Улуу Британиянын Юстиция министри Максим Бакиевди экстрадициялоо маселесин талкуулоо үчүн ушул жылдын октябрь айында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Улуу Британиянын парламент депутаттары Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен болгон жолугушуу учурунда билдиришти.
Британиялык депутат Жон Мэнн «биздин өлкөнүн соттук системи саясаттан көз карандысыз. Бул демократиянын башкы принциби болуп саналат. Депутаттар соттук иштерге кийлигише алышпайт. Далилдер көрсөтүлүшү керек, андан кийин гана соттук систем карап чыгат»,- деди.
Наргиза Бекжанова,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg