КЫРГЫЗСТАН КЫШКА ДАЯРБЫ?

Быйылкы кыш оор болот. Мына ушундай сөзү менен элди дүрбөткөн өкмөт кургакчылыктын айынан өлкөбүздө электр энергиясын колдонууга чектөө киргизүүнү пландоодо. Мындан улам көмүргө болгон баа өсө баштады. Ага улай элетте тоюттун да наркы көтөрүлүп, кыскасы, кыштан кантип чыгар экенбиз деген суроолор эл ичинде кызуу талкууда.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯ ҮНӨМДӨЛБӨСӨ, ТОКТОГУЛ ГЭСИ ИШТЕН ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН
Үстүбүздөгү жыл кургакчылыгы менен элдин эсинде көпкө сактала турган болуп калды. Толук кандуу суу ичпей калган чөп-чар, дан эгин, жашылча-жемиштердин түшүмү аз. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү болгону 11,9 миллиард метр кубду түзүүдө. Эгер былтыркы кыштагыдай электр энергиясын тынымсыз колдонсок, анда жыл соңуна чейин суунун көлөмү 5,5 миллиард метр кубга түшүп, Токтогул ГЭСинин иши токтошу мүмкүн. Мындай абалга жеткирбөө үчүн башкы энергетик Осмонбек Артыкбаев жер-жерлерде электр энергиясына чектөө киргизип, лимиттен ашып кеткендерди жарыксыз калтыруу керек деп эсептейт. Ага улай үч фазалуу абоненттерди кышкысын жазга чейин бир фазага өткөрүү иши да уланууда. Жогорудагы электр таңсыктыгын жоюу үчүн электр жарыгын күнүгө 15 саатка чейин өчүрүү каралууда.
Антип-минтип этекти жыйгыча эле өлкөдө жылытуу мезгили башталат. Мурдун балта кеспеген биздин өкмөт эми гана ойгонуп, өлкөнүн түндүгүн арзан газ менен камсыздоо жана газы жок отурган Ош шаарын баллондогу көгүлтүр отко өткөрүү боюнча аракет кыла баштады. Ошол эле Ошто борбордук жылытуу системине туташпаган көп кабаттуу үйлөр да бар. Аларды өкмөт октябрдын соңуна чейин туташтырууга жетишеби же тургундар ызгаардуу кышта муздак бөлмөдө үшүп жашайбы, белгисиз. Ал эми карапайым калк азыртадан отун-суусун белендеп, кышка камылга көрүп жаткан чагы.

«КӨМҮР ДА КЫМБАТ»
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл өлкөдө 615тен ашык көмүр сатуучу базалар уюштурулуп, калкты отун менен камсыздоо каралган. Бирок ага карабай көмүр сатуучу жайлардагы баалардын өскөнү байкалууда. Элдин кышка камылгасы кандай болуп жатканынан кабар алуу үчүн Бишкек шаарынын Алматы көчөсүнүн боюндагы көмүр сатуучу жайлардын бирине баш бактык. Көмүр алып жаткан кардарлардын бири Аман Сапарбеков: «Быйыл кышында маал-маалы менен жарык өчүрүлөт дегенди угуп, эртерээк көмүр камдап коёюн дедим. Жер үйдө жашайм, жаш балам бар. Чын эле кышында жарык жок болуп калса кантебиз? Жылда 20-30 мүшөк көмүр менен кыштан чыгып кетчү элем. Азыр акчамдын жетишинче 50 мүшөк алып жатам. Эгер жетпей калса, ошондо калганын көрөбүз го»,- дейт.
Ал эми бир нече жылдан бери көмүр сатуу менен алектенген Алмамбек Ибраев бул жыл кардарлардын көптүгү менен айырмаланып жатканын белгилейт. Ал: «Кышкысын электр энергиясы өчүрүлөт дегенден бери көмүр алуучулардын саны арбыды. Аны менен катар көмүр казып алуучулар көмүрдү казып алууга жетишпей жаткандыктан, бул жакта жетишсиз болуп баалар да өсүүдө. Кээде көмүр жок, бир нече күн отуруп калуудабыз. Өткөн жылы ушул күндөрү Кара-Кечеден ташылып келинген көмүрдүн тоннасын дүңүнөн 2800-2900 сомдон алсак, азыр ал жактан мамлекет коюп берген баада тоннасын 1300 сомдон алышып, Бишкекке келгенде 3700-3800 сомдон айланууда. Биз болсо минтип майдасы менен кесектерин өз-өзүнчө бөлүп алып мүшөктөп сатабыз. Былтыр ушул маалда бир кабын 160-180 сомдон сатсак, быйыл 220 сомго чыкты. Эми дагы 250 сомго чейин кымбаттачудай болуп турат»,- дейт.


Энергетика жана өнөр жай министри ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВДИН 18-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында берген маалыматына таянсак
:
1 тонна көмүрдүн баасы Чүйдө 1500 сомдон 4000 сомго чейин, Нарында 1200 сомдон 4000 сомго чейин сатылууда. Таласта болсо 4200 сомдон 5000 сомго чейин жетсе, Ысык-Көлдө 3600-5500 сомго барууда. Жалал-Абадда 3200 сомдон 6000 сомго чейин, Бишкекте 3200 сомдон 3600 сомго чейин болсо, Ош шаарында
2900 сомдон 6000 сомго чыккан. Ал эми эң кымбат көмүр Баткенде 3000 сомдон 9500 сомго чейин сатылууда.

АРАМ ӨЛГҮЧӨ АРЗАН БОЛСО ДА АКЧА БОЛУП КАЛСЫН
Өткөн жылдары тоют жетишпей, малдын кырылганы эсинде калган эл быйыл чөп тартыш болорун угуп, ашыкча малын бөөдө арам өлбөсүн деп сатып жатышат. Мындан улам базардагы малдын баасы да төмөндөп жатат. Алсак, түштүктө койдун баасы 1500-2000 сомго чейин түшсө, өлкөнүн түндүгүндө чөп кененирээк болгондуктан, малдын баасы 1000 сомго арзандаган. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен маалымдагандай, 19-сентябрга карата өлкө боюнча тоюттун 25,1 пайызы гана камдалган. Ошондой эле аймактардын ичинен Ош жана Ысык-Көлдө гана тоют жетиштүү жыйналган. Ал эми калган аймактарда тоют камдоо иши уланууда. Былтыр ушул маалда чөптүн бир түгү болгону 110 сомду түзсө, быйыл анын баасы бир топ кымбат. Алсак, учурда өлкө боюнча 1 түк чөпкө болгон баанын эң төмөнкү наркы 150 сом, ал эми эң жогорку наркы 250 сом болууда. Аны менен катар самандын бир түгү 80 сомдон 220 сомго чейин бааланып жатат.

«Супердин» сурак бурчу
КЫШКА КАНТИП ДАЯРДАНУУДАСЫЗ?

Абдишарип Бекилов, Ош облусу:
– Өкмөт газ болбойт, бирок электр энергиясы өчпөйт деп жатат. Эгер өчүп калса, анда көп кабаттуу үйдөгүлөр сырттагы ашканага казан асып тамак бышырабыз да. Ал эми үйүбүз борбордук жылытуу системине туташтырылгандыктан, кыштан жылуу чыгабыз.

Расул Салайдинов, Нарын облусу:
– Жарык өчөт деп жатышат. Бирок ага маани деле берген жокмун. Кыштын күнү баары бир көмүр жагабыз. Кышында болгону телевизор менен лампага гана ток керек болот. Ал эми чөп жетиштүү. Көңдү чаап алдык. Эми көмүр саткандар келсе, аны да камдап коёбуз. Буюрса, кышка даярбыз.

Замира Молдокматова, Чүй облусу:
– Свет өчөт деп жыл сайын эле айтышканы менен көп деле өчүрбөйт го. Ага карабай көмүрдү камдап койдук. Жыл кургакчыл болуп жетиштүү көлөмдө чөп жыйнай албай калгандар болууда. Биз малга жеткидей чөп жыйнап алдык.

Адилет Салимбай уулу, Баткен облусу:
– Көмүр кымбаттайт дегенинен эртелеп 2 тонна алып койдук. Биз жакта Сүлүктүнүн көмүрүнүн тоннасы азыр 7-8 миң сом болуп жатат. Күн сууктаса 15 000 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Жыл кургакчыл болуп, малга тоют аз. Кышка азырынча жарым-жартылай даярбыз.

Советкан Кененбаева, Ысык-Көл облусу:
– Сууга бай келген Кыргызстанда свет өчөт деген уят нерсе. Мындай абалга бийлик алып келип жатса айла жок, айласын тапканга аракет кылабыз да. Биз жакта кыш эрте түшүп, кар калың жаайт. Андыктан жыл сайын отун-сууну эрте эле камдап алабыз.

Камчыбек Камбаров, Жалал-Абад облусу:
– Үй жылытууга көмүрдөн өткөн жакшы отун жок. Үйүң жылуу, тамагың бышат. Кышка кенен жеткидей көмүр алып койгом. Быйыл кургакчылык болгондуктан чөптү жайында эле камдап койгонбуз. Ал эми кээ бир малы көптөр жарымын сатышууда.

Байдөөлөт Усупбеков, Талас облусу:
– Быйыл төө буурчактын түшүмү жана чөп аз. Андыктан кошумча дагы чөп сатып алуу керек. Көң бар дечи, бирок көмүр ала элекпиз. Быйыл анысы дагы кымбаттаса керек. Свет көп өчсө от жагып чыгабыз го, башка айла жок.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
danik0101
2014-09-29 10:54:12
Кышында оз мекениме барып эс алып келейин деп жаттым, эми болсо бул макаланы окуп алып барбай эле чет олкодо журо берсемби деп калдым. Бийликти жамандабагыла алар да кантсин бечаралар колдорунан келгенин жеп ичип жатышат.
0
Aksy-13
2014-10-02 00:05:55
ошондо свет точно очобу кышында очсо канча саат? Менин алдейим бар кандай болот кыш деп ойлонуп журом, бала менен кыйналсам керек деп светти очурбой эле койгулачы чондор...
0
Manasemetei
2014-10-06 03:17:23
kywynda rossiiada ele jajwy.jumuwtan kelsen kvartiran jyluuu.
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан