23-сентябрь күнү Ош облусунда Жогорку Кеңештин депутаттары менен бейөкмөт уюмдарынын ортосунда провокация жыттанган окуя орун алды. Алдын ала план боюнча коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын жетекчилигинен өкүлдөр, депутаттар, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү коопсуздук маселе боюнча тегерек столго чогулушкан. Бирок иш-чара чү дегенде эле башка өңүткө кетип, уюштуруучулар чогулгандарга өзбек улутундагы эркек киши аялынын 2010-жылы кандайча зордукталганын айтып бергени тууралуу видеобаянды көрсөтүп башташкан. Тегерек столдун катышуучулары видеобаянды аягына чейин көрсөтпөй токтотушуп, бул иш-чараны уюштуруучулардын провокациясы катары баалап, «дагы бир согушту баштагыңар келип жатабы?» деп иш-чарага катышуудан баш тартып, залдан чыгып кетишкен.
Тегерек столго конок катары чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов: «Биз 2010-жылдагы окуяны эмес, гендердик саясатты талкуулашыбыз керек болчу. Күтүүсүздөн эле видео көрсөтүлө баштады. Нааразычылыктар орун алып, тасманы токтоттурдук»,- деди. Депутат өткөн жараны ырбатып, чагымчылдыкка баруунун кереги жок экенин айтып, тасманы көрсөтүү бейөкмөт уюмдары тарабынан уюштурулганын билдирди. Ал эми уюштуруучулар тасма аялдардын укугун коргоо максатында гана көрсөтүлгөнүн айтышууда. Аталган тегерек столду БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү уюштурушкан.
Наргиза Бекжанова,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg