерине айланышат. Алар үй-бүлөсү менен белгилүү кинорежиссёр Брайн де Пальманын вилласында кызмат өтөшчү. Ал АКШ­га келгенде Милица эмес, Милла болуп калган.
Ата-энесинин режиссёр Брайндын үй кызматкери болушу Милланын шоу-бизнеске келүүсүнө бирден-бир себеп болгон. Анткени режиссёр үйүндө түрдүү кечелерди уюштуруп турчу. Кечеде кызмат кылып жүргөн Милланын сулуулугуна “Prima” моделдик агенттигинин сүрөтчүсү суктанып, бир нече кадр тартып алат. Кийинчерээк ал сүрөттөрдү аталган моделдик агенттиктин менеджери Жефри Даш көрүп калып, кызды тез эле жумушка алууну туура көрөт. Ал кезде Милла 11 жашта гана болчу.

КАРЬЕРАСЫН ЭРОТИКАДАН БАШТАГАН
Йововичтин жашыл көгүш түстөгү көзүнөн чачыраган нур бардык адамды өзүнө тарта алган. Белгилүү журналдарда, фотосессия­ларда жаңы өзгөчөлөнгөн жүз пайда болуп, эл арасында “ал ким, кайдагы татынакай кыз?” деген суроолор жаралат. Тез аранын ичинде атактуу моделге айланган Милланы көпчүлүк “балакатка жете электе атактуулукту багынткан модель” деп коюшат.
Белгилүү моделге айланганы анын актриса болуусуна шарт түзөт. Миллага тасмага тартылуу боюнча көптөгөн сунуштар түшө баштайт. Ошентип, анын дебюту 13 жашында “Эки айдын кошулушу” деп аталган эротикалык мелодрама болгон. Мындан көп өтпөй ал жарым жылаңачтанып “Көгүлтүр көлгө кайтуу” тасмасына тартылат. Албетте, мындай тасмадагы ролу үчүн чоң суммадагы акча төлөнгөн. Ошентип, Йовович 15 жашында эле таанылып, миллион доллар иштеп тапкан.

АТАСЫ 20 ЖЫЛГА АБАККА КЕСИЛГЕН
Атактуулукка жеткенден кийин үй кызматкери болуп иштеген ата-энесин да жакшы турмушка сууруп чыгат. Атасы кайрадан өз кесиби менен “Тез жардамда” иштей баштайт. Бирок атасынын тагдыры аянычтуу аяктайт. “Тез жардамда” кызмат өтөгөн бир топ дарыгерлерге, анын ичинде Милланын атасына да кылмыш иши козголуп, атасы 20 жылга кесилип кетет.

ИЧИП, ЧЕГИП, БАҢГИЗАТ КОЛДОНГОН
Эч кандай акча, күчтүү адвокат атактуу актрисанын атасын абактан чыгарууга жардам бере албады. “Милла ошондо мындай күйүткө чыдабай өзүн таштап, ичип, чегип, баңгизатын да колдонуп кеткен” деген маалыматтар бар.
Мына ушундай оор абалда куткаруучу болуп 21 жаштагы актёр Шон Эндрюс чыга келет. Шондун актрисага болгон сүйүүсү күчтүү болгондуктанбы, айтор, ал соолуп бараткан гүлгө суу куюп, аны жанданта алган. Ошентип, Милла ага 17 жашында турмушка чыгат. Тилекке каршы, экөөнүн үйлөнгөнүнөн ажырашканы тез болот. Экөө жөн гана урушуп-талашпастан, бири-бирин сүйбөстүгүн билдирип, эки айрылыш жолго түшүшөт. Йовович баарын кайрадан баштайт. Жаңы тасма, жаңы жашоо...

ЛЮК БЕССОН МЕНЕН ДА ЖАШАГАН
1996-жылы “Бешинчи элемент” тасмасына тартылып жүрүп, режиссёр Люк Бессон менен мамиле куруп кетет. Сулууну колдон чыгарбай, Люк анын жубайы болуусун суранат. Экөө үч жыл бирге жашап, анан ажырашып кетишет. Ажырашуусунун башкы себеби бул ирет да сүйүүсүз турмуш курганы эле. Бүгүнкү күндө андай эмес. Ал өз сүйүүсүн таап, бактылуу айымдардын катарында. Быйыл 2002-жылдан бери жарандык никеде жашап келген Пол Андерсон менен мамилесин мыйзамдаштырды. Экөөнүн ортосунда эки жаштагы Эвер Гово аттуу кичинекей кызы бар.

КОШУМЧАЛАЙ КЕТСЕК...

  • Милла орус тилин суудай сүйлөйт, мындан башка француз, англис жана серб тилин жакшы билет.
  • Дүйнөдөгү эң популярдуу делген жүздөн ашуун түстүү журналдардын биринчи бетине сүрөткө түшкөн.
  • “L'Oreal” фирмасынын жүзү болуп саналат. Бул үчүн келишим боюнча (2004-жылдан бери) аталган компания Миллага жылына 10,5 миллион доллар төлөп келет.
  • Түнкү клубга барып эс алууну жактырат.
  • Кызы боюнда кезинде 40 киллограммга чейин толгон. Төрөгөндөн кийин тез эле өз калыбына келип алган.
  • Чыгыш күрөштөрү: у-шу, кунг-фу, таэквондо менен машыгат. Ошол себептен тасмадагы мушташуу ыкмаларын оңой аткара алат.
  • Милла Кармен Хоук аттуу курбу кызы менен түрдүү кийимдердин дизайнын ойлоп таап, кийим чыгарышат.
  • Учурда Вентворт Миллеро менен “Жин шайтан каптаган жай-4” тасмасына тартылып жатат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Sen
2009-11-17 13:38:13
мага Миланын коздору жагат,алар аябай сулуу жана сырдуу...
0
Tendik
2010-01-13 14:48:45
Славян уругунан болгону да
0
chika
2010-09-27 16:17:51
Милла аткарган бардык фильмдерди калтырбай коруп чыккым келет.Анткени ал "дерзко" аткарат го...
0
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан