Сахнада жүргөнүнө 25 жыл болгонун белгилеп, борбордо үч күн концерт берген Бек Борбиевдин тегерегинде болуп жаткан талкуулар токточудай эмес. «Качып кеткен президент Бакиевди туулган күнү менен куттуктап Бек Борбиев Минскиге барып ырдап келди» деген маалымат дуу дей эле түштү. Ал тургай «наамдарынан ажыратылсын, концерти токтотулсун» деп акция уюштургандар да болууда. Ырчы өзү бул тууралуу эмне дейт, кеп башын ушул суроого жооп алуу менен баштайлы.
– Сизди Беларуска барып, Бакиевдин алдында ырдап келиптир деп жатышат, өзүңүз эмне дейсиз?
– Бул боюнча интернеттеги баракчама оюмду билдиргем. Өнөр адамдары угарманын, көрөрманын тандабайт. Чымындан пил жасап жиберишти. Акаевдин да, Бакиевдин да, Атамбаевдин да алдында ырдап келгем. Муну бардык адамдар туура түшүнүшү керек.
– Шоу-бизнести саясатка аралаштырып жиберишти деп ойлойсузбу?
– Негизи, бул ишке кызыкдар болгондор бар. Мени жаманатты кылуу ниетинде аракеттер жүрүп жатат окшойт, аларга деле капачылыгым жок. Алар өздөрүнүн ишин кылып жатышат. Менин жолум чыгармачылык, ага андай нерселер тоскоол болбойт, тескерисинче күчөтөт, чыйралтат. «Айкөл Ала-Тоо» коомунун жигиттери да сыналгыдан чыгып, мага каршы сүйлөштү. Окко учкан 90 баланын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун дейм. Айтарым, бийлик алмашканда 90 эмес, бир адамдын да каны төгүлбөш керек. Кандай кресло болбосун бир адамдын канына татыбайт. Ошончо адам шейит кетти, кана, бир нерсебиз өзгөрдүбү? Бардыгы ошол эле бойдон. Ок аткандар да, окко айдап барып салып бергендер да жоопко тартылышы кажет. Ошондо 90 адамдын арбагы жай алат. Жоопко тарта турган мен эмес, мамлекет бар, мыйзам бар. Мени кечирим сурасын деп жатышат. Мен кечирим сурагандан эч нерсе өзгөрбөйт. Мен өнөрүм үчүн, чыгармачылыгым үчүн кечирим сураймынбы?
– Концерт болуп жатканда да сыртта митингчилер турушту. Филармониянын терезелерин талкалаганга чейин барышыптыр, наамынан ажыратылсын деп да жатышат...
– Мен наамга байланган адам эмесмин, алып сала беришсин. Филармонияга концерт бербесин дешет, эгер өкмөт наамымды алабыз, концерт койбосун дей турган болсо, концерт койбой эле башка иштер менен алектене алам. Ошондон Кыргызстан оңоло турган болсо, коңшу өлкөгө барып деле оокатымды кылып турам.
– Эми кепти чыгармачылыгыңызга буралы, концертиңиз кандай өттү?
– 25 жылдык отчёттук концертимди берейин деген ойду бир жылдан бери ичимде бышырып келдим. Ырларымды аткарган таланттуулар арасында сынак уюштуруп, баш байгени бизден «Добулбас» тобу, Казакстандан келген Нурболот Абдулин алышты. Сынакты уюштуруудагы максатым – таланты барларга стимул берүү, чоң сахнага чыга албай жүргөндөрдү чыгаруу, Ата Мекен, сүйүү туурасындагы ырларыбызды даңазалоо, анан, албетте, ыр күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулоо.
– Ушундай чоң концерттерди уюштуруу сизге пайда алып келеби?
– 100дөй бийчилерибиз жүрөт, сырттан келген конокторубуз бар, аларды коноктойбуз. Аппаратура, залдын арендасы деген сыяктуу чыгымдарыбыз бар. Концерттен мен эч кандай пайда көрбөйм. Кеткен чыгымдар өзүн жапса – бул жагымдуу жаңылык.
– Кичинеңизде өзүңүздү ушундай адам болом, бийик деңгээлге жетем дечү белеңиз?
– Кичине кезимде ырчы болсом деп кыялданчу эмесмин. Өзүмдүн теңтуштарым сыяктуу эле курсагым ток болсо, ойноп жүрө берчүмүн. 7-класста болсо керек, түш көргөм. Эсимде, түшүмдө стадион сыяктуу ачык асман алдында ырдап жатыптырмын. Айланамдын баары ар түрдүү жарыктар, эл мага кошулуп ырдашты. Ал кезде стадиондо концерт берүү деген болчу эмес. Апама айтсам, «койчу, балам, капкаяктагыны айтпай, концерт деген маданият үйлөрүндө болот» деп койгон.
– Жаңы чыгып келе жаткан кыздар менен көп иштешчү элеңиз. Мисалы, Асел Турдалиева, Назми, Мая, Нуриса Абазова. Азыр кыздар менен иштешүү оюңузда жокпу?
– Кыргыз кайрыгын сүйгөндөрдүн көңүлүнө төп келе турган таланттуу кыздарды карап жүрөм. Үнү башкаларга окшобосо дейм. Жакшы дуэттерди жаздыруу оюмда бар.
– Киного тартылып актёрлук жүктү жон териңиз менен сезип көрдүңүз, сизден кандай актёр чыкчудай?
– Менден начар актёр чыгат. Бул жаатта билим албагандан кийин режиссёр айткан нерселерди аткаруу, күлүү, кайгыруу оңой эмес экен. Сценарийин өзүмө ылайыктап жазып алып эле кино тартпасам, актёр боло албайт окшойм.
– «Мен сүйгөн карагат» тасмасы чыгымдарын актадыбы, экинчиси тартылат деп жаттыңыздар эле?
– Экинчисин тарталы деп ойлогонбуз. Бирок чыгынбай жүрөбүз. Убакыт өткөн сайын ал кино өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бара жатат. Тартылат, тартылбайт деп так жооп айта албайм. Убагында көп көрүүчү чогулткан кинолордун катарында болду. Чынында, бул режиссёр Руслан (ред. Машрапов) экөөбүздүн биринчи кинобуз болчу. Тажрыйбанын жоктугунан көп каражат жумшап алыптырбыз. Кийин ойлоп көрсөк, биз короткон акчадан 4-5 эсе аз каражатка деле бүтмөк экен. Ошентсе да өзүн-өзү актады.
– Акыркы учурда Орусияга, анан түштүккө көп гастролдоп жатасыз. Калган аймакты качан кыдырасыз?
– Айыл жергесине көп барбай жүрөбүз, аны моюнга алышыбыз керек. Жыйырма жыл мурункудай азыр айылдык клубдарда шарт жок. Түндүккө, түштүккө деп бөлүп барбайм. Чоң-чоң шаарларга коюп эле келе жатабыз. 25 жылдыктын шарапаты менен бардык шаарларды кыдырабыз деген планда турам.
– «Мен сени сагынган бойдон жүрөм» деген ырыңыз мага жакты. Ыр жөн жерден жаралбайт эмеспи, кимди сагынып жүрөсүз?
– Ырдын текстинин автору Бактыгүл Чотурова. Концерт туурасында эже менен сүйлөшүп отурсам, «менин деле ырларымды карап көрбөйсүңбү, мүмкүн, обондуу жакшы ыр жаралат» деп китебин берди. Үйгө келип барактап калдым. Ачканда эле ушул ыр туш келди, көңүлүмө жакты. Бирөөнү сагынып жүрүп анан жаралды десем өзүмдү да, силерди да алдаган болом. Ошол күнү обон жараттым, эртеси аранжировкачы балдар иштеп чыгышты, үчүнчү күнү үнүмдү түшүрдүм. Ошентип үч күндө жаралган ыр болду.
– Качан клип тартасыз?
– Менде ушундай оору бар, ырды жаратып коюп клип тартпай жүрө берем. Кыргызстанга турне кылардын алдында «Биздин тагдыр ушундай», «Мен сени сагынган бойдон жүрөм» деген эки ырга клип тартайын деп жатам.
– Небереңиз туурасында айтып берсеңиз, чоңоюп калгандыр?
– Ооба, неберем Жозефина чоңоюп калды. Жозефина Наполеондун сүйгөнү болгон эмеспи. Неберем төрөлгөндө кызым менен күйөө балам Францияда жашашчу, ошол өлкөдөгү белгилүү аттардын бири экен. Францияда жашаганыбыздан эстелик болсун деп ушул атты өздөрү коюшкан. Аны да мага байланыштырып, «Бек өзүнүн ысымына окшоштуруп небересине да капкаяктагы атты койду» дей беришет. Жакында экинчи жээн неберелүү болдум. Атын чоң атасы шарияттан алып Кадича койду. Алар азыр Бишкекте, чет мамлекетке кетпей турган болушту, үйгө бат-баттан келип турушат.
– Бектин атасы кийин башка аялга үйлөнгөн, эки карындашы бар дешет, ошондойбу?
– Туура, атамдын кийинки жубайынан эки карындашым бар. Бирөөнү турмушка узатканбыз. Экинчиси студент, менин колумда.
– Бир топ суроолорго жооп алдык. Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгилик.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg